Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:03

Мектепке мечитти каршы коюу керекпи?


Азыркы президентибиз мурдагыбызга салыштырмалуу кыйла салмактуу сүйлөп, эми дагы эмне деп "балп" этип жиберет деп санааркабай калдык. Бирок мамлекет башчы жалпы коомдогу саясий жана рухий маанайга зор таасир этерин азыркыдан да жакшыраак түшүнүп, ар бир сөзүн аптеканын таразасына салгандай кылдат тандап сүйлөшү керек экендиги борбордук мечиттин жаңы имаратынын ачылышында даана сезилди. Бул ирет сөз жазгычтар менен кеңешчилер командасы өтө жоопкерчиликтүү текстти ийине жеткире иштей албады окшойт.

Мителерге кимдер табакташ?

Адегенде «ыйман» түшүнүгүн тактап алалы. Анткени арабчадан келген бул сөздүн накта диний мааниси менен кыргыз тилиндеги, биздин элдин аң-сезимине эчак эле сиңип калган мааниси кыйла айырмаланат.

Исламий контексттен алганда «ыйман» («иман») "ишенимге" маанилеш – бул Кудайдын жалгыздыгына, Мухамеддин пайгамбарлыгына, периштелердин бар экендигине, акырет болоруна ж.б.у.с. ишенүү, болгондо да чын ыкластан, шексиз ишенүү. Бирок муну жетик түшүнүп, чыныгы ыймандуулукка умтулгандар аз.

Тилекке каршы, көпчүлүк адамдар өзүнө жаккан, ыңгайлуу жагына качырып, формалдуу түрдө «ыймандуу» болушат. «Кудайдан башка кудай жок, Мухаммед анын элчиси» деген келмени кайталап, намаз окуп, орозо кармагандардын эмес, үч күндүк, 40 күндүк, төрт айлык дааватка кайра-кайра чыгып тургандардын, ажыга алты жолу баргандардын арасында деле түшүнүгү тайкылар арбын. Мисалы, канчалык күнөөгө батсаң да, алардан кутулуунун опоңой жолдору бар деп ойлогондор өтө көп. "Баланча аятты түкүнчө ирет окусаң же үч күндүк (кырк күндүк, төрт айлык) дааватка чыгып келсең, бастанча миң сооп аласың, деңиздин сан жеткис тамчысындай көп күнөөң кечирилет" дегендей сөздөрдү жакшы көргөн «мусулмандардын» катары калың.

Бишкек шаары. 21-август, 2018-жыл.
Бишкек шаары. 21-август, 2018-жыл.

Бул жерде бектер менен байларга индульгенция (күнөөсү кечирилгендиги тууралуу документ, маалымкат) саткан орто кылымдардагы католик попторуна окшоп, диний наадандыктан митедей пайдаланган айрым «таксырлар» да күнөөлүү. Дал ошондуктан жума күнү кап курсактар тепкен «мерстер» менен «хаммерлер» борбордук мечитке күргүштөп агылып, анын тегерегиндеги көчөлөрдү бөгөп калат. Мындай «такыбалардын» көпчүлүгү ыйманын тазартуу үчүн эмес, калайыктын (тааныгандардын) же дин жаатындагы саясат мындан ары да ушундай чаржайыт жүргүзүлө берсе, эртең бийликке келип калышы ыктымал болгон молдокелердин көзүнө такыба көрүнүш үчүн жума намазга, айт намазга барат.

Ырас, диний практика (намаз, орозо ж.б.у.с.) көпчүлүк адамдарга, айрыкча карапайым калайыкка рухий таяныч болору анык, бирок намаз окугандыгы үчүн эле ыймандуу деп коюш туура эместигин диний аалымдар да айтып келет.

