Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:28

Пентагон Путиндин өзөктүк курал жөнүндө билдирүүсүнө жооп кайтарды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Пентагон Орусиянын президенти Владимир Путиндин өзөктүк куралды өнүктүрүү тууралуу маалыматы "таң калычтуу" болбогонун билдирди. "Америкалыктар кооптонбой эле койсо болот. Биз толугу менен даярбыз", – деди Пентагондун өкүлү Дана Вайт.

Ал АКШнын Европадагы ракетага каршы коргонуу системасы Орусияга эмес, Иран жана Түндүк Корея тараптан келе турган коркунучтарга багытталганын кошумчалады.

Мамлекеттик департаменттин өкүлү Хезер Нойерт Орусияны "эл аралык макулдашууларды бузуп жатат" деп айыптады.

Бейшембиде Орусиянын президенти Владимир Путин Федералдык Кеңеште сөз сүйлөдү. Конституцияга ылайык, мамлекет башчы жыл сайын орусиялыктарга кайрылышы керек.

Путин убактысынын дээрлик жарымын жаңы куралдануу системасы тууралуу айтып берүүгө арнады. Алардын баары өзөктүк дүрмөт алып жүрө алат.

Владимир Путиндин айтымында, АКШнын ракетага каршы коргонуу мүмкүнчүлүктөрү Орусияны жаңы курал иштеп чыгууга мажбурлаган.

Орусиянын президенти ачыкка чыгарган куралдардын айрымдары биринчи жолу көрсөтүлдү.

XS
SM
MD
LG