Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:29

Диний радикализмге түрткөн жагдайлар


Кара-Суудагы террорго каршы жүрүш. 2015-жыл
Кара-Суудагы террорго каршы жүрүш. 2015-жыл

“Кара-Сууда "Хизб ут-Тахрирдин" эки мүчөсү кармалды” деген маалымат чыкса, “ырас болуптур”, “камаш керек”, “атыш керек” деген пикирлерди угуп калабыз. Кээде өзүбүз да “чала болот” дегендей сөздөрдү оозанабыз.

Мына ошол “Карма-карма!” менен коштолгон камоонун артында кандай көйгөйлөр бар экенин аңдабай жаткандайбыз.

Кыргыз бийлиги “Талибан”, "Ислам мамлекети" террордук топтору баш болгон 20дай диний уюмду радикал деп таап, ишмердүүлүгүнө тыюу салган. Бирок ошол “тыйылсын” деген чечимдерден кийин эле тыйылып калган жок да. Болгону күрөш күчөдү.

Ал тыюу камоо менен коштолуп келет. Бирок кечээ эле кетмен чаап, бак тигип, пешене тери менен жашаган элдин бүгүн радикалдашуусуна эмне себеп болду? Өмүрү бүткөнгө чейин ажыга бир жолу зыярат кылып келгенден башканы эңсебеген элге бүгүн эмне болду? Бул себептерди иликтеген жан жок.

Эми ошол момун элди мыкаачы радикализмге түрткөн себептерди бирден санап көрөлү.

Диний радикализмдин булагы - кедейлик. Анткени кедей өлкөлөрдүн билермандары ууру, бийлиги коррупцияга жакын болот. Жемкорлук карапайым элдин кыжырын келтирет, таарынычты күчөтөт, бийликке болгон ишенимге доо кетирет.

Иренжиген ишеним радикал оппозицияга алып барат. Демек, диний радикализмдин очогу бийлиги ууру, билермандарынын ою тайкы, кедей өлкөлөр.

Диний радикализм бай мамлекеттерде дээрлик жок. Болсо да алар жакыр өлкөлөрдөн көчүп барып, жарды жашаган, жарытылуу билим албаган катмардын өкүлдөрү экени ар теракт сайын кайра-кайра далилденип жатат.

“Өнүккөн өлкөлөрдө деле коррупция бар го? Эмнеге алардын эли бийлигине таарынып, биздегидей диний радикализмге өтүп кетпейт?” деген суроону беришиңиз мүмкүн. Анткени өнүккөн өлкөлөрдөгү коррупция биздегидей бардык тармакка жайылып, гүлдөп кеткен эмес. Алардын билермандары акча уурдагандан мурда сапаттуу билим берүүнү жолго койгонго үлгүрүшкөн.

Орус тилин мектепте он жыл окуган бала Орусияга барып, даараткана тазалагандан башкага жарабай жатканы Кыргызстандагы билим берүүнүн сапаты кургуйда жатканын далилдеп турат.

Англис тилин он жыл окуган бала “I lоvе you” дегенден башка толук бир-эки сүйлөмдү кураштыра албай жатканы өлкөнүн билим берүү саясаты терең кризисте жатканын көрсөтөт. Бул жерде жарытылуу, химик, физик, биолог тууралуу сөз кылуу орунсуз.

Өз эне тилинде 11 жыл окуган балдардын жарымынан көбү жарытып арыз жаза албаганын кеп кылып жүрөбүз. Ушундай өлкөнүн жаштары радикал болбогондо ким болот?

Кара-Суу районунда өткөн экстремизмге каршы жүрүш.
Кара-Суу районунда өткөн экстремизмге каршы жүрүш.

​Ага болбой эле “Экстремизмге каршыбыз!” деген ураандарды көтөртүп, окуучуларды, студенттерди жөө жүрүшкө айдып чыкканды адат кылып алдык. Мындай иш-чаралар менен союз учурундагы “Эл душмандары жоголсун!”, “Жашасын коммунизм!” жана “Жашасын совет өкмөтү!” дегендей ураандарды туурап аткандайбыз.

Дегеним, ошол “диний экстремист” деген букараларыбыз халифат бийлигин орнотуу максаты бар экенин жашырышпайт. Демек, алар Кыргызстандын азыркы бийлик системасын жарамсыз деп эсептешет.

Кыргызстандын азыркы бийлик системасы аларга эмнеси менен жакпай атат? Азыркы бийликке алардын эмне дооматы, кандай таарынычы бар? Муну алардан сураган кишини мен байкай элекмин. Балким, аларды биз өзүбүз “хизбут” кылып жаткандырбыз? Алар менен күрөшөрдөн мурда ушул суроолор жообун табууга тийиш деп ойлойм.

Мен билгенден ошол экстремисттер азыркы бийликти адилетсиз деп баалап жүрүшөт. Кара-Суудагы Ас-Сарахси мечитинин имамы Камалов камалар алдында: “Бизди азыр зулум падышалар бийлеп жатат” дегенин уккам. Анын айтканында чындыктын кандайдыр бир үлүшү бар.

