Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:57

Путин жаңы ракета "Киевдеги чечим кабыл алуучу борборлорду" бутага аларын билдирди


Путин Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Астанадагы саммитинде. 28-ноябрь, 2024-жыл
Путин Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Астанадагы саммитинде. 28-ноябрь, 2024-жыл

Орусиянын президенти Владимир Путин Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Астанадагы саммитинде “Орешник” деген жаңы баллистикалык ракеталар “Киевдеги чечим кабыл алуучу борборлорду” бутага алышы мүмкүн экенин билдирди. Ал ошондой эле Украинага 28-ноябрда урулган соккуларды комментарийлеп, ал узак аралыктагы ATACMS ракеталарын Орусияга каршы колдонууга жооп болгонун белгиледи. Анын сөзүн орусиялык мамлекеттик агенттиктер жазды.

Путиндин айтымында, соңку эки күндө Украинага 100 система, түрдүү класстагы 100 ракета, 466 учкучсуз учак менен сокку урулду.

Орус президенти жаңы ракета катуу корголгон жана ичкери аймактагы буталарга сокку урууга кудуреттүү экенин, “Орешниктин” жапырт чабуулунун кубаты “өзөктүк куралдыкындай боло аларын” айтты.

Ноябрдын ортосунда АКШ менен Британия Украинага ATACMS жана Storm Shadow ракеталык комплекси менен Орусиянын ичкери аймагына сокку урууга уруксат бергени белгилүү болгон.

Америка чыгарган ATACMS жана Британияда жасалган Storm Shadow ракеталары бутага жогорку тактык менен узак аралыктан сокку ура алат. Украина бул ракеталар менен Орусиянын чек аралаш аймактарын бутага алганы кабарланган.

Орусия жооп катары 21-ноябрда Украинанын Днепропетровск аймагына “Орешник” жаңы ракетасы менен сокку урган. Орус тарап орто аралыктагы бул ракета үндөн да тез уча аларын, өзөктүк дүрмөт алып жүрүүгө жөндөмдүү экенин маалымдаган.

Украинанын айланасындагы соңку окуялар 27-ноябрда Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде да талкууланды.

Украинанын БУУдагы туруктуу өкүлү Сергей Кислица Орусиянын соңку аракеттерин “шантаж” деп атады.

"Украина БУУнун бардык мүчөлөрүн, өзгөчө өзөктүк куралы бар өлкөлөрдү Орусиянын өзөктүк куралга байланыштуу күч менен жоопкерчиликсиз коркутуусун айыптоого чакырат. Путиндин алдыдагы кадамдары биздин реакциябыздын кубатына жана чечкиндүүлүгүнө жараша болот. Эгер анын шантажы ийгиликтүү болсо, оппоненттер алсыздыгын көрсөтсө, жаңы жана дагы катаал зомбулукка күбө болушубуз мүмкүн”, - деди Сергей Кислица.

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысынын Европа, Борбор Азия жана Америка өлкөлөрү боюнча жардамчысы Мирослав Йенча Украинадагы согушта жаңы чыңалуу жаралганын эскертип, тараптарды согушту күчөтүүчү риторикадан карманууга чакырды.

Шерине

XS
SM
MD
LG