Орусияда либерал активисттер менен адам укугун коргоочулар бул мыйзамдар терроризмге каршы күрөшкө көмөктөшпөстөн, тескерисинче, “жарандардын укуктары менен эркиндиктерин” олуттуу түрдө чектерин белгилеп келишкен.
Орусиянын мыйзамдарына киргизилген жаңы өзгөртүүлөр терроризм жана экстремизм боюнча жарандарды 14 жаштан жоопко тартууга, массалык башалмандыктарга катышууга “ыктагандарды”, кылмыш иштери жөнүндө угуп-билип, бирок күч түзүмдөрүнө маалымат бербей койгондорду жазалоону карайт. Мындан сырткары жаңы мыйзам бийликтин байкоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, байланыш операторлорун өз кардарларынын телефон сүйлөшүүлөрүн, СМС жиберүүлөрүн жазып, алты айга чейин сактоого жана талап кылынган учурда Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматына бул маалыматтарды чечмелеп берүүнү милдеттендирет.
Мыйзам долбоор Думада каралганда депутат Дмитрий Гудков эмне себептен бул мыйзамдарга каршы чыкканын төмөнкүчө түшүндүрдү:
- Жаңы мыйзам биздин телефондогу сүйлөшүүлөрүбүздү, жеке жашообузга жана ишке байланыштуу СМСтерди, фотография жана видеолордун баарын жарым жылга чейин сактоого милдеттендирет. Адистер мындай чоң көлөмдөгү маалыматтарды сактоо жана иштетүү көптөгөн чыгымдарды талап кыларын айтууда. Албетте, ишкерлер бул чыгымдарды жабуу үчүн кызматтарын кымбаттатат. Биз, жөнөкөй адамдар, интернет жана мобилдик байланыш үчүн көбүрөөк акча төлөшүбүз керек болот. Качандыр бир бул биздин байланыштар тууралуу маалыматтар кимдир-бирөөлөрдүн колуна тийип калышы мүмкүн. Ушундай кооптуу мыйзамдар кабыл алынды...
Гудковтун белгилешинче, кабыл алынган мыйзамдардын терроризмге каршы эч кандай тиешеси жок. Байланыш операторлору болсо эми аларга жаңы милдеттер жүктөлүп жаткандыктан, мобилдик телефон кызматынын акысы кымбаттатууга аргасыз болушарын айтышууда
Кылмыш кодексине кирген жаңы мыйзамдарга ылайык, чет өлкөдө террордук чабуулдарды уюштуруу жана террордук актыларды каржылоо иштерине айыпталган орусиялыктар өмүр бою эркинен ажыратылат. Ал эми экстремисттик ишмердүүлүккө көмөк көрсөткөн жаран 15 жылга чейин камалат. Кылмыш иши жөнүндө кабарлабаган жаранды бир жылдык мөөнөткө чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.
“Жарандык көмөк” уюмунун жетекчиси Светлана Ганнушкина жарандарды кылмыш жазасына тартуу 14 жашка чейин түшүрүлгөнүн айтты:
- Мени 14 жаштагы балдардан баштап жоопко тартууга мүмкүнчүлүк берген пункт кооптондурууда. Биз балдарыбызды соттогону жатабыз. 14 жашта адам али кичинекей бала, ал дагы көп нерсени үйрөнүшү керек. Мен муну биздин өлкөдө адамдарды кантип соттоп саларын жакшы билгендиктен айтып жатам. Чеченстанда бир окуя болгон. Анда кичинекей баланы куралчан согушкерлер апасы менен карындашын үйгө алып калып, дүкөнгө керектүү азыктарды сатып келүүгө жөнөтүшкөн. Ал 18 жашка толо элек болгондуктан гана соттолуп кеткен эмес.
Дагы бир кооптуу пункт кандайдыр бир маалыматты ички иштер органдарына жетикирбегендиги үчүн жарандарды кылмыш жообуна тартуу менен байланыштуу. Биз мурунку советтик маалда адамдар бири-бири тууралуу маалыматты тиешелүү жактарга жеткирип турган мезгилге кайтып жатабыз...
Мурдатан террордук жана экстремисттик кылмыштар боюнча соттолгондорду орус жарандыгынан чыгаруу жана жарандардын чет өлкөлөргө барууларына чектөө сунушталып, бирок, мындай өзгөртүүлөр кабыл алынган эмес.
Ал арада бул мыйзамды артка кайтаруу боюнча кол топтоло баштаганын Slon басылмасы кабарлады. Орусиялык коомдук демилге сайтына чыккан петиция жума күнү алты миң адамдын колун топтой алды. Петицияга 100 миң адам кол койсо федералдык бийлик мыйзамды кайра кароого мажбур болот.