"Бийлик сырлары" берүүбүздүн бул жолку коногу Кыргызстандын мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Мамбетжунус Абылов болду.
Ал маегинде курулуш тармагынан кантип мамлекттик кызматка келгенин, Акаевдин ишенимине киргени, Масалиев менен мамилеси, Маским Бакиевдин элчи кызматынан кантип түшүргөнү, оппозицияга эмне үчүн өткөнү ж.б.маселелер тууралуу кенен сөз кылат.
- Мамбетжунус мырза, сиз 1995-жылы Кыргызстандын курулуш тармагын башкарып турганда күтүлбөгөн жерден Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы болуп дайындалдыңыз. Демейде БШКнын төрагасы президенттин эң жакын, ишенимдүү адамы болот деп айтылат. Абылов ошондо президент Акаевдин ишенимине кирип калган десек болобу?
- 1992-жылы Кыргызстанда жер титирөө болуп, Тоолук, Жумгал, Суусамыр, Талас, Каракөл, Таш-Көмүргө чейин турак үйлөр талкаланды. Ал убакта Аскар Акаевич Ысык-Көлдө эс алып жүргөн экен. Эртең менен жумушка келерим менен Андрей Андреевич Иордан чалып, "Аскар Акаевич сени эч кайда кетпей турсун деди" деп айтты. Кайра чалып, "Президент учак менен көлдөн чыкты, бизди аэропорттон тосуп алышсын деди" деп айтты. Эки машина болуп бардык. Шеримкулов, Фишер, Чынгышев үчөө жер титирөө болгон аймактарга вертолёт менен кыдырып кетишиптир, алар да келип калышты. Аскар Акаевич аэропорттун залында эле чогулуш өткөрүп, кырсыктын кесепеттерин жоюну мага тапшырып, жардам берүүгө өкмөткө милдеттерди жүктөдү.
Андрей Андреевич экөөбүздү президент вертолёт менен алып кетти. Барып кыдырып көрдүк, каза болгондордун үйүнө барып, куран окуттук. Ошентип кайтып келатканда Акаев: "Эгерде сентябрга чейин үйлөрдү бүтүрбөсөк коммунисттер ансыз да мага каршы иштеп жатышат. Өзүң жоопкерчиликти мойнуңа ал. Сентябрга чейин бир да киши калбай баары үйлүү болсун" деп айтып калды. Ошентип мен күн-түн дебей 2010-жылы Оштогудан да 3 эсе көп курулуш иштерин жасаганбыз. Анан сентябрга баары үйлөр, башка объектилер даяр болду. Бир да кишиден арыз түшкөн жок. Ошондон кийин Аскар Акаевич “бул жигитке эң оор иштерди берсе болот экен” деген жыйынтыкка келгенби деп ойлойм. Болбосо, Фишерге тапшырган жок, Чынгышевге тапшырган жок мага тапшырып жатпайбы. Мен муну кийин Өзгөчө кырдаалдар министри болуп иштеп турганда түшүндүм.
Президенттин мага БШКны башкаруу боюнча сунушу Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылында жер тириреп калып, ал жакка барганда оозунан чыкты. Мен ага чейин саясат, демократия жөнүндө макалаларды жазчумун. Токмокто айнек заводунун курулушу менен таанышып жүргөндө "Аскар Акаевич саат 3кө келсин деп атат" деп мага телефон чалышты. Шашып бутумдагы чаңды да сүртүп албай бардым, аябай уялдым. Ошол жерде мага минтип айтты: “Сен демократия боюнча макалаларды жазып келатасың, мен окуп жүрөм. Шайлоого барсакпы же…. Барайын десек, коңшу президенттер чычалап жатышат, барбайын десем донорлор бизге жардам бербей коё турган болуп жатышат". “Аскар Акаевич, демократияга багыт алдыкпы анда шайлоого барыш керек” деген сөз оозумдан чыгып жатпайбы. "Анда шайлоону сен өткөрөсүң, сага тапшырам” деди.
- Ошол сизге Акаев ишенип берген 1995-жылдагы президенттик шайлоо адилеттүү, таза, ак өткөнбү? Анда Аскар Акаевич утулуп, Апсамат Масалиев утуп кеткен болчу деген сөздөр айтылган.
- Чет элдик басылмалар ал шайлоодон кийин “Кыргызстан демократияга дагы бир кадам жакындады” деп жазышты. “Шайлоонун көркүн Апсамат Масалиев чыгарды” десем, Аскар Акаевич “эмнеге” деди. “Сиздин атаандашыңыз 30 пайыз алып жаткандан кийин муну чыныгы атаандаш шайлоо десек болот” дедим. Эгер Масалиев 2-3 пайыз алып калганда эч ким ишенмек эмес. Ошон үчүн мен шайлоону таза өттү деп айта алам. Бирок, шайлоодо эреже бузуулар болгонун да мен байкадым. Акимдер Акаевге жагыныш үчүн, өзүнүн жеринен жакшы көрүнүш үчүн тең атаандаштыкка жол бербей коюшту.
- 1997-жылы сиз Өзгөчө кырдаалдар министри болуп турганда Акүйдүн айланасын темир тор менен курчоо боюнча демилге көтөрүп, өзүңүз курчаган экенсиз. Бул чын эле сиздин сунуш болгонбу?
- Жок бул туура эмес маалымат. Ал убакта күндө Ак үйдүн алдында пикетчилер ар кандай талаптар менен отурушчу. Мен качкандай болбоюн деп аларга барып, сүйлөшүп андан кийин Ак үйгө кирчүмүн. Ушундай көрүнүштөр кайталанып жатты. Мени Өзгөчө кырдаалдар министри кылып дайындагандан кийин Аскар Акаевич чакырды. "Мамбетжунус, өзүң көрүп жатасың, демократиялык өлкөдө мындай митингтер жаңжалга айланат. Ошондуктан Ак үйдү короолош керек" деген демилге көтөрдү. Анан токтом чыгардык, тендерден Танаев утту, Танаев курду.
- Андан бери темир тор үч жолу талкаланды, кайра салынды. Бирок, 2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин кашааны биротоло алып койгону туура болдубу?
- Туура эмес болду. Себеби, жарандык коргонуу деген сөзгө акыркы убакта көбүрөөк көңүл бурула баштаганын байкайбыз. Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал бизге көп нерсени айтты. Эгерде Ак үй алынса, бүтүндөй мамлекетти алганга тете болот. Ошондуктан жарандык коргонууну эске алсак, Ак үйдүн кашаасын кайра калыбына келтирүү керек.