Yч жарым саатка созулган жолугушуу үч мамлекет лидеринин катышуусунда жабык өттү. Жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу эч кандай маалымат берилген жок. Кечки тамак ичкенден кийин француз жана немис лидерлери өз мекенине аттанышты.
Президент Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песковдун айтканына караганда жолугушуунун жыйынтыгы 8-февралда Германия, Франция, Украина жана Орусиянын лидерлеринин телефон аркылуу сүйлөшүүсүнөн кийин маалым болот. Песков Москвадагы сүйлөшүүнү конструктивдүү деп атады.
Европанын эң ири эки өлкөсүнүн лидерлери бейшенбиде Киевде Украина чыгышындагы уруштарды токтотууну караган жаңы тынчтык планды талкуулашкан.
Киевден түшкөн маалыматтарда айтылгандай, Меркел менен Олланд жаңы сунуштарын өткөн түнү Киевде украин президенти Порошенко менен беш саат бою талкуулашкан. Бирок пландын чоо-жайы украин борборунда ачык айтылбады. Болгону президент Порошенко гана жаңы сунуштар өлкө чыгышында “тынчтык орношуна үмүт берип жатканын” белгиледи.
Украин президентинин администрация башчысынын орун басары Валерий Чалыйдын ырастоосунда, Киевдеги сүйлөшүүлөр “Путиндин планына” негизделген жок. Анда, буга чейин жетишилген Минск тынчтык келишимдерин өнүктүрүү багытында “толугу менан жаңы сунуштар иштелип чыкты”. Украинанын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Евгений Перебейностун жергиликтүү 5-каналда айтканына караганда, Меркел жана Олланддын планы Минск макулдашууларына негизделген, бирок “Донбассты белгилүү бир деңгээлде децентрализация кылууну карайт”.
Киев үчүн буга чейинки Минск келишиминин шарттары маанилүүлүгүнө Олланд жана Меркел менен жолугушууда президент Порошенко да токтолду:
- Минск планы абдан эле жөнөкөй: ок атышууну тезинен токтотуу, барымтадагылардын баарын бошотуу, Украинанын эл аралык жактан таанылган чек араларын жабуу, өлкөдөн чет элдик аскерлердин баарын чыгарып кетүү, шайлоону саясий жактан тескөө боюнча маанилүү жараянды ишке киргизүү, Донецк менен Лугансктын аймагында муниципилдык шайлоону Украинанын мыйзамдарына ылайык өткөрүү.
Ал эми украин премьер-министри Арсений Яценюк кечээ кечинде АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри менен жолуккандан кийин Киев өлкөнүн “аймактык бүтүндүгүнө, суверенитетине, көз карандысыздыгына шек келтирген тынчтык планды кабыл албасын” билдирген. Москвадагы сүйлөшүүлөрдүн алкагында Олланд менен Меркел Путинге Украина НАТОго кабыл алынбайт деген убада бериши мүмкүндүгү айтылууда.
Меркел Берлинден жөнөп жатып Москвадагы бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында эле Украина чыгышында тынчтык орношунан күмөн санаганын билдирди. Дагы сүйлөшүүлөр талап кылынабы же жокпу, бул маселе азырынча ачык экенине токтолду.
Путиндин планы
Буга чейин Москва билдиргендей, Киев да ырастагандай, Путин 15-январда украин президентине кат жолдоп, жикчилдер менен өкмөттүк күчтөр ортосунда жаңы ажырым тилкесин белгилөөнү сунуш кылган. Башкача айтканда, ажырым тилкесинде жикчилдер жарыялаган “Донецк, Луганск элдик республикаларынын” күчтөрү соңку уруштарда ээлеп алган жаңы аймактарды эске алууну кыйыткан. Бирок Киев жикчилдер карамагындагы аймакты көбөйтүүчү бул сунушту кабыл алынгыс деп четке каккан болчу.
