АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Франциянын жана Германиянын тышкы иштер министрлери менен Орусиянын Украинанын чыгышындагы “чагымчылдыктары” жана “жалынга май тамызчу куру чечендиги” жөнүндө талкуулагандгын АКШнын Мамлекеттик департаменти билдирди. Тараптар Орусиянын өзү басып алган Крым жарым аралындагы жана Украинанын чек араларына жакын аймактардагы аскерлерди топтоосун дароо токтотушу керектигин баса белгилешкен.
Блинкен, Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан жана Германиянын тышкы иштер министри Хайко Маас 9-апрелде өз-өзүнчө сүйлөшүү жүргүзүштү. Алар Украинанын чыгышындагы жаңжал андан ары ири чатакка айланып кетет ко деген санааркоодон улам НАТОго мүчө шериктердин арасындагы өз ра кеңешүүнү ыкчамдатууну сунушташты.
Киев жана Батыш өлкөлөрү Орусияга таянган Донецк жана Луганск облустарынын айрым бөлүктөрүн көзөмөлдөгөн жикчилдерди соңку мезгилдеги согуш аракеттеринин кескин өсүп чыгышы үчүн күнөөлөп жатышат, ал эми расмий Москва болсо бул үчүн Киевди айыптоодо.
Жакында Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрүнүн Украинанын чек араларына жакын аймактарга жана Украинанын басып алынган Крым жарым аралына улам көптөп топтолушу интернеттеги фото сүрөт, видео жана башка маалыматтар аркылуу чагылдырылды. Бул кабарлар расмий Москва Украинага өз күчтөрүн киргизүүгө даярданып жатат ко, деген кооптонууну күчөттү.
Кремль Батыштын өз аскерлерин артка чакыртып алуу чакырыгын четке какты. Ошол эле мезгилде, Орусия бийлиги 9-апрелдеги билдирүүсүндө эгерде Украинанын чыгышында согуш аракеттери кайра толук жанданчу болсо, анда орус аскерлери өз жарандарын коргоо үчүн тийешелүү чараларды көрүшү мүмкүн деп катуу эскертти.
Украинанын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы, генерал Руслан Хомчак Украина жикчилдерге каршы чабуул жасабай тургандыгын билдирди жана расмий Москваны кырдаалды курчутуу үчүн "аскердик күч менен коркутуп-үркүтүү" ыкмасын колдонуп жатат деп айыптады.
Орусия Украинанын Крым жарым аралын 2014-жылдын март айында бир тараптуу каратып алган. Мында ал орус жоокерлеринин зөөкүрлүк көзөмөлү астында референдум өткөргөн жана жарым арал “ыктыярдуу түрдө Орусияга баш кошту” деп жарыялаган. Дүйнөдөгү бери дегенде 100 өлкө тарабынан бул референдумдун натыйжасы мыйзамсыз деп таанылган.
Андан бери көптөгөн далилдер Орусиянын Украинанын чыгышында согушуп жаткан куралдуу жикчилдерге ырааттуу дипломатиялык жана аскердик жардам берүүнү улантып келе жаткандыгын айгинеледи.
Ок атууну токтотуу боюнча бир нече макулдашууларга карабастан, аймакта зордук-зомбулук эч качан токтогон эмес. Акыркы апталарда Орусия Украинанын чек арасына жакын жерде аскерлерин ачыктан ачык топтогондон кийин Чыгыш Украинада уруштар ого бетер күчөп кетти.
2014-жылдын апрелинен бери Чыгыш Украинадагы жаңжалдын айынан 13 миң киши набыт кетти жана 1 миллиондон ашуун киши жер которууга аргасыз болду. (TT)