Үч жыл террордук топтун бул өлкөдөгү де-факто борбору деп саналып турган Ракканы Кошмо Штаттардын колдоосун алган күчтөр алты айга созулган айыгышкан салгылашуудан кийин өз карамагына алышкан.
Ракканын бошотулганына бир жыл
Былтыр 17-октябрда АКШ колдогон "Сирия демократиялык күчтөрү" Ракка шаарынын ал-Наим аянтында өз желектерин көтөрүшүп, калаага толук көзөмөл орнотконун жарыялашкан. Ошол күнү алар террордук уюмдун калаадагы акыркы уюктары болуп саналган оорукана менен стадионду өз карамагына алышкан. Бир жыл өттү. Оорукананын имараты калаадагы миңдеген башка имараттардай эле жарым-жартылай урап турат. Кире бериште “Ислам мамлекетинин” согушкерлери коргонуу максатында тизишкен мүшөк-мүшөк кумдар жатат. Дубалдары аткыланган, ал эми бүтүн калган эшиктерде “таза” деген жазууларды көрүүгө болот. Бул "бөлмө террорчулардан тазаланды" дегенди билдирет.
Ракканы “Ислам мамлекети” тобу 2014-жылдын январь айында ээлеп алган жана ал толугу менен экстремисттердин көзөмөлүнө өткөн алгачкы сириялык шаар болгон. Топтун мүчөлөрү Ракканы өз “халифатынын” Сириядагы борбору деп жарыялап алышкан.
2017-жылдын июнь айында башталган шаарды тазалоо операциясына жалаң эле "Сирия демократиялык күчтөрү" эмес, жергиликтүү күрт, араб кошуундары да катышкан.
Андан бери Раккага он миңдеген тургундар кайтып келгени менен жашоо коопсуз деп айтуу кыйын. Согушкерлер шаар ичин мина коюп салышкандыктан, күн алыс карапайым кишилер минага жарылып каза тапканы кабарланат.
"Amnesty International": коалиция жайкын тургундардан кечирим сурашы керек эле
Сириядагы согушка башынан байкоо салып келген уюм - Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы коалициялык күчтөр менен согушкерлердин ортосундагы уруштарда 3250дөй адамдын өмүрү кыйылганын бир жыл мурда билдирген.
Уюмдун эсебинде алардын дээрлик үчтөн бири жайкын тургун болгон.
"Amnesty International" уюму калааны согушкерлерден бошотуу маалында АКШ башында турган коалиция урган соккулардан жүздөгөн карапайым тургун каза тапканын билдирген. 15-октябрда уюм жарыялаган баяндамада уюмдун укук коргоочулары бул жоготуулар үчүн жоопкерчилик албай жаткан коалиция күчтөрүн сынга алышты. Алар Раккадагы абал ушу тапта үрөй учурарлык экенин белгилешет.
- Бүгүнкү күндө калаанын 80 пайызы бузулган. Раккадагы 30 миңдей имарат жер менен жексен болгон, ал эми 25 миңдейи жарым-жартылай ураган. Бул шаарда жер үстүндө басып жүргөн тирүү адамдардын санына караганда жер алдында жаткан адамдардын өлүктөрү көптөй сезилет, - деди "Amnesty International" уюмунун изилдөөлөр боюнча директору Анна Нейстат.
Уюмдун баяндамасында Кошмо Штаттар карапайым калктан кечирим сурагысы келбегени таң каларлык экени жазылган. Уюмдун өкүлдөрү Раккага барып, жергиликтүү калк менен жолугуп, сурамжылоо өткөрүшкөн. Андан тышкары жандоочтон алынган фотосүрөттөрдү жана башка материалдарды талдап чыгышкан. Ошондон улам алар Ракканы бошотуу маалында абадан урулган соккулардын 90% АКШга, ал эми калгандарын Британия менен Франциянын күчтөрүнө туура келерин жазышкан.
- Коалиция болгону 77 адамдын өлүмү үчүн жоопкерчилик алды. Албетте, "Ислам мамлекети" радикал тобунан Ракканы бошотуу оңой болгон жок. Салгылашуулар шаардын өзүндө болду жана ал маалда баары аралашып, кимиси жайкын тургун, кимиси "Ислам мамлекети" тобунун согушкери экенин айырмалаш оор болчу. Бирок биз бул операция алдын-ала ойлонулуп, карапайым адамдардын арасында жоготууларга жол бербей өткөрүлсө болмок деген пикирдебиз, - деди "Amnesty International" уюмунун изилдөөлөр боюнча директору Анна Нейстат.
Пентагон эл аралык уюмдун иликтөө ыкмасын сынга алып, сентябрь айында өз билдирүүсүн жарыялаган. Анда “биз өз операцияларыбызды жайкын тургундарга жана инфраструктурага мүмкүн болушунча азыраак зыян келтиргидей кылып кылдат жүргүзүү процесстеринин үстүндө иштеп жатабыз” деп жазылган.