"Бийлик сырлары” берүүбүздүн бул жолку мейманы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти, Жогорку Кенештин мурдагы депутаты Шарипа Садыбакасова болду. Маектешибиз кантип банк кызматкери болгонун, Москвадан “сөгүш алганын”, “Кыргызстан” банкынын акционерлери министрлер экенин, депутатттык “согуштар”, кантип “Ак жол” партиясына мүчө болгону, саясатчылар Атамбаев, Бабанов менен кармашуулары ж.б. жөнүндө кенен кеп кылат.
- Шарипа эже, 1995-жылы Жогорку Кеңеште депутат болуп шайландыңыз. Айтыңызчы, ошол учурдагы бийликтин саясаты боюнча кимдин депутат болоорун жогорку бийлик чечип турган, авторитет, абройлуу адамдарды депутат болууга чакырчу деген пикирлер бар. Бийлик сизди депутат болууга чакырды беле?
- Менин депутаттыкка барайын деген оюм жок болчу. Ат-Башыдан айтып калышты «бизге бир топ эле жардамың тийип жүрөт, бул жакка келбейсиңби, депутаттыкка көрсөтөлү" деп. Мен банкта иштеп жатканда “Волга 24/10” деген жеңил автоунааны кредитке алгам. Андан кийин ошондой эле машинени "Промстрой Банк" алды, кийин "АгроБанктын” жетекчиси алганда “банкирлер бай, эл минбеген машинелерди минишет” деп Коопсуздук кеңешинде маселе каралды. Президент Акаев өзү баш болуп биздин дарегибизге абдан оор сындарды айтышты. Кийин “банкирлер паракорлор” деген сөз тарады. Мен ыза болдум. Анткени мен банктан башка эч жакта иштебептирмин. Эмгегиң кайсыга көп өтсө ошону ардактап каласың да. Ошентип депутаттыкка барып, далилдеп берейин, банк системасын ары же бери кылып актап чыкпасам, элдин ишеними кетет деген чечимге келдим.
- Коопсуздук кеңешинен жаза алдыңызбы?
- Андай деле орчундуу жаза болгон жок. Мамлекеттик деңгээлде маалымкаттар күчтүү жазылган экен, мен сүйлөгөн жокмун. Шашып барып маселени түшүнбөй, материалдарды жакшы окуганга жетишпей калгандыктан, мени тургузуп сураса эмне деп айтам деп коркуп отурдум.
- Демек, сиз биринчи жолу депутат болгондо бийликтин эч кандай колдоосу болгон эмес деп жатасызбы?
- Биз Ат-Башыдан 6-7 киши менен кармаштык. Мени «эмнеге депутаттыка баратасыз» деп президенттик администраициянын жетекчиси Жаныш Үрүстөмбеков чакырып сүйлөшкөн. “Мен бирөөгө тоскоол болуп жатамбы? Ансыз деле банк системасын жаман көргөзүп бүттүңөр, баш көтөрүшүбүз керек, далилдешибиз керек, жаңы мыйзамдарды киргизиш керек, ошон үчүн баратам, эл чакырып жатат” деп айттым.
- Бийликтин макулдугун алган экенсиз да?
- Бирок, бийликтен “Садыбакасованы өткөргүлө” деген сөздү уккан жокмун.
- 2005-жылы Асанбай шайлоо округунан койгон депутаттык күрөшүңүз татаал болду. Сизди “бул округга бийлик атайын койгондугун, колдогонун, атаандашыңыз Мелис Эшимкановду оппозиционер Алмаз Атамбаев колдогонун” деп айтып жатышты. Башында шайлоонун жыйынтыгы менен депутат болуп сессияда отурдуңуз эле, кийин соттошуунун аркасы менен орунду бошотуп берүүгө аргасыз болдуңуз. Ага эмне себеп болду, же ошол учурдагы революциялык кырдаалдын кысымы болдубу?
- Бийлик мени эмес Алмазбек Атамбаевди колдогон.
- Ал учурда Атамбаев оппозиция болуп, Акаевди сындап жүрдү эле го?
- 2000-жылы Алмаз Шаршенович мени менен Бишкектеги “Асанбай” шайлоо округунан ат салышты. Мен андан “бул пенсионерлердин району мага ылайыктуу округ экен, сен башка жакка эле барбайсыңбы, жаш жигитсиң” деп сурандым. "Эже, мени көптөр чакырып жатат, тигил жакка Иса Өмүркуловду өткөрүшүм керек, бул жакка дагы бирөөнү өткөрүшүм керек болуп жатат. Ошондуктан, аларды жайгаштырып коюп өзүм бул жакты тандадым эле" деди. Ошондо, мамлекеттик катчы Накен Касиевич келип "эже, сиз ал округдан өзүңүздү алып коюңуз, бул бала (Атамбаев) бизге керек" деди. “Кыргызстанда 70 шайлоо округу бар, керектүү балаңарды каалаган башка жериңерден өткөрүп албайсынарбы” десем, "өкүнүп каласыз, утулуп каласыз, эже" деди Касиев.
- Жыйынтыгы кандай болду?
- Жыйынтыгында биз утуп алып, мен депутат болдум. Ошол убакта Атамбаевдин мага бир таарынычы болгон. Кийин, 2005-жылы Мелис Эшимкановго болушуп, мандатты алып берди. Анан Алмазга барып, “менде таарыныч жок” десем, "менде да жок, эже, мен Эшимкановду колдоп бир аз уят болуп калдым. Сиз кечирип коюңуз" деди. Атамбаевдин ушундай марттыгы, жигитчилиги бар эле.
- 2007-жылы Бакиев бийликте турганда анын партиясы «Ак жол» менен депутаттыкка барыпсыз да. Эмне үчүн ал партияны тандагансыз?
- Алгач "Кыргыз жер" деген партия менен баратканбыз. Биздики банк системасы болгондуктан ар бир аймакта тармактарыбыз бар эле. Анан президенттик администрациянын башчысы Медет Садыркулов чалып, "эже, эмнеге биздин шайлоочуларды талашып жатасыз" деди. “Энчилеп алдыңар беле, кыргыз эли баарыбызга таандык болуш керек” дедим. Ошону менен сөз бүткөн. Анан 7-ноябрда Садыркулов байланышып, “биздин партиянын тизмесин караңыз, курултайга келиңиз, Курманбек Салиевич сизди киргизе бергиле деп айтты" деди. Ошо менен айлам жок кирдим.
- Ага чейин сүйлөшүп, макулдашуулар болгон жокбу?
- Жок, болгон эмес.