Санкция күчүнө кирсе, орусиялык беш жарандын, Украина чыгышындагы 14 жикчилдин жана тогуз ишкананын (анын бири Орусияга караштуу) мүлкү камакка алынып, алардын уюмга мүчө өлкөлөргө каттоосуна тыюу салынат.
Украина чатагына байланыштуу Евробиримдик жана АКШ буга чейин да орусиялык бир катар жарандарга, ишканаларга жана москвачыл жикчилдерге каршы санкция жарыялаган. Ушу күндө Евробиримдиктин мындай тизмесине 132 инсан жана 28 ишкана кирет.
Жаңы санкцияны киргизүүгө 24-январда Украинанын түштүк чыгышындагы Мариупол шаарындагы чабуул түрткү берди. Бул канды булоондо 30дай жаран жайран болгон.
Евробиримдиктин тышкы иштер кеңешинен соң уюмдун мүчөлөрү арасында Орусияга ишенип болбойт, ошондуктан жаңы санкцияны 16-февралга чейин токтотуунун кажети жок дегендер да болгон. Бул тууралуу Словакиянын тышкы иштер министри Мирослав Лайчак билдирди:
- Кээ бир өлкөлөр "Орусияга ишенүүгө негиз жок, алар бизге түрдүү жолдор менен калп айткандыктан, эмне үчүн ар кандай чечимди кийинкиге калтыруу керек" деген көз карашта. Бул санкция Мариуполду бомбалоого реакция, мурда болгон окуяга жооп, болочокто болчу окуяга байланышы жок деген пикирлер айтылды.
9-февралда Франциянын тышкы иштер министри Лоран Фабиус Брюсселде билдиргендей, жаңы санкция Украина чыгышындагы кырдаалга жараша колдонулат. Башкача айтканда, украин кризисин жөндөө боюнча 11-февралга мерчемделген Минск сүйлөшүүсүн дипломатиялык жактан колдоо максатында аны колдонуу кийинкиге калды.
- Биз шаршемби күнү Минскиде Нормандия форматындагы жыйын болот деген үмүттөбүз. Украин президентин, Орусия президентин, Германия канцлерин жана Франция президентин ушуга чакырабыз. Анда кырдаалды деэскалациялоо жана тынчтыкты талкуулайбыз, бирок натыйжа чыгарына толук ишенбейбиз. Биз акыл калчап турушубуз керек.
Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайердин айтымында, дагы бир топ иштер бүткөнчө, Франция, Германия, Украина жана Орусия лидерлери Минскиде жолугат деп так айтуу мүмкүн эмес.
Кремлдин эскертишинче, Путин Украина боюнча эч кандай ультиматумга көнбөйт.
Евробиримдиктин тышкы иштер министрлеринин Брюсселдеги жыйыны уюм мүчөлөрү арасында Украин армиясын курал менен камсыздоодо орток пикир жок экенин да көрсөттү. Швециянын тышкы иштер министри Маргот Вальстремдин айтымында, маселе Киевди куралдандырууда эмес, башка жолду табууда болду.
- Сүйлөшүүдөгү европалык жол - курал менен жооп берүү жана эскалация эмес, биз кандай жолду таба аларыбызды чындап карап көрүү. Украинадагы азыркы гуманитардык жагдайды эске алуу менен, биз анын туура багытта өнүгүшүн тилешибиз абзел. Бул Чыгыш Украинада башка өлүм жана жапа чеккендер болгондон көрө саясий чечимди табалы деген аракет.
АКШ Мамкатчысы Жон Керри 8-февралдагы сөзүндө Украинадагы чатакты жөндөөдө Вашингтон-Евробиримдик ортосунда эч кандай ажырым жоктугун, АКШ жана Евробиримдиктин дипломаттары Украинадагы согуш аскерий күчкө таянып чечилбейт деген ишеничте экенин айткан. Ошондой эле кризисти жөнгө салуунун дипломаттык жолу узарган сайын Орусия жана анын “марионеткалары” же жикчилдер төлөчү баа өсө берет деп эскерткен.