Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:21

Орус-жапон мамилесин сынаган Курил аралдары


Сахалиндеги Итуруп аралы.
Сахалиндеги Итуруп аралы.

73 жылдан бери талашта жүргөн Курил аралдары кайрадан Москва менен Токионун алакасын таталдаштыра баштады.

Жапония Курил аралдары үчүн Орусиядан компенсация талап кылуудан баш тартууга даяр. Токио аралдардан көчүрүлгөн жарандарга талап кылынган төлөмдөрдү да өзү көтөрөт. Курил аралдары Жапонияга анда жашаган орусиялыктардын макулдугу менен берилиши керек, жапон өкмөтү аларды көчүп кетүүгө мажбурлабайт. Мындай билдирүүлөр жапон басымаларында ушул жумада жарык көрө баштаган.

Буга кошумча 7-январда жапон премьер-министри Синдзо Абэ Орусия менен арал талашты жөнгө салууга «ата-бабасынын мазарында убада бергенин» айтып, өзү январдын аягында Москвага барарын, быйыл бул маселеге чекит коюлаарын билдирген. Ошондой эле NHK телеканалындагы маегинде ал аралдардын жашоочулары Жапониянын курамына кирүү-кирбөө маселесин өздөрү чечиши керек экенин айтып, жалпы элдик добуш берүү тууралуу сөз козгогон.

Синдзо Абе.
Синдзо Абе.

- Адамдар макул болмоюнча жер маселеси чечилбейт, - деген жапон өкмөт башчысы.

Курил аралдары тууралуу жапон бийлигинин мындай билдирүүлөрү Москваны териктирбей койгон жок. Орус бийлиги Токиодо айтылган сөздөрдү «абалды атайлап чыңалтып, экинчи тарапка өзүнө ылайыктуу чечимди таңуулоо» катары баалады.

9-январда Москвадагы жапон элчиси Тоёхиса Кодзуки Орусиянын Тышкы иштер министрлигине жапон бийлигинин сөздөрү боюнча түшүндүрмө берүүгө чакыртылган.

Бул жолугушуудан кийин Орусиянын ТИМи «ушундай сөздөр Орусия менен Жапониянын лидерлеринин 1956-жылдагы биргелешкен декаларациясынын негизинде сүйлөшүү процесстерин тездетүү жөнүндө макулдашууларынын маани-мазмунун одоно бузуп жатат» деген билдирүү тараткан.

Орус-жапон тынчтык келишимин түзүү, Курил аралдарынын макамын чечүү боюнча бир топ жыл бою жыйынтык бербеген сүйлөшүүлөр акыркы бир-эки жылда кайра жандана баштаган болчу.

Былтыр сентябрда орус президенти Владимир Путин алгач тынчтык келишимин түзүп алып, кийин ортодогу маселелерди досторчо чечүүнү сунуш кылган.

Владимир Путин.
Владимир Путин.

- Менде идея бар. Эч кандай алдын-ала шарт койбой туруп, алгач тынчтык келишимин түзүп алалы, - деген Путин Владивостоктогу экономикалык форумда.

Бирок жапон премьер-министри Синдзо Абэ Курил аралдарынын макамы шартталмайынча келишимге барбай тургандыгын ачык билдирген.

Кийин ноябрда эки өлкөнүн лидерлери дагы жолугуп, анда 1956-жылдагы совет-жапон меморандумуна кайтып келүү макулдашылган. Москва Токиого төрт аралдын экөөнү - Хабомаи менен Шикотанды тынчтык келишимин түзгөндөн кийин берүүгө макул болгондугу айтылган.

Жапония менен Орусия Курил аралдарын - Итурупту, Шикотанды, Кунаширди жана Хабомаини - Экинчи дүйнөлүк согуштан бери талашып келатат. Мурда Жапонияга караган аралдарды согуш учурунда Советтер Союзу ээлеп алган. 1956-жылы СССР менен Жапония аскердик аракеттерди токтотуу тууралуу декларацияга кол коюшканы менен тынчтык келишими кабыл алынбай калган.

Москва Токио менен тынчтык келишимин түзүп, ортодогу алаканы жакшыртууга кызыкчылыгы бар экендигин айтып, ошол эле маалда Курил аралдарындагы аскердик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG