Украин президенти Петро Порошенконун көз карашында, орус президенти Владимир Путиндин Крымга барышы “бүткүл цивилизациялык дүйнөгө чакырык жана орус аскерлери менен жалданмаларынын кырдаалды курчутуу боюнча Донбасста ишке ашырылып жаткан сценарийдин улантылышы”.
Порошенко белгилегендей, Путиндин Крымга сапары ошондой эле Орусия басып алган жарым аралды милитаризациялоо, анын изоляциясы мындан ары да күчөй турганынын ишарасы.
Порошенконун ырастоосунда, “Крым Украинанын аймагы, анын келечеги, анын ичинде туристтик келечеги Украина менен гана байланыштуу”.
Орус президенти Путин Крымга дүйшөмбү күнү барган учурунда дал ушул туризм маселесин талкуулаган эле. Мамлекеттик кеңештин Крымдагы көчмө жыйынында сүйлөп жатып, Путин Орусия боюнча саякаттагандар саны 2014-жылдын жыйынтыгы менен 30% өскөнүн, ички туризмдеги оң тенденцияларга рублдин куну кетиши да дем бергенин белгиледи:
- Албетте, биз силер менен муну эң жакшы түшүнөбүз. Буга учурдагы экономикалык кырдаал, баа конъюктурасы, алмашуу курсундагы айырмачылык да таасир берди. Көптөгөн чет өлкөлөрдө эс алуу рублга которгондо кымбатка туруп калды. Бирок Ата мекендик туристтик индустрияда позитивдүү өзгөрүүлөр болгону анык.
Туризм - Путин жыйын өткөргөн Крымдын экономикалык таянычы.
Былтыр Крым жарым аралы басылып алынып, ал жерге украиналыктар менен европалыктар баруудан баш тартканда орус өкмөтү аймактагы туризмди колдоо өнөктүгүн жүргүзгөн эле. Бирок ал күтүлгөндөй натыйжа берген жок. Орусиялыктар мурдагыдай эле Крымга караганда Түркиянын курортторуна артыкчылык беришкен.
Айрым талдоочулар Путиндин аннексияланган Крымга азыркы сапарын туризмден башка жагдайларга да байланыштырууда. Орусиянын стратегиялык изилдөөлөр институтунун мурдагы эксперти Александр Сытин “Азаттыктын” украин кызматы менен маегинде мындай дейт:
- Маселе, албетте, туризимди өнүктүрүүгө байланыштуу эмес. Мен бул жерден эки аспектини көрүп турам. Биринчиси - ички саясаттын маселеси, патриоттуулукту кайра көтөрүү. Себеби, Крым аннексиясы орус коомунун басымдуу бөлүгүндө патриоттук эйфорияны жаратканы белгилүү, Экинчи жагынан бул эл аралык коомчулук үчүн ишара. Менин көз карашымда ал ишаранын мааниси - Орусия Крым боюнча эч кандай сүйлөшүүгө барбайт жана бул жаатта эч кандай мунаса мүмкүн эмес дегендик.
Путиндин Крымга барышы жарым арал аннексиялангандан берки үчүнчү сапары. Азыркы сапары учурунда Путин Крымдагы улуттук коомдук бирикмелердин өкүлдөрү менен да жолугушту. Крымдагы үчүнчү ири улуттук тайпа – крым татарлардын межлисинин башчысы, учурда Киевде жашоого аргасыз Рефат Чубаров “Азаттыктын” орус кызматына буларды айтты:
- Путин Батышка Крымда баары ажайып деген картинаны көргөзгүсү келип жатат. Бирок ошол ажайып картинага крым татарлары жетпейт. Путинге Крымда Орусияны баары, анын ичинде крым татарлары да кубаттап, ыраазы болгону маанилүү. Ал муну былтыр бир жардык аркылуу жасоого аракеттенди. Бирок ал жардык декларациядан башка эч нерсе бербеди. Путин Крымга Орусиянын келиши менен татар тили да мамлекеттик болуп калды деп бир нече жолу айткан. Иш жүзүндө болсо оккупациянын бир жылынан кийин крым татар жана украин тилдеринин колдонулушу Украинанын суверенитети кездегиден кыйла солгундап кетти. Буга кошумча крым татарларына карата системалуу репрессияларды айтсак болот. Украинада Орусиянын оккупациясынан кийин Крымды таштоого аргасыз болгондордун саны 20 миң деп жатышат. Алардын жарымына жакыны крым татарлары.
Крым татарлары Крымдын эки миллионго жакын калкынын 12% жакынын түзөт жана алар жарым аралдын Орусия тарабынан аннексияланышына каршы чыгышкан.
Президент Путиндин Крымга кийинки сапары Украина чыгышында орусиячыл жикчилдер менен өкмөттүк күчтөрдүн атышуулары кайра күчөгөн учурга туш келди.
Киев артиллериядан атуулардын көбөйгөнү үчүн орусиячыл жикчилдерди күнөөлөсө, орус тышкы иштер министри Сергей Лавров өз кезегинде Киевди айыптап, Украина жаңы чабуулга, кеңири масштабдагы урушка даярданып жатышы мүмкүн деп болжолдоду.