Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:04

Курил аралдарын кызганган акциялар


Москвадагы акция. 20-январь, 2019-жыл.
Москвадагы акция. 20-январь, 2019-жыл.

Орусиянын Москва баштаган бир катар шаарларында Курил аралдарын Жапонияга өткөрүп бербөөгө чакырган жүрүштөр өттү. Былтыр ноябрь айында эки тарап аралдар маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү тездетүүнү макулдашкан.

«Курил аралдарын бербейбиз!», «Курил - бул Орусия», «Түштүк Курилдерди берүү - мамлекеттик чыккынчылык»... Дал ушундай билдирүүлөр жазылган плакаттарды көтөрүп, ураан чакырган жүздөгөн москвалыктар жекшемби күнү Суворовская аянтына чогулушту.

Бийлик уруксат берген бул акцияны «Солчул фронт», «Аракет партиясы», «Башка Орусия», «Жаңы Орусия» сыяктуу солчул жана улутчул кыймылдар уюштурушту. Демилгечилер акцияга 2 миң киши келгенин айтышса, шаардык бийлик митингчилердин саны 500дү гана түзгөнүн билдирди.

Кантсе да чогулгандар бир ооздон орус бийлигин Сахалин облусуна жакын жайгашкан Курил аралдарынын бир бөлүгүн Жапонияга бербөөгө чакырып жатышты.

- Биз, орусиялыктар, мекенибизди эч качан сатпайбыз! Курилдер - Орусиянын жери! Кечээ биз Амур дарыясындагы эки аралды кытайларга берип койдук. Баренц деңизинин бир бөлүгүн норвегиялыктарга бердик. Бүгүн биз Курил аралдарын берип жатабыз. Эртең Крымды, бүрсүгүнү Сибирди, анан Москваны беребиз. Бизге мунун кереги жок, - деп билдирди «Эркин Орусия» кыймылынын башчысы Игорь Скурлатов.

Итуруп аралы.
Итуруп аралы.

Жапония менен Орусия Курил аралдарын - Итурупту, Шикотанды, Кунаширди жана Хабомаини - Дүйнөлүк экинчи согуштан бери талашып келатат.

Советтер Союзу согуштун соңун утурлай Курилдин түштүгүндөгү Жапонияга караштуу бул аралдарды ээлеп алган. Бул маселеден жаралган талаштан улам Москва менен Токионун ортосунда куралдуу кармаш токтогонун белгилеген тынчтык келишимине кол коюлбай калган.

Ноябрь айында орус президенти Владимир Путин менен жапон премьер-министри Синдзо Абэ 1956-жылкы эки тараптуу декларациянын негизинде сүйлөшүүлөрдү тездетүүнү макулдашкан. Ал декларацияда Советтер Союзу Курилдин калк аз байырлаган эки аралын - Шикотан жана Хабомаи деген аралчалар тобун Жапонияга берүүнү сунуш кылган.

Жекшембиде орус бийлигин мындай сүйлөшүүдөн баш тартууга чакырган акциялар Ыраакы Чыгыштагы Хабаровск шаарында, Находка порт-шаарында жана Калининградда да өттү. 19-январда Сахалиндин борбору Южно-Сахалинскте да 300дөй киши Курил аралдарын Жапонияга бербөөнү талап кылып акцияга чыгышкан.

Деген менен өткөн аптада орус тышкы иштер министри Сергей Лавров эки өлкөнүн позицияларын жакындаткан жылыштар болгонуна карабастан эки ортодо «олуттуу пикир келишпестик» бар экенин айткан.

- 1956-жылкы декларациянын негизинде ишти баштоо - Жапония сүйлөшүүнүн башында эле Дүйнөлүк экинчи согуштун жыйынтыгын толугу менен таанышы керек дегенди билдирет. Анын ичине Орусиянын Түштүк Курил аралдарына боюнча суверенитетин таануу да кирет, - деп билдирген Лавров 14-январда жапониялык кызматташы Таро Коно менен Москвада кездешкенден кийин.

Орус президенти Путин менен жапон премьери Абэ. Сингапур, 14-ноябрь, 2018-жыл.
Орус президенти Путин менен жапон премьери Абэ. Сингапур, 14-ноябрь, 2018-жыл.

Жапон тарап аралдар маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү «сабырдуулук менен уланта берерин» билдирип жатат. 7-январда жапон премьер-министри Синдзо Абэ Орусия менен арал талашты жөнгө салууга «ата-бабасынын мазарында убада бергенин» айтып, өзү январдын аягында Москвага барарын, быйыл бул маселеге чекит коюлаарын айткан.

Кремль маалымдагандай, орус президенти Путин жапон премьери менен Курил аралдарынын маселесин 22-январда талкуулаганы турат.

Стратегиялык жактан Курил аралдарына ээлик кылуу Орусиянын Владивостокто жайгашкан согуштук кемелерине жана суу алдында жүрүүчү кемелерине жылдын кайсы гана мезгили болбосун Тынч океанга тоскоолдуксуз чыгууга мүмкүнчүлүк берет. Себеби бул аралдардын айланасындагы деңиз суусу кышкысын тоңбойт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG