Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:14

Чеченстан: Доку Умаровду издөө иштери уланууда


Доку Умаров
Доку Умаров

Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров чечен жикчилеринин лидери Доку Умаровду издөө уланып жатканын билдирди. Кадыровдун айтымында, Умаровдун өлгөнүн тастыктаган далилдер азырынча жок.

“Адам уурдаган”, “киши өлтүргөн”, “террордук чабуулдарды уюштурган” деп айыпталып келген Умаров федералдык издөөгө алынган. Ал 2009-жылы ноябрда “Невский экспресс” поездин жардырууну ишке ашырганын, өткөн жылы мартта Москвадагы метролордун биринде террордук чабуулду уюштурганын мойнуна алган.

“Чеченстандык жикчил топтун лидери Доку Умаров өлгөн” деген маалымат көп чыгат. Ошондон улам Чеченстандын лидери Рамзан Кадыров кезектеги мындай маалыматты тактоо керектигин билдирди:

- Тартип коргоо органдары жикчил топтун башчысын издөө иштерин улантууда. Аны кармап, же жок кылгандан кийин гана токтойбуз. Өлүүбү, тирүүбү же качып кеттиби, үңкүргө жашынып жатабы – баары бир анын сөөгүн табабыз.

Чеченстандын атайын кызматынын жетекчиси Арви Каримов “бул жерде эки божомол бар: ал чынында эле мерт болгон, же аны чет өлкөгө качыруу аракети көрүлүп жатат”,-деп билдирди.

Айрым талдоочулардын баамында, жикчил топтун лидери Умаров уюштурууну каалаган “Кавказ имаратында” бөлүнүп-жарылуу пайда болду. Жергиликтүү калк арасында Доку Умаров мерт болгону туурасында кабар тараганы менен ага кайгырган, же жан тарткандар жок экенин саясатчы Руслан Мартагов айтат:

- Доку Умаров лидер же жетекчи катары эч кимге баасы-баркы жок киши. Ошондуктан анын өлүмү эч кимди кызыктырбайт.

Кавказда болсо кырдаал курч. 14-январда Дагестандын Хасавюрт шаарындагы ресторандын жанында миналанган унаа жарылып, 4 киши мерт кетип, 9 киши жараат алды. Буга байланыштуу кылмыш иши козголгону менен кылмышкер табыла элек.

17-январда Кабардин-Балкарда Ички иштер министрлигинин мурдагы жетекчиси Хачим Шогеновдун сакчыларына кол салынып, эки сакчы окко учту.

XS
SM
MD
LG