Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:42

"Ош окуясын иликтедик, бирок кийин башка комиссия түзүштү"


"Ош окуясын иликтесек, кийин башка комиссия түзүштү"
please wait

No media source currently available

0:00 0:48:02 0:00

"Бийлик сырлары" берүүбүздүн бул жолку коногу "легендарлуу парламенттин" депутаты, коомдук ишмер Ормон Шаршенов болду. Ал маегинде кантип коммунист болгонун, Ош окуясын иликтеген депутаттык комиссиянын иши кантип токтогонун, Чубак ажы эмне үчүн сотко бергенин ж.б. суроолорго жооп берген.

- Ормон Шаршенович, сиз парламенттин депутаты болуп турган убакта Ош окуясын териштирүү жана ага баа берүү комиссиясында иштептирсиз. Ошол убакта СССР бар эле, Масалиевдин бийлиги бар эле, сиздердин комиссия ушул окуяга ачык, так, адилет баасын бергенби?

- 1990-жылы 4-июнда каргашалуу Ош окуясы башталды. 5-июнда кечинде депутаттар мен, Төлөгөн Касымбеков, Кожомкулов дагы беш-алты киши болуп Апсамат Масалиевге кирдик. Эл жазуучусу Касымбеков: "Ормон, сен басма сөз боюнча комиссиянын төрагасысың. Ошондуктан Масалиевичке өзүң кирип “эмнеге депутаттар Ошко баралбайт, эл кырылып жатса, биз эмнеге бул жерде отурабыз, эч бир автоунаа же учак каттабай жатат деп айт" деди. Ага чейин парламентте бул маселени караган жокпуз.

Себеби, бийликтин башында бир киши (Масалиев) тургандан кийин ага бир ооз айтып, эскертип коёлу дедик. Депутаттар тобу кирип айтсак, Апсамат Масалиевич "мен өзүм ошол жактын кулуну болом, мен дагы эмне кылаар айламды таппай жатам. Чын эле барып көрөм десеңер, эртең саат 7де "Манас" аэропортунда болгула" деди.

Биз дароо келип парламентке айттык, ошол жерден депутаттар комиссиянын курамын тандады. Эртеси саат 7де 11 киши аэропортто болдук. Ошко обкомго келгенде Апсамат Масалиев мени "ушул комиссиянын төрагасы болосуң" деди. Өзү, Касымбеков, Бобулов болуп үчөө Баткен тарапты көздөй кетмек болушту. Мен Алай, Өзгөндө болуп, 24 күн жүрдүм. Ар бир райондо эки-үч күндөн болдук. Күндө ый, куран окуу, арыз-муң менен ар бир жолугушуу башталып жатты.

Июнь айынын аягында Бишкекке келдик. 36 беттен турган справка түздүк, ар бир райондо эмне болгонун өзүнчө жаздык. Жогорку Кеңештин жыйыны жабык эшик артында өттү. Алгач кинорежиссер Дооронбек Садырбаевдин 25 мүнөттүк видеосу көрсөтүлдү, калганын мен 20 мүнөт доклад жасадым. Ошол кинодон, докладдан бир да барак журналисттерге чыкпасын деп буйрук берилди. Апсамат Масалиевич өз мойнуң менен жооп бересиң деп мага катуу айтты. Масалиев анан айтты “биз башка комиссия түзөбүз, аны депутат Төлөгөн Касымбеков башкарат” деп айтты. Ошентип Ош окуясын иликтөө боюнча башка комиссия түзүлгөн.

- Эмне себептен сиздердин ишти жараксыз деп таап, жаңы комиссия түзүлдү?

- Тигил жерде абдан аянычтуу көрүнүштөр камтылган эле. Биз болгонун болгондой жазганбыз. Каза тапкандардын кандай жагдайда өлгөнүн, моргдогулардын да баарын көрсөткөнбүз. Ошондуктан Масалиевде “биз элди бири-бирине каршы коё албайбыз” деген максат болгон окшойт. Өзбекстандын ошол кездеги жетекчиси Ислам Каримов менен атактуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Төрөкулович жолугушуп, “биз бир элбиз, түрк элибиз, биз мусулманбыз” деп айткандары көпчүлүккө катуу таасир бергендей болду.

- Атамбаевдин президенттиги учурунда сиз Дин комиссиясынын төрагасы болдуңуз. Ошол учурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов менен чырдаштыңыз. Анын себеби ал киши Сауд Арабиясына араб тилинде кат жазып, кыргыздарды "бедуиндер" менен салыштырып койгондуктан деп айтылган. Деги, чырдын негизги төркүнү эмнеде эле?

- Чубак ажы муфтий болуп турганда Ош облусу Ноокат районуна жума күнү балдар мектепке барбасын деп фатва (чечим) чыгарат. Ноокат районундагылар мектепке барбай, жумушка да чыкпай коюшту. Ошко учуп бардым. Ал убакта Сооронбай Жээнбеков облуста губернатор болчу. "Сиз динге көп аралашпай эле коюңуз. Бул жерде биздин өзүбүздүн эрежелерибиз бар. Бул ишти мен өзүм колго алам. Сиз барып айтсаңыз “бир киши келип алып намаз окуба деп жатат” деп тескери үгүт жүрүп кетет. Мага ишенип коюңуз. Өзүм бул ишти бүтүрөйүн" деп губернатор сөзүн берди. Ошону менен Ноокатка барган жокмун. Аймактагы облустун казылары менен үч күн жолуктук.

Конституцияда "светтик өлкө деп жазылган, дин бийликке, бийлик динге аралашпайт эмгек кодексине ылайык, жума күнү баарыбыз жумушка чыгышыбыз керек, окууга барабыз” деп айттым. Ал эми Чубак ажы өзү Кыргызстандын жараны болуп туруп Конституцияга, Эмгек кодексине каршы фатва жазып жатпайбы. Мына ушул жерден биздин каршылыгыбыз башталган.

- Акырында Чубак ажы Жалилов сизди сотко берди. Сот кандай жыйынтыкталды?

- Күч, укук коргоо органдары бул теманы күчөтпөйлү деп жаап коюшту. Баардык тараптар түшүнүк каттарды жаздык. “Мындан ары мыйзамга каршы фатва жазылбайт” деп Чубак ажы мойнуна алды.

- Ормон Шаршенович, 2017-жылы президенттик шайлоодо негизги атаандаштар Сооронбай Жээнбеков менен Өмүрбек Бабанов болушту. Сиздер, аксакалдар ошондо Бабановдун Казакстанга Нурсултан Назарбаевге барып жолукканын катуу сындап чыккансыздар. Бүгүнкү күн менен караганда ошол сыныңыздар күчүндө элеби же "чыкпай эле койсок болмок" деген ойлор барбы? Сиздердин чыгышыңыздарга президент Атамбаев өзү демилгечи болгон деген пикирлер бар.

- Чүй облусунун губернаторунун орун басары Аширов деген жигит чалып “сиз кандай дейсиз, президенттикке талапкер Бабанов башка өлкөнүн президентинин алдында отурат” деди. Анан аксакалдар “АкиПресс” маалымат агенттигине келдик. Журналисттер дароо толуп калды. "Азыр шайлоо жүрүп жаткан учур. Президент болом деген киши кошуна мамлекеттин эшигине барып "мени колдоп кой дегени" туурабы? Эл атасы боло турган киши кошуна мамлекеттин президентинен суранабы?! Өз элинен сураныш керек! Кулдук сезимден кутула албай туруп кантип падыша болосуңар" деген пикиримди айткам. Азыр да ошол пикиримден кайтпайм, дагы айтам!

XS
SM
MD
LG