Өлкөдө адилеттүүлүк болсо, болбогон бир журналистке, бир күндө эки-үчтөн адам сотторго нааразылык билдирбейт эле го. Бийликтин адилетсиздигинен улам айласы кеткен элдин журналисттерге күнү түшүп отурат. Адилеттикти журналисттерден издөөгө аргасыз.

Моюнга алышыбыз керек, Кыргызстанда аз улуттарга карата көрүнбөгөн, айтылбаган социалдык адилетсиздик бар. Өлкө түштүгүндө өзбек, тажик, уйгур, дунган улуттары жыш жашаган райондордо диний экстремизмдин көп жайылганы ошондон улам болуп жүрбөсүн?

Мисалы, Кара-Суу районундагы элдин бийликке жүйөлүү таарынычтарынын четин угуп жүрөбүз. Алардын бири - балдарын кыргыз тилинде окутууга шарт түзүлбөй жатканы экен.

“Кара-Суудагы Ас-Сарахси мечитинин айланасындагы эл андагы үч мектепти кыргыз тилдүү кылууну суранган жайы бар экенин Ош облусунун мурдагы казысы Ниязалы Арипов айтып жүргөн. Муну менен аз улут өкүлдөрү да кыргызча билим алып, өздөрүн Кыргызстандын жараны катары сезгиси келери түшүнүктүү. Мунун эмнеси жаман? Бирок жергиликтүү элдин кыргызча билим алуу тууралуу суранычына азырынча оң жооп боло элек. Мындан улам алар өздөрүн Кыргызстандын өз эли эмес, өгөйү катары сезип келишет. Бул арада аларды “өмүр бою Кыргызстанда жашасаң да кыргыз тилин билбейсиң” деп көчөдө кодулаган көрүнүштөр күн сайын орун алып жатат. Бул кысым эмей эмне?

Диний экстремизм менен күрөшкөн коопсуздук кызматкерлеринин жалчыган маяналары жок. Ач курсак милицияны экстремизм менен күрөшкө жекеме-жеке таштап койгонбуз.

Милиция катардагы кызматкери автоунаага бензинди "өзү тапкан жол менен" куюп жүргөнү анык. Мындай ач милиция кызматтык эле эмес, жеке чыгымдарын да ошол “экстремист” деген жарлыкты көрүнгөн кишинин бетине тага коюп, жонун жонуп албай жаны жокпу?

Мындай мамиледен улам адамдар бийликти адилеттүү деп тааныбай турганы түшүнүктүү. Мындан улам алар табигый түрдө азыркы бийликке альтернатива издейт. Муну сырттан байкаган диний радикал уюмдар пайдаланбай калабы?

Шайлоодо элди мечит куруп берип, добуш алыш үчүн алдабай, тек гана арыз-муңун угуп, сүйлөшүү үчүн ким барат?

Мамлекетте бийлик талаш токтой электигин, көз карандысыз сот системасын түзүү аракетинен майнап чыкпай жатканын, бийлик менен криминал аралашып кеткенин, көчө балдары укук коргоо тармагынын канында айланып жүргөнүн, парламентке акылмандар эмес, бир коктунун деңгээлинде ойлонгон жаңы байлар гана барып жатканы жалганбы?

Диний радикализмге ык койгон жаштарга, карапайым адамдарга “бийлик талаштын жапайы адаттары аяктаганга чейин күткүлө, халифатка азгырылбай тура тургула, сабыр кылгыла, баары жакшы болот” деп айтат?

Менин оюмча диний радикализм менен күрөш ынанымдуу жолу менен гана болушу керек. Айрымдар үчүн күлкүлүү сезилиши мүмкүн, бирок чындап эле алар менен сүйлөшүү көлөкөдөгү сөрүдө, көк чай үстүндө болушу керек. Буга кезенген милиция, чиренген чиновник, интеллигент, алжыган дүжүр чалдар, билими чала имамдар эмес, дасыккан теологдор, дин чөйрөдө популисттик чакырыктары менен таанылбаган ири даанышман аалымдар барышы керек.

Болбосо эч ким эч нерсени түшүнбөгөн күрөш жүрө берет, көйгөй кала берет. Калып эле калбай, бийликке ачууланган, өчөшүп-кекенген агрессивдүү диний радикал жоочулардын катарын калыңдата бериши турган иш да.

Мен бул пикирим менен коопсуздук кызматкерлеринин эмгегин жокко чыгаргым келбейт. Бирок дин ынанымга негизделет. Демек, диний ишенимди туура нукка буруу зордоо менен эмес, ынандыруу аркылуу ишке ашышы керек. Болбой бараткан, чектен чыккан, коркунуч жараткан аракеттерде гана күч кызматтары күрөшкө кошулушу керек. Бул үчүн күч кызматтары билек түрө кирише турган чек ара так аныкталышы зарыл деп эсептейм.

(Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG