Орусияда чет өлкөлүк мигранттарды иштеткен компаниялардын 40% бөлүгүндө жумушчу күчү жетишпей жатат. Муну Стратегиялык иликтөөлөр борбору жүргүзгөн изилдөө көрсөткөн.
Сурамжылоого катышкан жумуш берүүчүлөрдүн 40% мигранттарды иштетүү менен акча үнөмдөсө болорун, 35% мигранттар орусиялыктарга караганда жакшы иштей тургандыгын, дагы 19% мигранттар туруктуу иштей турганын белгилешкен.
Ошол эле кезде мигранттарды иштетүүдө менталитет менен тилдеги айырмачылыктар бир топ тоскоолдук болору да айтылган.
Жумуш берүүчүлөрдүн 37% чет өлкөлүктөрдү расмий ишке алууда миграциялык талаптардын катаалдыгына нааразы болсо, 27% келгиндерди турак жай, транспорт менен камсыздоодогу кыйынчылыктарды көрсөтүшкөн.
Иликтөөдө пандемия маалында бир топ мигранттар мекенине кайтканына байланыштуу азыр компаниялардын 15% бөлүгүндө жумушчуларга чукул муктаждык пайда болгону белгиленген.
Эмгек рыногунда курьер жана такси кызматында жумушчулардын кескин жетишсиздиги байкалган.
«Ситимобил», «Gett» жана «Везёт» агрегаттары бир катар орусиялык басылмаларга айдоочулар эки- үч эсе азайганын билдиришкен.
Мындан төрт күн мурда Москванын мэри Сергей Собянин «Россия-1» телеканалындагы маегинде орус калаасында чет өлкөлүк мигрантта 40% азайганын айткан.
«Москвада мигранттар 40% чейин азайды. Муну эмгек рыногунан жана тазалык кызматында убактылуу иштеген жумушчулардын жетишсиздигинен байксаса болот. Бул күрөк, шыпыргы, лом кармаган кара жумуш. Москвалыктар мындай ишке макул болбойт. Бирок биз бул маселени чечип жатабыз. Жолдору бар. Аймактардан жумушчу күчү тартылып жатат», - деген Собянин.
Ага чейин мэрдин орун басарларынын бири Владимир Ефимов Москвада бир катар тармактарда жумушчу күчтүн таңкыстыгы пайда болуп, ушундан улам бизнес да жапа чегип жатканын айткан.
Сентябрда вице-премьер-министр Марат Хуснуллин курулушта жумушчулар жетишпей турганын белгилеген.
Орусиянын борбор шаарында 12 миллиондой калк жашайт. Ал эми КМШ өлкөлөрүнөн келип-кетип иштечү мигранттарды кошо эсепке алганда жалпы саны 15 миллионго чейин барат.
Жыл башындагы Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча өлкөдө 750 миңдей кыргызстандык миграцияда жүргөн. Миграцияга чогуу чыккан балдарын жана үй-бүлө мүчөлөрүн кошо эсепке алганда жалпы саны бир миллиондон ашат. Алардын басымдуу бөлүгү Москва шаары менен Москва облусунда убактылуу отурукташкан.
Эксперттердин эсеби боюнча пандемия башталгандан бери Кыргызстанга Орусиядан 70-100 миңге чейин мигрант кайткан.
Жалпысынан Орусияда иштеген КМШ мигранттарынын 10-30% пандемиянын кесепетинен туулган жерине кайтары божомолдонгон.
Мартта карантин чаралары киргизилип, жумуш орундары азая баштаганда миңдеген борбор азиялык мигранттар мекенге кайтыш үчүн чек араларга топтолуп, чектеш аймактарда лагерлер пайда болгон.
Бул кезде да Астрахань облусунда жүздөгөн өзбекстандык мигранттар Казакстан аркылуу өтүп кете албай турат.
Эпидемиологиялык абал кайрадан курчуп, чек аралар алигиче жабык тургандыктан жана Орусиянын аймагына чет өлкөлүктөрдүн кириши чектелгендиктен, ушул тапта бир топ мигранттар ишке кайта албай турат.
Ошол эле кезде Орусияда бир күндө коронавирус жуккандар 16 миңге чукулдап, 1,5 миллион адамда илдет катталып, 25 миңден көп адам оорудан каза тапты.