Теги азербайжандык Фахреддин Кулиев Орусияда 1990-жылдардын башынан бери жашайт. Армияда кызмат өтөп, орус жарандыгын алып, орус жергесинде иштеп, салык төлөп келген.
Эки жыл мурун жашы 45ке толгондо паспортун алмаштырыш үчүн өкмөттүк органдарга кайрылып, паспортунан ажырап калган.
- 45ке чыкканда паспортумду алмаштырайын деп бардым. "Эки жумадан кийин келип, жаңысын алып кетиңиз" дешти. Анан Верх-Исетскидеги паспорт-виза кызматына келсем эле, "сиз паспортту мыйзамсыз алгансыз" дешпедиби, - дейт Фахреддин.
Ошондон бери Фахреддин паспортсуз жашап жүрөт. Анын колунда Орусияда алган айдоочулук күбөлүгү менен аскердик билети бар. Бирок алар менен бир да жумушка расмий орношо албайт, полиция кызматкерлерине көрсөтүүгө да алар жетишсиздик кылат.
Мигранттар: жол азабы, көр азабы...
Мигранттар: жол азабы, көр азабы...
Фахреддин Орусиянын Ички иштер министрлигин сотко берип, сот анын паспортун алып коюуну мыйзамсыз деп тапкан. Бирок ага паспортун кайтарып берүүгө эч ким шашпай жатат. Кулиевге орус жарандыгын кайрадан алууну сунуш кылышкан.
- Мен азыр жарандыкка башынан документ тапшырсам, эмгек стажым жоголуп кетет. Мен бул жакта 26 жылдан бери иштеп келатам, - дейт нааразы болгон Фахреддин.
Тажикстандык Боисиддин Шарипов да Орусияда отуз жылдан бери жашайт. Ал 2000-жылдын башында соттолуп, түзөтүү абагына отуруп чыккан. Ошондо эле аны "орус жарандыгын мыйзамсыз жол менен алган" деп айыптап, паспортун бербей коюшкан.
Боисиддиндин келинчеги Оксана азыр кош бойлуу. Паспорттун жоктугунан алар мыйзамдуу никеге тура алышпайт. Өзү кант диабети менен ооруйт, өкмөттөн бекер жардам да ала албайт.
- Инсулинди мурун бекер алчумун, азыр паспорт жок. Мен айына дарыга эле 3-5 миң рубль коротом, - дейт Боисиддин.
Паспорту жок ал ишке да орношо албайт.
- Мен аларга "силер адамды уурулук кылууга же дагы бир жаман иштерге түртүп жатасыңар" деп айттым. Мен бул жашоодо өзүмдү-өзүм бага албайм, - деп сөзүн жыйынтыктады Боисиддин Шарипов.
Мигранттар: камакка жеткирген кенебестик
Мигранттар: камакка жеткирген кенебестик
Юрист Александр Цинк азыр анын колунда буга окшош 14 иш бардыгын айтат. Бардыгы Орусияга ишке келип, жарандык алып, кийин документти алмаштырганда же абактан чыккан соң орус паспортунан ажырап калган мигранттар. Убагында Федералдык миграция кызматкерлери бир дагы иш боюнча акт түзүшкөн эмес, паспорт мыйзамсыз алынды делген менен бир дагы кылмыш иши козголбогон.
Цинк адамдардын укуктарын коргоп, сотту жеңип чыккан маалда деле ИИМ аларга документтерин кайтарууга шашпай жаткандыгын белгилейт. Кээде жаңы айыптар менен текшерүүлөр башынан жүргүзүлүп, сот иши кайталанган учурлар болот. Бул маалда адамдар жумушсуз, медициналык жардамсыз, жада калса банкка же нотариуска кайрыла алышпайт.
- Азыр бул адамдардын статусу мыйзам чегинде эч аныкталбаган. Мындай макам жок. Алар Орусиянын жарандары, бир гана паспортсуздар, - деп белгилейт Александр Цинк.
Фахреддин Кулиев менен Боисиддин Шариповдун паспортторун алып койгон Свердловдун ИИМинин миграция боюнча башкармалыгы расмий кайрылууга жооп беришкен эмес. Бул убакта ИИМ кызматкерлеринин айынан Орусияда паспортсуз калган мигранттар Адам укуктары боюнча Европа сотуна кайрылууга даярданышууда.