Орусияда тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир» уюмуна мүчө 30 адам өткөн жылы Санкт-Петербургда кармалып, тергөөнүн жүрүшүндө алардын көбү коё берилип, тогузу кылмыш жоопкерчилигине тартылган. 23 жаштагы Кыргызстандын жараны Махамадимин Салиевдин ишин 14-августта Москва шаарынын аймактык аскердик соту карап, “террорчул уюмга катыштыгы бар” деген берене боюнча күнөөлүү деп тапты.
Буга Салиевдин радикал уюмга 2009-жылдан бери мүчө болушу, ага студенттерди алдап кошкону негиз болгон. Махамадимин күнөөсүн моюнуна алып, анын көрсөтмөсүнүн негизинде сегиз адам камакка алынган. Кыргызстандык жаранга сот алгач “террордук топту уюштурган” деп айып таккан, кийин ал берене өзгөртүлүп, уюмдун мүчөсү катары беш жылга эркинен ажыратылды.
- Кыргызстандык жарандын ишин биздин сот карап, ал эркинен ажыратылды. Биро, ушул тапта бул иш боюнча тергөө аяктай элек болгондуктан, толук маалымат айтып, расмий билдирүү жасай албайбыз, - деди Москва шаарынын аскердик аймактык сотунун өкүлү Наталья Владимирова.
Орусияда радикал уюмдардын катарын толуктаган кыргыз жарандары көп экени айтылат. Расмий органдардын байкоосунда, орус жергесинде радикал уюмдар негизинен Борбор Азиядан келген мигранттарды тузакка илет.
УКМКнын билдиришинче, Сирияда согушуп жүргөн кыргызстандыктардын саны 300дөн ашуун. Айрым маалыматтарда алардын 70% Орусияга иштегени кетип, ал жактагы жашыруун топтордун азгырыгы менен согуш талаасына түшүп калган жаштар экени айтылат.
Москванын муфтийи Ильдар Алаютдинов радикал уюмдар диний билими тайкы жана каржыга муктаж мигранттарды азгырып келет деген пикирде:
- Орусияда жарандарды тузакка тарткан атайын топтор бар экени, кишилерди Сирияга, Иракка жөнөтүп жатканы чындык. Бул жактагы мигранттардын коопсуздугу каралбайт. Алар жумушта бир топ көйгөйлөргө тушугат. Каражаттан кыйналышат. Ал эми аларды радикал топторго тартып жаткандар, тамак-аш, акча, турак-жай менен камсыздашат. Экинчиден, мусулман мигранттардын чала сабаттуулугу да андай топторго кошулуп калууга жол ачууда. Бул баарына - кыргыздарга да, өзбектерге да, тажиктерге да тиешелүү.Тилекке каршы, аталган өлкөлөрдүн бийлиги жарандардын өз динин терең үйрөнүшүнө мүмкүнчүлүк бербей жатат.
Соңку кездери социалдык тармактарда радикалдардын жарандарды азгыруу фактылары күчөгөнү байкалат.Алардын айрымдарына кызыгып баш баксаң, турдүү чакырык, радикал уюм мүчөлөрүн мүнөздөгөн сүрөттөр коюлган баракчалардын ээлеринин арасында Орусияда жүргөн мигранттарды таппай койбойсуң.
Экстремисттик сайттар Кыргызстандын интернет мейкиндигинде да ондоп саналат. Аларда расмий бийликке баш ийбөөгө, халифат куруу үчүн жихадга чакырган ураандар жана жардыргыч заттарды жасоону үйрөткөн видеотасмалар кезигет. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат катчысы Рахат Сулайманов аталган сайттарды тизгиндеп, социалдык тармактардагы баракчалардын ээлерин жоопко тартуу үчүн колдонмо иштелип чыгарын айтты:
- Интернет мейкиндигиндеги маалыматтарды тескөө үчүн атайын колдонмо иштелип жатат. Анын негизинде кандайдыр бир экстремистик маанайдагы маалымат камтыган сайт, баракчалардын ээлерин соттун чечими жок эле жоопко тартууга мүмкүнчүлүк болот. Бул жагдай биздин ишти алда канча жеңилдетмек.
Буга чейин Кыргызстанда соттун чечими менен "Хизб ут-Тахрирдин” ишмердигине тыюу салынган. Бирок ага карабай аталган экстремисттик уюмдун тамыр жайып баратканы айтылууда.