Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:42

Кыргыз жиктешсе, кимге пайда?


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Акыркы кезде кыргыз коомунда интеллигенция менен диний чөйрөнүн ортосунда элдешкистей каршылашкан маанай өкүм сүрүп баратканы өкүнүчтүү…

Дээрлик жүз миңден ашуун кишинин өмүрүн кыйган 90-жылдардагы Тажикстандагы жарандык согуштун негизги себептеринин бири коомдогу жиктешүү болгон. Бир тараптагы эски коммунисттик режимди колдогондор менен экинчи тараптагы ислам мамлекетин курабыз деп жулунгандардын тирешүүсү акыр аягында кандуу кагылышка алып келген. Натыйжада канчалаган бейкүнөө адамдар набыт болуп, бул апаат тажик элинин тарыхында эң трагедиялуу окуя катары жазылып калды.

Ал эми бүгүнкү кыргыз коомундагы пикир келишпестиктер, айрыкча интеллигенция өкүлдөрү менен дин тутунгандардын ортосундагы жаакташуу мынчалык даражага жетпесе да, кооптонууну жаратпай койбойт. Эки ортодогу кайым айтышуу кээде бирин бири кордоого, сес көрсөтүүгө, атүгүл коркутуп-үркүтүүгө чейин барууда. Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат дегендей, мунун баары бир элди эки жаатка, эки лагерге бөлүп салганын ачык айтууга убакыт жетти.

Эң жаманы, мындай карама-каршылыктын айынан үй-бүлөлөр ыдырап жатат. Мунун негизги себеби эмнеде? Эмне үчүн биз кээде өз пикирибизди адам катары түшүндүрө албай, аша чаап кетип жатабыз? Биздин ынтымагыбызга эмне тоскоол болуп, бүтүндүгүбүздү эмне бүлүндүрүүдө? Менимче, биз кыргыз элинин табиятына мүнөздүү негизги касиет-сапаттар – сабырдуулукту, токтоолукту, салабаттуулукту унутуп баратабыз. Биздин дем-дымагыбыз, биздин чексиз амбициябыз адамдын ишеним-ынанымына, анын көз карашына, позициясына карабай, эң мурда анын өзүн киши катары сыйлоого жолтоо болууда.

Көбүнесе биз башкаларды да биздей ойлонсо, биз сыяктуу жүрсө-турса, биздей жашаса, биз окуган китептерди окуса, биздей сыйынып-табынса деп далалат кылабыз. Тилекке каршы, ар бир адам бири бирине таптакыр окшобогон өзүнчө дүйнө, өзүнчө аалам экендиги мындайда жадыбыздан чыгып калат. Анан учурдагы калыптанган түшүнүк боюнча ким сакал коюп, сүннөт кийип жүрсө, ал "арабкул", "мите" ж.б. Ал эми Европа формасындагылар "Кудайды тааныбаган каапыр", "бузуку" ж.б. Өкүнүчтүүсү, биз азыр кишинин үстүндөгү кийимди көрүп, анын ичиндеги адамды көрбөй калдык.

Мен, мисалы, ошол эле сүннөт кийип жүргөндөрдүн ичинен бизге кошуна бир жигитти билем. Ал батирде жашап, "Дордой" базарында араба түртүп тиричилик кылат. Бир жерде окуп жогорку билим албаса да, мен аны чыныгы интеллигент дээр элем. Ал ары-бери өткөндө баарыбыз менен илбериңки саламдашып, кичүүгө да, чоңго да бирдей мамиле жасайт. Анын бирөө менен урушуп-талашканын же бирөөгө жаман сөз айтканын алиге чейин уга элекмин. Мен аны кичи пейилдиги, чын ыкластуулугу үчүн абдан сыйлайм жана чыныгы адам (диний түшүнүк боюнча – чыныгы мусулман) ушундай болуш керек деп ойлойм.

Ал эми Жерге-Талда менин бир классташ досум бар. Ал аскерге барып келгенге чейин жеткен бейбаш эле, көрүнгөнгө тийишип, мушташып, кылбаганы калган эмес. Анын мындай чырлуу мүнөзү үчүн баары жаман көрчү. Бирок аскерден келгенден эки-үч жылдан кийин кескин өзгөрдү. Үйүндө катуу жаңжал чыгарып, шаарга кетип калган болчу. Ошол жакта медреседе эки жарым жыл окуп, кайра кайтып келгенде таанылгыс өзгөрдү. Анын эми бирөө менен урушканды мындай кой, бирөөгө катуурак үнүн чыгарып сүйлөгөнүн да укпайсың. Таптакыр башка адам болуп жаралгандай. Аны көп жыл көрбөй жүргөндөр, мынчалык өзгөргөнүнө ишенип-ишенбей, "чын эле ошолбу же башкабы" деп катуу таң калышат.

