Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:31

АКШ: Чечен эрегишчиси Доку Умаров-террорчу


Чечен козголоңчуларынын амири Доку Умаров
Чечен козголоңчуларынын амири Доку Умаров

АКШ өкмөтү чечен жикчилеринин ана башы Доку Умаровду “террорист” деп жарыялады.

Өзүн “Кавказ эмирлигинин амири” деп атаган Умаровду Москва көп сандаган террордук актыларды жана башка кылмыштарды уюштурган деп күнөөлөп жүргөн. Вашингтон мындай чечимди Россия президенти Дмитрий Медведевдин АКШда башталчу сапары алдында кабыл алды.

Мамдепартаменттин маалымдашынча, Доку Умаровду террорчу деп атоо - анын банктардагы акчаларын камакка алганга жана аны менен кызматташкан жеке адамдарга же компанияларга каршы санкцияга жол ачат.

Россия жана АКШнын туулары

АКШнын кадамы “Умаровдун террордук операцияларды өткөрүүсүнө жана Кавказ эмирлигин контролдоосун бир кыйла алсыратат,” -деп билдирди Мамдепартаменттин өкүлү Филип Кроули 23-июнда.

Умаров быйыл мартта Москва метросунда болгон жанкечтилердин бомба чабуулу, былтыр Москва - Санкт-Петербург темир жолундагы жана Саянск ГЭСиндеги жардыруулар үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган. Метродогу чабуулда кеминде 40 киши өлүп, 100дөн ашуун адам жарадар болгон. “Невский экспресс” поездиндеги жардырууда 26 кишинин каны төгүлгөн. (Орус бийликтеринин айтымында, ГЭСтеги жардыруу техникалык себептен болгон).

Мамдепартаменттин Контр-терроризмге каршы күрөшүү боюнча координатору Даниэл Бенжамин жасаган билдирүүгө караганда, Доку Умаровду “террорчу” деп жарыялоо “Кошмо Штаттар менен Россияга болгон коркунучка берилген түз жооп” саналат.

Бул чараны Кремль колдоду. Россия президентинин эл аралык терроризмге жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча өкүлү Анатолий Сафроновдун ИНТЕР ФАКС агенттигине айтышынча, АКШнын чечими - Түндүк Кавказдагы террорчулукка каршы аракеттерге олуттуу салым кошот жана “Умаровду чет өлкөлөрдөн колдогон экинчи-үчүнчү даражадагы адамдар үчүн жакшы эскертүү болот”.

Москва метросунда бомба жардырган жанкечтилердин бири, 17 жаштагы Женет Абдрахманова күйөөсү Умалат Магомедов менен. Дагстандык ислам козголоңчусу, 19 жаштагы Умалат 2009-жылы өлтүрүлгөн.

Ак Үйдүн Доку Умаровду террорчулардын тизмесине кошуу, көпчүлүк серепчилердин ырасташынча, Вашингтон-Москва алакасынын жакшырып баратканынын дагы бир жышаанасы.

Доку Умаровду террорчу деп атоону Москвадагы адам укугун коргоочу “Мемориал” борборунун башчысы Олег Орлов “туура кадам” деп баалады:

- Доку Умаровду “террорчу” деп, өз аты менен атоо туура кадам болду. Менимче, бул нукура символикалуу жышаана Доку Умаровду кармаганга жардамдаша албайт го... Эгерде АКШда Умаровду кармаганга жетерлик ресурсу болсо, ал эбак колго түшүрүлмөк. Бул Ак Үй президент Медведевдин визитин утурлай жасаган жакшы ыкластын белгиси.

Олег Орлов АКШ эбактан бери Түндүк Кавказдагы мыйзамсыз куралдуу топтордун аракетин жактырбай келгенин да кошумчалады.

Доку Умаров 2006-жылы июнда чечен козголоңчулардын командири Абдулхаким Сайдуллаев өлтүрүлгөндөн кийин өзүн таанылбаган “Ичкерия Чечен Республикасынын президенти” деп жарыялаган. Андан көп узабай “Кавказ эмирлигинин амиримин” деп чыккан. АКШ Мамдепартаменти белгилегендей, Умаров бул кадамы менен чечен эрегишчилеринин “жикчилерге жана радикалдуу жихадчылар” болуп бөлүнүүсүнө алып барган.

XS
SM
MD
LG