Диний жөрөлгөлөрдү формалдуу аткарып коюу менен күнөөлөрүнөн арылышына чындап ишенгендер да көп. Арабияга мамлекеттин акчасын коротуп расмий иш сапар менен барганда эле туристтерге окшоп Каабага да бурула келген мансапкорлорду: «Туугандар, мына эми жыйырма беш жылдык күнөөңөр кечирилди!» - деп кубанткан бир молдоке иш жүзүндө коррупциячыларга шыкак берип койгон жокпу? Албетте, ошол сапарда Каабага чын ыкластан зыярат кылгандар, тазарайын, элге, мамлекетке зыян келтирбейин деп ниет кылгандары да болгондур. Бирок «бурула келгендердин» эле эмес, атайын камданып ажыга барган мансапкорлордун арасында деле элдин ырыскысына кол салбайын, таза иштеш колумдан келбесе, бир жаңсыл дыйканчылык же бизнес менен эле алектенейин дегендери барбы?..

Мечит көбөйгөн сайын коррупция күч алып, терең тамырлап баратканынын, мамлекеттин мүлкүн талагандар, ишкерлердин маңдай теринен, жигердүү изденүүсүнөн куралган менчигин тартып алган рейдерлер (каракчылар), адам өмүрүн курт-кумурскадай тебелеп-тепсеген кылмышкерлер ого бетер кутуруп жатышынын себеби дал ушул жакта эмеспи!

Кыргыздын ыйманы кандай?

Тил илиминин семасиология бөлүмүндө далилденгендей, өздөштүрүлгөн сөздөрдүн мааниси көбүнчө кеңейип же тарып кетет. Ошондуктан, мисалы, «ыйман» сөзүнүн биздин тилдеги мааниси кыйла башкача. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун авторлорунун бири, белгилүү этнопедагог Сабыр Иптаров жазгандай, бул сөз «”ниет”, “пейил” деген түшүнүктөргө кыйла жакын (”Ар адам пейилинен табат”, “Пейил оңолбой, турмуш оңолбойт”). Ал эми турмуштук түшүнүм деңгээлинде ыйман “чынчылдык” (“Ыймандай сыр”), “түз сүйлөө” (“Ыйманга камчы чаппоо”), “уят-сыйыттуулук” (“Ыйманын сактоо”) түшүнүктөрү менен маанилеш». Педагогика менен адабияттагы эң түйүндүү “нравственность” терминин да ыраматылык Сабыр агай ушул сөз менен которгон.

Түштүк диалектинде адептүүлүгү, акыл-эстүүлүгү жүзүнөн даана көрүнүп турган нур жүздүү адамды “ыйманы ысык” дейт (“Түсү ийгиден түңүлбө” дейт эмеспи). “Намыстуудан ыйман качып кутулбайт” деген макал да бар Жерге-Талда.

Бизде эзелтен эле биринчи кезекте бул түшүнүктүн элдик каада-салтка, нарк-насилге шайкеш жагы көңүлдө тутулуп келген. Улууну урматтаган, кичүүгө ызаат көрсөткөн, «Манастай» Сөз мухитин аздектеп, рухун дайым тазарта жүргөн, «уугум, сага айтам…» деп кыйыта электе эле жагдайды кишинин кабак-кашынан илгиртпей баамдаган көчмөн кыргыздын эзелки ЫЙМАНЫ азыркы «тиги ширк, бул ширк» деп өздөрүнүн тар, тайыз түшүнүгүнө сыйбаган көрүнүштөрдүн баарын жерий берген, элдин ырыскысын уурдагандарга кошомат кылган «таксырлардын» "ыйманынан" миң эсе таза, бийик боло келген.

«Баланчанын уулу ыймандуу жигит экен», - дегенде кыргыз анын арабча келме келтиргенин эмес, биринчи кезекте адамгерчилигин, пейили кенендигин, боорукерлигин, чынчылдыгын эске алган. Албетте, эл бул сөздү молдолордон уккан, алар да ислам динин өзөгүн түзгөн бул теологиялык терминди жөнөкөйлөтө, кыргыздын исламга чейинки рухий дөөлөттөрүнө, пейилине, дилине жакындата түшүндүргөн окшойт. Чындыгында эле ар бир диндин түпкү максаты – коомду пас мүдөөлөрдүн азгырыгынан, туткунунан бошотуп, ич ара жиктешүүнү, касташууну жоюп, ынтымакты бекемдөө, адам баласынын бул жарыкта бактылуу өмүр сүрүшүнө өбөлгө түзүү эмеспи?

