"Бийлик сырлары" берүүбүздө Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Тойгонбек Калматов Компартиянын идеясы, мурдагы президенттер Акаев, Бакиев, Атамбаев, саясатчы Бекмамат Осмонов тууралуу көз карашы жана башка суроолорго жооп берди.
- Тойгонбек Зикирович, Бекмамат Осмонов Жалал-Абад облустук кеңешинин төрагасы болуп турган мезгилде президент Аскар Акаев аны кызматтан алуу боюнча аракеттерди көргөнү белгилүү. Ал учурда сиз да Жалал-Абадда иштейт элеңиз. Сиз жана башка адамдар ал инсанды кызматтан алуусун колдоп турдуңуздар. Кайсы көз караштан, кайсы себептен улам сиз бул чечимге кошулгансыз?
- Менин турмуштагы кредом - өтүп кеткен киши жөнүндө жаман сөз айтпаш. Бирок, ушунчалык конкреттүү суроо бергенден кийин мен анын рухунан кечирим сурап, болгон окуяны болгондой айтышым керек. Себеби, бул тарых. Мен ал кезде облустук кеңеште өнөр жайдагы жети структураны жетектеген бөлүм башчы кызматында иштеп жаткам. Бекмамат Осмоновичти мен мурунтан жакшы билчүмүн, бир айылданбыз, анын ичинде туугандыгыбыз да бар. Бекмаматтын жакшы пейилдери да бар эле. Анан корс, кекчил жагы да бар болчу. Студент кезден баштап эле жаңжалга жакын киши болчу. Кайсыл жерде болсо да сөзсүз уруш чыгарар эле. Буларды айтып жатканымдын себеби, кыргызда бир кеп бар «Жоголгон бычактын сабы алтын» деген. Кээде билип-билбестен өзүнүн пикирин айта бергендер көчөдө абдан көбөйүп кетти. Ошолор туура түшүнсүн деп айтып жатам. Ал жерде иштеп жатканда биз ал үчүн аябай катуу аракет кылганбыз. Президент Аскар Акаевич башында облустук жетекчиликке Бекмамат Осмоновдун талапкерлигин караган эмес, Камчыбеков Равшанбек деген алабукалык жигитти дайындаган. Мен анда Ноокен районунда биринчи катчы болчумун. Бекмамат менен, депутаттар менен сүйлөшүп республиканын жетекчилери көрсөтпөсө дагы биз Камчыбековду дайындаган чечимге каршы чыгып, Бекмамат Осмоновду губернатор кылып шайлаганбыз. Биз шайлагандан кийин Аскар Акаевич аргасыз макул болуп, Осмоновду дайындаган жарлык чыгарды.
Биринчиден, Осмонов Жалал-Абадда коррупцияны абдан гүлдөттү. Экинчиден, Жалал-Абад менен Ош облустарынын ортосунда мамиле бузулуп, эки мамлекет сыяктуу бири-бирибизге каттабай калдык. Үчүнчүдөн, келечектүү чечимдер эмес, жеке амбицияга байланыштуу чечимдер кабыл алына баштады. Мен ошондо эс алууда болчум. Курманбек Бакиев (Осмоновдун орун басары болчу) келип, «облустун жетекчилери биригип, президентке айтып, Осмоновду кызматтан бошотушубуз керек. Болбосо, абдан туура эмес жолго кетип жатат» деп калды. “Мен кошула албайм, себеби, Бекмамат экөөбүз бир айылданбыз, кичинекейибизден бирге өскөнбүз” дедим. Ошондо республикада чоң жыйын болуп калды. Жыйындан кийин Жалал-Абаддын 17 жетекчилери, анын ичинде губернатордун үч орун басары, калгандары район акимдери, шаарлардын мэрлери Акаевге кирип болгонун болгондой айтышып, күнөөлөрүн далилдеп, бошотуусун суранышат. Аскар Акаевич “макул бошотобуз, ордуна кимди шайлайбыз” дейт. Баягы 17нин ичинен үч-төртөөнүн ниети бар болот, бирин-бири көрсөтө алышпайт. Анан бул кабар Бекмамат Осмоновичке жеткенден кийин “он жетини” кызмат орундарынан бошото баштады. Орун басарларынын кабинеттерин жаптырып, телефондорун, машинелерин камап, өздөрүн жетелеп көчөгө чыгарып койду. Кээ бир облустук структураларда эки-үчтөн жетекчилер отуруп калышты. Бирин бошотпой туруп, экинчисин дайындай баштады. Анан экөөбүздүн ортобузда да түшүнүксүз маселелер болуп кетти. Анын бири Бакиев жөнүндө болуп калды. Экинчиси, Акаевге кирип чыккандар жөнүндө болуп калды.
