Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:45

"Дан келишими": Эрдоган Путиндин тилин эмнеге таба алган жок?


Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен Орусиянын лидери Владимир Путин.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен Орусиянын лидери Владимир Путин.

Сочиде жолугушкан Орусия жана Түркиянын лидерлери украин данын Кара деңиз аркылуу экспорттоого жол ачкан келишимди жандантуу үчүн тил табыша алган жок. Владимир Путин менен Режеп Тайып Эрдоган 2022-жылдын октябрынан бери биринчи жолу бетме-бет кездешти.

Кремль лидерлердин жолугушуусуна чейин жана кийин дагы Москванын талаптары аткарылмайынча "дан келишимине" кайтпай турганын билдирди.

"Орусиянын айыл чарба экспортуна байланыштуу бардык келишимдер аткарылары менен дан келишимин жандандырууну кароого даярбыз", - деди Путин жыйын соңунда.

Ал Киевди кайрадан айыптап, дан ташууга түзүлгөн гуманитардык коридорлорду "террористтик чабуулдар үчүн колдонду" деген жүйөнү айтты.

"Дан келишимине" келгенде Батыш Москваны алдап кетти деп күнөөлөдү.

Ошол эле маалда Путин Орусия азык-түлүк жана жер семирткичтерди экспорттоону улантууга ниети бардыгын билдирди. Ал Орусия Африканын алты өлкөсү менен сүйлөшүүнүн соңуна жетип калганын белгиледи.

Wall Street Journal басылмасы дипломаттарга жана аналитиктерге таянып, Эрдоган Украинанын “Азов” полкунун коргоочуларын Киевге кайтарып, Швециянын НАТОго киришине макулдук бергени үчүн Кремлдин "ачуусуна" тийгенин жазды.

Басылма белгилегендей, Путин Анкаранын соңку эки чечиминен кийин Эрдогандын "дан келишими" боюнча өтүнүчтөрүн жоопсуз калтырган.

17-июлда Орусия Кара деңиздеги порттордон украин данын экспорттого жол ачкан келишимден чыгып, кемелердин коопсуз катташына кепилдик берүүнү токтоткон. Ага удаа эле орус армиясы Украинанын портторуна жана эгин кампаларына, тегирмендерине сокку ура баштаган.

Эрдогандын дымагы

Режеп Тайып Эрдоган Путин менен үч саатка созулган сүйлөшүүдөн кийин "дан келишими" боюнча чечим жакын арада макулдашыларын билдирди.

Түрк лидеринин сөзүнө караганда, Киевдин жана Москванын берген сунуштары "тараптардын кызматташуусуна негизделген туруктуу, коопсуз жана такай иштеген модель" болуп бере алган жок. Ошондой эле Украинага "дан келишимин" жандандыруу үчүн "Орусия менен бирге кадамдарын пландоодо бир ыкка келүү зарыл" экенин кошумчалады.

Сочидеги жолугушууну утурлай Бириккен Улуттар Уюму Түркия менен бирге "дан келишимин" жаңыртууга өбөлгө болот деген ой менен жаңы сунуштарды иштеп чыккан.

Бул тууралуу өткөн аптада Москвага барган Түркиянын башкы дипломаты Хакан Фидан билдирген.

БУУ даярдалган сунуштарда "Орусиянын азык-түлүгүн жана жер семирткичтерин глобалдык базарга реалдуу баада чыгаруунун натыйжалуу жолун камсыздайт" деп белгиленген.

Быйыл Орусия эгинден мол түшүм жыйнап, дандын кору 100 миллион тоннадан ашты. Түшүмдү сыртка сатууда башкы атаандашы - Украина.

Буга чейин Украина үч багытта: Кара деңиздеги, Дунайдагы порттор жана кара жол, темир жол менен Европага эгин ташычу.

Москва "дан келишиминен" чыгып Одессанын портун бомбалагандан кийин биринчи багыт токтоду.

Ушу тапта орус күчтөрү дрон менен эгин кампаларын аткылап, экинчи багытты да токтотуу аракетинде.

Азырынча Молдова, Польша аркылуу кара жол менен украин данын Европа Биримдигине ташыган багыт ачык турат.

2022-жылдын 22-июлунда Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдө Украина, Орусия жана Түркия БУУнун ортомчулугу менен дан экспортун кайра жандантууну макулдашкан. Украина Түркия жана БУУ менен өзүнчө келишимге кол койгон. Орусия документти Түркия жана БУУ менен өзүнчө түзүп, эгин ташыган кемелердин коопсуздугун камсыздоо милдетин алган.

Кара деңиз коридоруна Киевдин, Москванын жана Анкаранын өкүлдөрү кирген Стамбулдагы координациялык борбор мониторинг кылат.

БУУнун маалыматына ылайык, Украина «дан келишиминин» аркасы менен миллиондогон тонна азык-түлүктү дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө жөнөттү. «Дан келишими» буга чейин үч жолу узартылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG