Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:22

Украина: Жаңы коргоо министри болчу Рустем Умеров ким?


Рустем Умеров
Рустем Умеров

Орус армиясынын чабуулу күчөгөн кезде Украинада коргоо министри алмашууда. Бул кадрдык өзгөрүү Коргоо министрлигинин дарегине жемкорлукка байланыштуу сын күчөгөн маалда болууда.

Резниковдун ордуна Умеров

4-сентябрда Украинанын коргоо министри Алексей Резников кызматтан кетүү тууралуу Жогорку Радага кайрылганын билдирип, Фейсбукка жазган арызынын сүрөтүн жарыялады. Ушул эле күнү анын отставкасын парламенттин Улуттук коопсуздук, коргоо жана чалгындоо комитети кабыл алганын депутат Ярослав Железняк билдирди.

Президент Владимир Зеленский бир күн мурунку кайрылуусунда коргоо министрин алмаштыруу чечимин кабыл алганын айтып, Резниковдун ордуна крым татары, мурдагы депутат Рустем Умеровду сунуштаган.

“Мен коргоо министри Алексей Резниковду алмаштырууну чечтим. Жогорку Рада бул адамды жакшы билет. Умеров мырза тааныштырууга муктаж эмес. Парламент бул талапкерди колдоп берерине үмүттөнөм”, - деген Зеленский министрлик азыр аскерлер жана коомчулук менен иштешүүдө жаңы форматтарга муктаж экенин кошумчалады.

Рустем Умеров “Крым платформасы” депутаттык бирикмесинин башчыларынын бири болгон. Орусия менен Украинанын ортосундагы сүйлөшүүлөргө катышкан. Батыш маалымат каражаттары ал сүйлөшүүлөрдө ууланганы болушу мүмкүндүгүн жазышкан, ал өзү муну четке каккан. Учурда Мамлекеттик мүлк фондун жетектейт. Бир кезде крым татар саясатчысы Мустафа Жемилевдин жардамчысы болуп иштеген.

Маалымат каражаттарында Умеровдун дарегине ал акылдуу жана компетенттүү адамдыгы, Украинада жана чет өлкөлөрдө байланышы күчтүү экени, англис, түрк тилдеринде эркин сүйлөгөн коммуникаторлугу тууралуу жылуу пикирлер айтылууда.

Коргоо министрлигин 2021-жылдын ноябрынан бери жетектеп келген Алексей Резников курал-жарак жеткирүү боюнча эл аралык сүйлөшүүлөргө катышкан. Ал кызматтан кеткенден кийин Украинанын Британиядагы элчиси болот деген маалымат бар.

Украина: коргоо министри кызматтан кетти
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:45 0:00

Жемкорлукка айыпталган министрлик

Буга чейин Коргоо министрлигинин айланасында талаш жаралган. Жыл башында министрлик "украин армиясына азык-түлүктү базар баасынан эки-үч эсе кымбат сатып алды" деп сынга кабылган. Бир канча чиновник иштен кеткен.

Саясат таануучу Владимир Фесенконун пикиринде, президент Зеленский Резниковдун айланасында да, министерликтин айланасында да сын жараткан чыңалуу жоюу максатында министри алмаштырууда:

“Резниковду Улуу Британияга элчи кылып жиберүү идеясы июлда эле жаралган. Ал “Рамштайн” платформасындагы сүйлөшүүлөрдө байкалган дипломатиялык талантын ал жакта мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн пайдалана алат деген ишеним бар. Ал президенттик команданын жигердүү жана маанилүү мүчөсү бойдон калат”.

Фесенко Резниковдун ордуна Украинанын Аскердик чалгын башкы башкармалыгынын жетекчиси Кирилл Будановду дайындоо аракети да болгонун, бирок ал мындан баш тартканын “Настоящее время” каналына берген интервьюда айтты.

“Буданов погончон аскер кызматкери бойдон калгысы келди. Коргоо министри аскер адамынан дайындалбайт. Умеровду бул кызматка сунуштуу муну ырастап жатат. Бул жагынан Украина НАТОнун стандарттарына жана Батыштын саясий салттарына жооп берет”, - деди саясат таануучу.

Карапайым элдин пикири

Украиналыктар Резниковдун отставкасын ар кандай баалашууда. Reuters агенттиги бир канча тургундун пикирлерин жарыялады.

"Мен бул отставка өз убагында жасалган кадам деп эсептейм. Ал министрликти башкарып турганда коррупцияга байланышкан түрдүү маалыматтар чыкты. Бирок буга теледен же Интернеттен жүйөлүү түшүндүрмө уккан жокмун", - деди Киевдин тургуну Дмитрий Дугинов.

Баш калаанын дагы бир жашоочусу Александр Лабовкин "Баа берүү кыйын. Анткени биз көп нерсени билбейбиз, бул кадыресе көрүнүш. Бирок ал киши Украинанын кызыкчылыгы үчүн иштеди деп эсептейм" - деди.

53 жаштагы Игорь аскер кызматкери Резников Коргоо министрлигиндеги жемкорлук тууралуу маалыматка түшүндүрмө берип, күнөөлүү болсо жоокерчиликти моюнга алышы керектигин айтты.

Киев облусунун тургуну Светлана ал жакшы коргоо министри болгонун жана милдеттерин так аткарганын белгиледи.

Бул арада орус армиясы Украинанын ар кайсы аймактарында карапайым элдин өмүрүн кыйган соккуларын улантууда. Акыркы апталарда Орусиянын Украинага чектеш жерлери да дрон чабуулуна кабылып, Москва бул үчүн Киевди күнөөлөп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG