Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:32

Меркел менен Трамп Путиндин сөздөрүнө тынчсызданат


Владимир Путин.
Владимир Путин.

Германиянын канцлери Ангела Меркел менен АКШнын президенти Доналд Трамп орус мамлекет башчысынын билдирүүсүнө байланыштуу кабатырлыгын билдиришти.

1-мартта Федерация Кеңешиндеги кайрылуусунда Владимир Путин Орусия жаңы өзөктүк куралга ээ болгонун, айрымдары дүйнөнүн каалаган жерине жетип, АКШнын ракетага каршы системасын буйтап өтө алаарын айткан. Меркел менен Трамп бул кадам “эл аралык коомчулуктун курал-жаракты көзөмөлдөө аракеттерине” терс таасир тийгизээрин белгилешти. Бул тууралуу Германиянын өкмөтү 2-мартта тараткан билдирүүдө айтылат.

Путиндин сөздөрүнө жооп кайтарып Ак үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерс Орусия эл аралык келишимдерди бузуп, туруктуулукка каршы келе турган курал системаларынын үстүндө иштеп келгенин билдирди.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков болсо "Москва курал-жаракты көзөмөлдөө боюнча эл аралык макулдашууларды бузуп жатат" деген сынды четке какты.

Песков ошондой эле "президенттин сөздөрү Орусиянын изоляциясын күчөтпөйт жана жаңы жарыша куралданууга алып келбейт" деди.

XS
SM
MD
LG