Теократия менен ойнобогула

Президенттин ыймандуулукка чакырганы абдан жакшы. Бирок мечитке баргандар гана (же баргандардын баары) ыймандуубу? Коом турмушунда өз-өзүнчө орду бар мечит менен мектепти карама-каршы коюштун кажети бар беле?

Булардын ыктыярына койсо, мектептерди жаап, мечитке айлантат, элдин элдигине өзөк болуп сакталып келген эзелки каада-салттарды, рухий дөөлөттөрдү жокко чыгарып, диний эмес билим алууга (билим берүүгө), маданиятка, көркөм чыгармачылыкка, өнөргө тыюу салуу же кайсы бир «аалымдын» тар түшүнүгүнө ылайыкталган «диний» гана нукка чектөө үчүн эч нерседен кайра тартпайт.

Башкалардыкы го маалым: бирөө динди үстүрт түшүнүп, кийинки кездерде көбөйүп бараткан чала молдо дин бузарларды сакал-дамбалына карап эле мусулман деп ойлогонунан, ислам динин дал ушулардын тайкы кешпири аркылуу кабылдаганынан мектепке мечитти каршы коюп жатат. Дагы бирөө дүйнө таанымы «диний» тайыз көз караш менен чектелген фанаттыгынан, караңгылыгынан же утурумдук пайдага кызыкканынан ушундай жосунга барууда. Атайылап кырдаалды курчутуп, аңтар-теңтер кылууга дегдегендер, бул максатта карапайым калайыкты тымызын да, ачык да үгүттөгөндөр, теократиялык (динге, бул жерде исламга негизделген) башкаруу тутуму эң адилет, калыс болот деп үгүттөгөндөр да көп.

Экстремисттик маанайды жайылтып, коомду элдешкис жааттарга бөлүп, кайраштырууга, социалдык кыйроого түртүп, Кыргызстанды Сириядагыдай кара күчүнө (бекер жаткан ашыкча курал-жарагына, арам байлыгына) мас боло кутургандардын таймашуу майданына айлантууну көздөгөн сырткы күчтөр да бар. Аларга таянгандар эң кооз ураандарды чакырат, көпчүлүктүн көңүлүндөгү мүдөөлөргө жеткиребиз деп алдайт, бирок бузукулардын түпкү максаты – дегеле ыймандуулукту бекемдөө эмес, коомдо адилеттикти орнотуу эмес, тескерисинче, чексиз бийликке жетүү жана элдин баары кыңк этпей баш ийиши үчүн адамдарды маңкурт кылуу. Бул үчүн алар Курандын аяттарын контексттен жулуп алып, бир беткей, тайыз чечмелейт да, башка диндегилерге жана динчил эместерге кас мамилени жаратууга, күчөтүүгө умтулат. Булардын ыктыярына койсо, мектептерди жаап, мечитке айлантат, элдин элдигине өзөк болуп сакталып келген эзелки каада-салттарды, рухий дөөлөттөрдү жокко чыгарып, диний эмес билим алууга (билим берүүгө), маданиятка, көркөм чыгармачылыкка, өнөргө тыюу салуу же кайсы бир «аалымдын» тар түшүнүгүнө ылайыкталган «диний» гана нукка чектөө үчүн эч нерседен кайра тартпайт.

Кыргызстандагы борбордук мечит.
Кыргызстандагы борбордук мечит.

70 жыл бою адамдын баскан-турганын, ой-санаасын, атүгүл ички сезимдерин да толугу менен «бирден-бир туура» калыпка салууга аракеттенип келген коммунисттик тоталитаризмдин бийлигинде жашадык дейбиз. Өткөн кылымда бирде жумшарып, адамдык нарк-насилге жакындап, бирде катуулап, Айтматовдун Сабитжаны шыпшына мактап-жактаган «мамлекеттин эң жогорку кызыкчылыгы» үчүн ата-энесинен кечүүгө, боордошун түрмөгө салып беришке, колуна курал алып «интернационалисттик парзды аткарам» деп башка өлкөгө бастырып кирип кан төгүүгө – дегеле «акылман партия менен адилет өкмөттүн» жумшаган жагына барууга, каалагандай буйругун аткарууга даяр турган маңкуртчулукту чегине жеткире күчөткөн тутумдун сабактарын биз алигече терең түшүнө элекпиз.