“Сен аларга жардам бериптирсиң” деп калды. “Мен жардам берген эмесмин, алар жөнүндө менде азыр маалымат жок” дедим. Ушундан улам мага нааразы болуп калды. Кийин менин машинемди каматып, кабинетимди жаптырып, телефондорду үзүп, жаныма эки кишини алып келип отургузуп койду. Өзүнө кирип бул ишти токтотуу керектигин айттым, түшүнгөн жок. Акаевди күнөөлөй бериштин кереги жок. Бекмамат Осмоновичтин дагы бир катуу кеткени - Кулов вице-президент менен Чынгышев премьер-министр болуп турганда телеге чыгып, алардын экөөсүн тең “кыз теке” деп шылдыңдады. Ошондон улам жетекчилердин көз карашы биротоло өзгөрдү. Анан облустук кеңештин сессиясына Аскар Акаевичти чакырдык. Ал келгенде Бекмамат өзүнүн 1000ге жакын жактоочуларын чогултту, биз 5000ге жакын эл чогулттук. Сессияда 23 депутат сүйлөдүк. Алардын баары так, далил, фактылар менен сүйлөп жатышты. Акырында Осмонов өзү туруп: «Мен мынчалык катачылык кетиргенимди билген эмесмин. Мен иштей албайм, Аскар Акаевич, арызымды кабыл алыңыз» деди, анан кызматтан бошоду.
-1990-жылдардын аягы сиз Жалал-Абаддагы кайсы бир тармактын жетекчиси болуп турганда “мамлекеттик мүлктү ээлеп алган” деген күнөө менен иш козгоп, сизди камоого аракет кылган деп айтылат, ушул чынбы?
- Бул жерде абдан чоң саясат бар. Ага катышкандар азыркыга чейин тирүү. Алардын аты, фамилиясын да айтып коюшум мүмкүн. Президенттин жубайы Майрам Акаева мага киши жиберет «Мээрим» фондуна "белгилүү бир өлчөмдөгү акча берсин" деп. Мен “Калматовдун бир тыйын акчасы жок, болгон акча райондуку, элдики. Мага кагаз жүзүндө чечим чыгарып бергиле, акча берейин” дедим. “Жок, чечим эмес, нак бересиз” дешти. “Мен бере албайм, айтып баргыла” дедим. Мен чындыгында аларды Майрам Акаева жөнөттү деп ойлогон эмесмин. Ал кишинин атын сатып, менден акча алгылары келип жатат деп ойлогом. Мага кылмыш козгоонун дагы бир себеби, Акаевди президент шайлаганда биз канчалык аракет кылсак да, райондон 46 пайыз гана добуш алып калды. Масалиев 52 пайыздан ашык добуш алган.
Анан Майрам Акаева жөнөткөн киши «сиз Акаевге керектүү добуш алып бере албадыңыз, жок дегенде «Мээрим» фондуна акча бөлүп беришиңиз керек» деди. Менин акча бере албайм дегенимди уккандан кийин Майрам Акаева органдарды жөнөтүп, менин студенттик убактан берки архивимди текшертип баштады. Бирок, эч нерсе таба алган жок. Акыры “бир үйдү бийлигинен пайдаланып менчиктештирип алыптыр” деген маалымат чыгарышты. Ал үйдү мен 3700 долларга сатып алгам. Ошол иштин негизинде мени камаганга чейин аракет кылышкан. Президент Акаевге, өкмөт башчы Жумагуловго жумуштан бошотуп койгула деп бардым, маселенин баарын түшүндүрдүм. Акыры Башкы прокуратура “бул үй сатылып алынган, иш токтотулсун” деген чечим чыгарды.
- Атамбаев президент болуп турганда 69 жаштагы Тойгонбек Калматовго “расмий бийликти кулатууга аракет жасаган” деген берене менен кылмыш иши козголуп түрмөдө отурдуңуз, соттоштуңуз, акыры акталдыңыз. Азыр эми ошондо “Элдик парламент” деген уюмга “эмнеге кирдим экен” деп өкүнбөйсүзбү?
- Мен азыр дагы өкүнбөйм, туура кадам жасагам деп ойлойм. Анда Кыргызстанда коррупция күчөп, Атамбаев “өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” деп калган болчу. Эмне үчүн өкүнбөйм? Себеби, Атамбаев биздин айткан сөздөрдү угуп, туура чечим кабыл алганда, ал бүгүн түрмөдө отурмак эмес. Ошентип, мен акыры Жогорку соттун коллегиясынын чечими менен толук акталдым.