АКШ курал боюнча бир чечимге келе элек
Москвадагы бүгүнкү сүйлөшүүлөр алдында Киевге АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри келди. Анын визити Вашингтон Украинага курал бербөө боюнча саясатын кайра карашы мүмкүн деген маалыматтар айтылып жаткан учурга туш келди.
Керри Киевдеги сөзүндө Украинага курал берүү же бербөө маселеси али талкууланып жатканына, жообу жакын арада билинерине токтолду:
- Президент бардык варианттарды, анын ичинде Украинага коргонуу системаларын берүү мүмкүнчүлүгүн да караштырууда. Бул талкуулар уланып жатат. Мен президент чечимди жакынкы убакта кабыл алат деген ишенимдемин. Бирок ага чейин мени менен, Европада сүйлөшүүлөрдө жүргөн башкалар менен кеңешет.
АКШнын мамлекеттик катчысы ошондой эле Вашингтон да украин жаңжалы тынчтык жолу менен чечилишине кызыкдар экенин белгиледи:
- Биздин тандоо дипломатия, тынчтык жол менен жөнгө салуу. Бирок Орусия да өзүнүн тандоосун жасашы керек. Ал тандоо сөз менен гана айтылбастан, иш менен көргөзүлүүсү абзел. Дипломатиялык чечимди каалайбыз, бирок Орусиянын танктары чек арадан өтүп, Украинага кирип жатканда көз жуумп тура албайбыз.
Вашингтон буга чейин Украин армиясына түнкү көз айнектер, байланыш радиолору өңдүү адам өмүрүнө залал келтирбей турган жабдууларды гана берип келген.
Украин президенти Порошенконун буга чейинки сөздөрүнө караганда, армия жикчилдердин чабуулунун мизин кайтаруу үчүн куралга муктаж. Вашингтон администрациясы бул маселени ойлонуштуруп жатканы менен Конгрессте курал Украинага дароо жөнөтүлүшү керек деп эсептеген саясатчылар да жок эмес. Маселен, республикачыл сенатор Жон Маккейин эгер Обама администрациясы мындай кадамга барбаса, Украинага курал берүүнү талап кылган мыйзам даярдаларын айтып чыкты.
Бирок АКШнын Европадагы өнөктөштөрү, анын ичинде Германия Украинага курал берүүгө каршы. Москва эгер АКШ Киевге курал жөнөтсө, муну коопсуздук коркунучу катары кабыл аларын билдирди.
Дебальцеводогу “гуманитардык коридор”
Донецк облусунда украин өкмөттүк күчтөрү жана жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактын ортосундагы кууш жерде жайгашкан, курчоодо калган Дебальцевонун тургундары үчүн бүгүнкү “гуманитардык коридор” жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат 11ден кечки 17ге чейин деп макулдашылды.
Жарандарды ал жерден автобустар менен чыгарып кетип жатышат. Күбөлөрдүн айтымында, автобустардын жолунда атышуулар болгон жок.
Азыр Донецк облусунун чек араларын көздөй жылып, анын бүткүл аймагын көзөмөлдөөгө умтулуп жаткан жикчилдер менен өкмөттүк күчтөрдүн айыгышкан атышуулары дал ушул Дебальцевонун тегерегинде бир нече аптадан бери жүрүп келди.
Украин армиясы билдиргендей, алар акыркы 24 саат ичинде эки аскерин жоготту, 26сы жаракат алды.
Ал эми “Донецк элдик республикасынын” коргоо министринин орун басары Эдуард Басуриндин айтымында, акыркы бир суткада өкмөттүк күчтөрдүн ок атууларынан эки жай тургун өлүп, тогузу жаракат алган.
Украинанын чыгышында былтыр апрелден берки уруштарда 5350дөн ашуун адамдын өмүрү кыйылды. Уруш күчөгөн 10-январдан бери БУУнун эсебинде, 240тан ашуун жай тургун мерт болгон.