Бирок теократиялык тоталитаризм диний эмес тоталитаризмден жүз эсе жаман болорун билгендер бизде өтө аз. Ошондуктан мечитти мектептен өйдө койбой, динди саясатка аралаштырбай, андан көрө формалдуу «такыбалардын» түшүнүгү менен чектелбеген илим-билимди колго алуу зарыл. Анткени «таксырлар» атеисттик түзүм болгон деп жамандаган совет доорунда адамдар азыркыдан алда канча таза жашагандыгынын башкы себеби – ал кезде коррупция жокко эсе болчу, мектепке мамлекет бүгүнкүгө салыштырмалуу бир нече эсе жакшы кам көрчү, мугалимдер жакшы маяна алып, сый-урматка бөлөнүп турчу. Мектеп балдарды эле окутуп-тарбиялабастан, коомдогу адеп-ахлакка да зор таасир тийгизчү.

Эми эмне кылуу керек?

Бирок жеке адамды да, бүтүндөй коомду да бир гана мектеп же мечит тарбиялай албайт. Элдин рухий жашоосуна өбөк болор маданиятка, көркөм өнөргө, илимге мүмкүн болушунча жакшы көңүл буруу зарыл. Эң башкысы, мамлекеттүүлүктүн жерпайын бүлдүрүп жаткан коррупциячыларды текши жоопко тартып, сот адилеттигин орнотуу, мыйзамдуулукту бекемдөө үчүн бийлик мыкты команда куруп, чечкиндүү иштеши керек.

Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт. «Кыргыздар исламга чейин таш доорунда жашаган», «Эки бир тууган кудалашса боло берет», «Кыздарды тогуз жашынан күйөөгө берсе болот», «Эки аял албагандар эл башкара албайт», «Аялыңды таяк менен эмес, аял менен ур! (токол алам деп коркут)» дегендей нарк бузар «насааттарды» токтотуш керек. «Манас» баш болгон улуттук дөөлөттөргө акаарат келтиргендерди тыйыш керек. Албетте, андайларга өчөшүп жалпы диндар замандаштарыбызга тил тийгизгендерди да тизгиндеш керек.

Чындыгында мамлекет бекемделсе, булардын баары өзүнөн өзү эле тыйылат. Диний жагдайды саясий максатта пайдалангандар жок болот.

Эгер президент адилеттикти, кара кылды как жарган калыстыкты туу тутуп, бекем турса, эл аны колдойт да, коомубуз тазарат, мителер жоюлуп, чыныгы ыймандуулардын татыктуу жашашына шарт түзүлөт. Бюджет талоонго кабылбай, мектеп курууга, мугалимдер менен догдурлардын эмгек акысын эч болбосо базардагы майда-барат саткандардын кирешесине теңештирүүгө мүмкүнчүлүк жаралат. Ошондо «мектептен мечит көп болгону жакшы» деп байкоостон айтылып кеткени да унутулат, диний жөрөлгөлөр ашыкча уу-дуусуз орундалып, илим, билим, маданият өз нугунда өнүгө берет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Жолдош Турдубаев

    "Азаттыктын" блогери. Тажикстандын Жерге-Тал районунда туулган. 1990-жылы Орусиянын Самара шаарындагы Пединституттун орус тили жана адабияты факультетин артыкчылыктуу диплом менен аяктаган. Адабиятчы, публицист, журналисттер арасында өткөрүлгөн республикалык конкурстарда бир нече ирет баш байгелерди жеңип алган, 2007-жылы Voice of Freedom Central Asia долбоорунун алкагындагы адам укуктары боюнча макалалардын Борбордук Азия журналисттеринин арасында жарыяланган конкурстун экинчи байгесине ээ болгон.

XS
SM
MD
LG