Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:38

Румынияда азыркы президент кайра шайланды


Romania - Electoral canvassing, Bucharest, Nov2009
Romania - Electoral canvassing, Bucharest, Nov2009

Шайлоонун жекшембидеги экинчи айлампасында азыркы президент Траян Бэсеску добуштардын 50,37%ын топтогону айтылууда.

Борбордук щайлоо комиссиясы берип аткан маалыматка караганда, анын атаандашы Мирче Жоане добуштардын 49,62%ын алды. Шайлоонун соңку ырасмий жыйынтыгы бүгүн кечке жуук чыгаары күтүлүүдө. Кечээ жекшембиде шайлоо бекеттери жабылган маалда экзит-поллдун жыйынтыктары менен эки талапкер тен өз жеңиштерин жарыялашкан. Шайлоодо жеңип чыккан президент Румыниянын жаңы өкмөтүн дайындайт. Жаңы өкмөттүн биринчи кезектеги милдеттеринин бири Эл аралык валюта кору менен 20 миллиард доллардык насыя боюнча сүйлөшүү өткөрүү. Өлкөдөгү саясий кризистен улам кор өткөн айда насыя программасын токтотуп койгон.

Азыркы президент - өлкөдөгү ортомчул саясий багыттагы Либералдык демократиялык партиянын лидери.

Анын атаандашы – мурдагы тышкы иштер министри Мирча Жоане – азыр Сенаттын төрагасы жана Социал-демократиялык партиянын башчысы.

Шайлоонун биринчи айлампасында ал экөө тең дээрлик бирдей эле добуш алышты. Бул жолку экинчи айлампанын алдынан жүргүзүлгөн сурамжылоого караганда, Жоанэ 54% добуш менен жеңип чыгышы мүмкүн деп маалымдалган.

Келерки президент өлкөнүн премьер-министринин атын аташы керек. Парламентте оппозиция күчтүүлүк кылып, эки жолу тең президент Бэсеску өкмөт башчылыгына сунуш кылган талапкерлерди жактырбай койгон. Ошондуктан октябрдан бери өлкөнү утурумдук өкмөт башкарып турду.

Румыниянын экономикасы быйыл 8.5% кыскараары күтүлүүдө. Жумушсуздук, былтыркыга караганда 3% өстү.

Өлкөнүн өкмөтү начар иштегендиктен, Эларалык Валюта Кору Румынияга делген 20 млрд. евро кредиттин бир бөлүгүн бербей койгон. Бэсеску шайлоо өнөктүгү учурунда “прогрессивдүү реформаларды” жасоого, ашыкча чыгымдарды кыскартууга убада берди. Бэсескуну көптөр Румынияны Евробиримдикке мүчө кылган президент, НАТОнун саммитин былтыр өз өлкөсүндө өткөрүүгө жетишкен мыкты дипломат, коррупция менен күрөшө ала турган саясатчы катары билишет.

Ал өзүнүн атаандашы Жоанэни “медиянын жана бизнес структуралардын курмандыгы” деп айыптап жүрөт. Бухаресттеги шайлоочулардын бири да бул ойго кошула турганын айтты.

“Мен добушумду президент Бэсескуга берем, - дейт өзүн Мария деп тааныштырган бул жаран. - Менимче, ал эң эле чынчыл жана бул өлкөдөн мүмкүн болгон нерсенин баарын алып жаткан магнаттардын колуна түшпөй турган саясатчы катары далилдеди”.

Жоанэ болсо өлкөнү кайра “туруктуу өнүгүүгө” алып келүүгө, “беш жылга созулган жаңжалдардан кийин, тынч жашоону куруп, жумуш орундарын түзүүгө” убада кылууда.

Жоанэ, Бэсескуга караганда, анча популярдуу болбогону менен, аналитик Стелиан Танасенин айтымында, аны парламент колдойт.

“Мирча Жоанэ жеңген күндө да, анда Траян Бэсескунукундай бийлик болбойт. Бирок аны парламент колдойт. Бул, менимче, демократиянын белгиси”, - деди аналитик Танасе.

Эгерде азыркы президент евроатлантикалык нукта саясат жүргүзүп келатса, Жоанэ Кытай, Индия жана Орусия менен тыгыз кызматташтыкты куруу зарылдыгын айтууда. Анткени булар “21-кылымдын дөө-шаалары” деп эсептейт ал.

Румыниянын 21,5 млн.калкынын ичинде 18 млн.дон ашууну добуш берүүгө укуктуу.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG