... Бир канчообуз көздөрүбүз жылтырап, кайра-кайра шилекейибизди жутуп, ооз ачарды күтүп отурган элек. Жаныбызда жол оңдоп жаткандардын ызы-чуусу да басылып, кулагыбыз жыргап эле калгандай. Дасторкон үстү дүр-дүйүмгө толуп турганына карабастан, баарыбыздын көзүбүздөн учканы эле - суу... Аяшым бала эмизгендиктен, орозо туткан эмес. Биз, эркектер, ал кишиге тамак жасаттырып, дасторкон даярдатып коюп, тоону томкоруп келгендей отурабыз. Аяшыбыз орозо тутпаганы менен бала эмизип, кечке анын түйшүгүн тарткан энелик эмгегин ойлоп да койбоптурбуз. Жубайына кол кабыш кылайын дедиби, айтор, досум тура калып, муздаткычты көздөй басты. Муздаткычты ачкан досумдун ыраңы өзгөрө түштү. Издегенин таппай калды го, сыягы. Анан аялына карай үн катты:
- Нургүл, муздаткычка бир бөтөлкө суу койгон элем, атайын кечинде орозо туткандар ичебиз деп, жок го?
- Ии кокуй, мен аны жол оңдогон бала чак түштө: «Жеңе, суу бериңчи!» деп келгенинен боор ооруп, бере койбодум беле...
Досум бозоргон бойдон дасторконго кайтты. Ортодо үнсүз ыңгайсыздык өкүм сүрдү. Кыязы, аяшым «сууну чаңкаганга бергеним жакшы, кайра бөтөлкөгө суу куюп муздаткычка салып койбой, каап...» деген ойго чөмүлө калды окшоду. Адатта мындайда күйөөсү аялын уруша кетчү эле. Бирок бул жолкусунда досум унчукпай эле, алып келген мейманы кожейкени айыптап кирсе болобу.
«Алланын парзын аткарбаганга суу берип, сен да кызыксың. Орозо кармабай суу сурап келгенге «суу ичпей, балээ ич» десең болмок», - деп опурула кетти. Ошондо мен чыдабай кетип, сөзгө аралашууга туура келди: «Тууганым, сен, биринчиден, кесибиң боюнча аптекарсың, демек, дин тууралуу өкүм чыгаруу сага жарашпайт. Экинчиден, ушул аптапта таштын үстүндө кечке иштөө деген канчалык кыйын экенин билесиңби? Мындай оор жумушта иштегендердин суу ичпей ден соолугун бузуп алганы күнөө, тетирисинче суу ичип, ден соолугун сактап калганы туура болот. Бул тууралуу шарияттын өкүмдөрүн терең талдап бергенге кудуретим жетет», - дей салдым.
Бир аз катуу айтканымды сезип турдум. Бирок ысыкта кыйналып иштеп, бала-чака багуунун камында жүргөн бир туугандарды ушинтип кемсинткенине чыдабай кеткен элем. Шариятта орозо кармабай койсо боло тургандардын бири - жолоочулар. Бул жеңилдик Араб жарым аралындагы ысык күндө жөө же төө менен сапар тартуудагы кыйынчылыкты эске алып берилген чыгаар. Күнүмдүк турмушта андай сапарларга тете машакат-түйшүктөр көп эле кездешет эмеспи. Мына ошолор Кудай берген жеңилдиктен колдонсо эмне болмок эле? Эгерде киши ден соолугуна зыян келе турган оор иште иштесе, албетте, орозо тутпай турушу абзел. Орозо тутуу ибадаты адамдын биологиясына да байланыштуу маселе болгондуктан, бул жагынан адис доктур сүйлөшү туура.
Куранда жер бетиндеги эң ыйык макулук - адам экендиги көп айтылат. Бул деген адамдын жаны ыйык, жашоо укугу кол тийгис дегенди туюндурат. Мындай принципти койгон Кудай эч качан кулуна зулумдук кылбайт. Кулу өтө оор шарттарда жашоого болгон күрөшүн улантып жатканын көрүп туруп, анын орозо кармай албаганына ачууланмак беле? Курандагы 113-сүрөө мээримдүү жана ырайымдуу Алланын аты менен башталат. Кишинин Кудай тууралуу түшүнүгү оңолмоюн, мындай маанисиз талаш-тартыштар улана берет. Кудай каардуу, абалды түшүнбөгөн, залим деген түшүнүк тескерисинче адамды динден суутат!
Бул окуяны эмне үчүн эскердим? Кээ бир кишилерибиз, тилекке каршы, Кудайды туура тааныбай туруп, динди тааныганга аракеттенет. Натыйжада Кудайды тааныбастан туруп эле анын өкүмдөрүн биле калган, ал өкүмдөрдү Кудайдын азиз, ак жүрөк пенделерине таңуулаганга чейин барган, "акыйкат ушул" деп таңуулаган «билермандар» чыкты. Албетте, андай адамдарыбыздын көпчүлүгүнүн ниети таза, ичинде кири жок. Балким, оюнда өзүн Алланын динин коргоочу катары көрүп жаткандыр. Бирок бир беткей, жаңылыш өкүм айтып салса, башка ишенчээк, көөдөнү таза пенделерге зыян алып келиши мүмкүн эмеспи?
Бардык ибадаттар сыяктуу эле орозо кармоонун максаты - адамды адептүүлүккө, чыдамкайлыкка тарбиялоо. Орозону бизге "кедей-кембагалдын, колунда жоктордун абалын түшүнөлү, сезели, колдон келсе жардам берели" деп буюрган. Орозо мусулман баласын тартипке тарбиялашы керек. Кечке тамак-аштан, аялы менен жакындашуудан оолак болуу, муктаж кишилердин абалын сезе билүү тартиптүү, чыдамкай мусулмандын гана колунан келе турган иш. Арийне, орозонун таасири бир ай менен эле чектелип калбашы керек. Киши орозодон үйрөнгөн боорукердигин, чыдамдуулугун, жоомарттыгын, адептүүлүгүн жыл бою карманууга тийиш. Тагыраагы - ач калуунун жана кедей жашоонун канчалык оор экендигин, колунда жоктор менен токочун бөлүшүп жештин канчалык ыйык экендигин, күнөөдөн оолак, адеп-ахлакка жанашып жашоонун канчалык пакиза экендигин 365 күн бою сезип жашоого тийиш. Мына ошондо Кудайдын парзын аткардым десе болот.
Куран түшкөн чөйрөдө эң орчундуу маселе - ачкачылык, кедейлик экенин ислам тарыхый булактары айгинелеп турат. Эмне үчүн зекет берүү, орозо кармоо, битир-садага берүү сыяктуу өз ара жардамдашууга арналган принциптерге ислам баа берген? Эмне үчүн исламда орозосун бузган, антын бузган, аялы менен туура эмес убакта жакындашкандарга карата буйрулган көпчүлүк жазалар (каффаарат) муктаждарга тамак жедирип, тойгузуу менен өткөн? Бул ал учурда ачкачылыктын канчалык оор болгонунан кабар берет. Ал эми орозо ошол коомдун эң орчундуу маселесин чечүүгө, адам деген азиз макулукту жашатканга өбөлгө түзгөн ибадаттардын бири болгон.
Ошондуктан, келиңиздер, ыйык орозо айында туткан орозолорубуз кабыл болсун, дагы да адептүү, айкөл, берешен, кечиримдүү жана адамдык сапатты туу туткан инсан болууга аракеттенели.
Элмурат Кочкор уулу,
Түркиядагы Эржийес университетинин докторанты
P.S: Автордун ою "Азаттыктын" көз карашын билдирбейт.