Мен айылга барып калсам, сөзсүз ал досумдун үйүнө баш багам. Анын үй-жайы да бир бөлөкчө, чатыры да жок, ичи сырдалып шыбалбаган, кадимки биз бала кезде өсүп-чоңойгон үйлөрдөн. Кара шыбак болсо да, анын үйүнө киргенде башкача бир дүйнөгө туш болгондой, күтпөгөн жерден балалыктын аруу дүйнөсүнө кайрылып келгендей сезимге кабыласың. "Биздин ата-бабалар ушундай эле үйлөрдө жашап өткөн, Пайгамбарыбыз (сав) самандын үстүндө жаткан", - деп жооп берген эле "үйүңдү эмне үчүн оңдобойсуң?" деген суроомо.

Аттиң, биздин хан сарайларда жашап, 40-50 миң долларлык машине минип жүргөн «таксырлар» менин ошол досумдай чыныгы такыбалардан үлгү алса гана! Ал дүйнөлүк маданияттан кабары болбогону менен, бизчилеп Достоевскийди, Гессени, Айтматовду окубаса да, аны менен сүйлөшкөндө дилим агарып, кадимкидей жеңилдей түшөм. "Мурдагы Рахманберди жок, азыр аны сөксөң да, урсаң да жылмайып күлүп тура берет, эми анын жанда жок элпектигин, момундугун айтпайсыңбы", - деп калышат айылдаштары ыраазы болуп. Досумдун таржымалы кайсы бир даражада азирети Юлиандын татаал тагдырын эске салат.

Бул жерде менин айтайын дегеним, биз диний жөрөлгөлөрдү тутунгандардын баарын эле душман көрө бербешибиз керек. Алардын ичинен динди чүмбөт катары пайдаланып, бийликке, байлыкка жутунгандарды, исламды улуттук баалуулуктарга каршы койгондорду айырмалай билишибиз абзел. Ал эми Жаратканга табынуу, намаз окуу – бул чын ыкластуу диндарлар үчүн рухий тирек-жөлөк, жан дүйнөсүнүн муктаждыгы, азыгы. Музыкант өзүн музыкасыз элестете албагандай эле, алар да өзүн намазсыз элестете албайт.

Орустун диссидент жазуучусу Сергей Довлатов Орусиядан куулуп, алгач Америкага баргандагысы тууралуу катуу таң калып жазганы бар: «Мында бирөө менен бирөөнүн иши жок экен: нашаа чеккен баңгиси бир жакта, сойкулук менен алектенгени бир жакта, сыйынып-табынганы бир жакта… чыныгы эркиндик, чыныгы демократия дегени ушул окшойт". Албетте, биз Америка эмеспиз, Америка болушубуздун да зарылчылыгы жок. Ошентсе да, демократиянын негизги принциптеринин бири саналган плюрализмди туу тутуп, өз ой-пикирибизди башкаларга таңуулабай, бөлөктөрдүн көз карашын (мейли ал жыңылыштык болсо да) сыйлаганды үйрөнүүгө тийишпиз. Бирөөнүн ишеним-ынанымына, дүйнө таанымына акаарат кылбай, биринчи кезекте полемика, талаш-тартыш маданиятын калыптандырышыбыз керек. Бул светтик илим-билимди аркалап жүргөн интеллигенцияга да, дин ишмерлерине да тиешелүү.

Университеттеги мен сыйлаган агайлардын бири Сапарбек Закиров өзүнүн бир устаты жөнүндө минтип айтканы эсимде: "Ал эч качан меники жүз пайыз туура деп айтчу эмес. "Мен ушундай деп эсептейм…, …ушундай болушу мүмкүн", - дечү. Демек, цивилдүү коомдо жашап жатып, башканын пикири менен келишпесек да жаман айтпай, аны адам катары сыйлаганыбыз – бул арийне, өзүбүздү сыйлаганыбыз.

Аким Кожоев

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG