Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:37

Козголоңчу кыймылдын лидери Доку Умаров «кызматынан кетти»


Солдон оңго карай: Доку Умаров жана Асланбек Вадалов.
Солдон оңго карай: Доку Умаров жана Асланбек Вадалов.

Чечен согушчандардын лидери Доку Умаров Түндүк Кавказдагы козголоңдун жетекчилик кызматын тапшырып, ордуна мураскорун атады. Орусия издөө салган адамдардын ана башындагы 46 жаштагы Умаров ден соолугуна байланыштуу кетип жатканын билдирди.

Доку Умаровдун бул билдирүүсү Түндүк Кавказдын козголоңчуларына тийиштүү www.kavkazcenter.com интернет барагында жарыяланган. Ал баракча азыр ачылбай калды.

Умаровдун сөзүнө караганда, ал ден соолугуна байланыштуу козголоңчулар башчылыгынан кетти, бирок, ал «жихадды» уланта берет жана жаңы жетекчиликке жардам бермекчи.

Умаров ордуна сунуш кылган Асланбек Вадаловду татыктуу мураскор деп атады.

- Мен Кавказ Эмиратынын эмири кызматымдан баш тарттым. Учурда, мен ойлойм, биздин бир тууганыбыз Асланбек Вадалов жаш, жигердүү, ал жаңы жетишкендиктерге жетеринде шегим жок. Бирок ушуну менен мен жихаддан баш тарткан жокмун. Мен илгерки мужахедин согушкери катары аракеттеримди уланта бермекчимин.

Тунарык тасмалардын биринде Умаров башка эки киши менен токойдун ортосунда отурат. Болжолу алардын бири Вадалов. Ошол эле видеодо Умаровдун «оң колу» эсептелген Хуссеин Гакаев көз карандысыз Чечен эмиратын түзгөнгө жан-дили менен берилген Вадаловду колдой тургандыгын баса белгилейт.

- Биз бир тууганыбыз Доку жасаган өзгөрүүлөрдү колдойбуз. Башка туугандарыбыз дагестандыктарды, ингуштарды жана кабардиндерди да Докуну колдогонго чакырабыз.

“Кавказ түйүнү”интернет сайтынын башкы редактору Григорий Шведовдун айтымында, Умаровдун билдирүүсү Кавказдагы козголоңдун жакын арада башы ачылбай тургандыгын көрсөтөт.

- Козголоңчулардын көпчүлүгү өзүнчө татаал саботаж миссияга берилген. Ошондуктан Умаровдун билдирүүсү күтүүсүз болсо, ошол эле учурда анын артында опозицияны колдоо, козголоң күрөшүн улантуу аракеттери байкалат.

«Азаттык» үналгысынын Түндүк Кавказ боюнча серепчиси Лиз Фюллер болсо Умаровдон бир топ жашыраак Вадалов Түндүк Кавказдын чыгыш регионун башкарып келгендигин айтты. «Анын эң башкы сапаты – Умаровго берилгендиги», - деп басым жасайт Лиз Фюллер.

Мындан мурун да Доку Умаров бир нече видео-билдирүү тараткан. Мисалы, июнь айында өңүнөн азып-арыктаган Умаров марттагы Москва метросунда болгон террордук чабуул үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган. Метродогу чабуулда 40 адам набыт болуп, 100гө жакыны ар түрдүү жаракат алган. Мындан тышкары Умаров жетектеген топ 2009-жылдын ноябрында Москва-Санкт-Петербург темир жолундагы поездди жардырууну уюштурганын да ачык жарыя кылган. Ал чабуулдан 26 адам мерт болгон.

Расмий Москва да, Вашингтон да Доку Умаровду эл аралык издөө салынган террористтер тизмесине киргизген.

XS
SM
MD
LG