Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:04

Ош: Өзбекстан жапкан чек ара бекети кайра ачылат


"Ынтымак" өткөрүү пунктунда оңдолуп жаткан көпүрө. 2024-жыл.
"Ынтымак" өткөрүү пунктунда оңдолуп жаткан көпүрө. 2024-жыл.

Ош облусунун Кара-Суу районунда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда эки гана өткөрмө бекети бар эле.

Бирок алар дагы кыйла жылдан бери жабык турган. Ушу тапта автоунаалардын каттамы үчүн Шаркан-Сай каналында чоң көпүрөнүн курулушу жүрүп жатат. Тараптар чек ара бекеттерин ачууга белсенүүдө.

Кара-Суу районунун тургуну Алымжан Исмаиловдун Өзбекстанда туугандары бар. Өткөрмө бекеттер ишке кирет дегенди уккандан бери кубанып жатат.

Алымжан Исмаилов
Алымжан Исмаилов

"Бир топ жыл мурда ушул өткөрүү жайы менен Өзбекстанга барып келчү элем. Туугандардын көбү ошол жакта. Эч маселеси жок эле каттачу элек, кийин жаап салды. Эми кайра ачылат дегенди угуп, сүйүнүп турабыз. Менин ата-энемдин туугандарынын баары ошол жакта. Атам илгери Кыргызстанга көчүп келип отурукташып калган. Өзбекстанга баруу үчүн "Достук" менен каттап жатканбыз бирок бир топ эле убакыт кетип калат".

Президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Курбанбек Айтибаев көпүрөнү калыбына келтирүүнү коңшу өлкө колго алганын, өткөрмө жай ишке кирсе, “Достук” көзөмөл бекетине жеңилдик болорун айтууда. Анткени бул бекетте ары-бери өткөндөрдүн көптүгүнөн тыгын жана узун кезектер жаралууда.

Курбанбек Айтибаев.
Курбанбек Айтибаев.

"Мына көрүп жатасыңар "Достук" өткөрмө бекетинде техникалар, адамдар толуп калган учурларды. Бул көпүрө ("Ынтымак") курулуп бүтүп ишке кирип калса, айдоочуларга да, жүргүнчүлөргө да ыңгайлуу шарт болот. Кыргыз-өзбек мамилеси жакшырып жатканына байланыштуу өзбек тарап өздөрүнө да, бизге да жардам берүүгө аракет кылууда. Бизде 250 метр жолдун эски асфальттары сыйрылып жатат, жакынкы убактарда кайра ачуу иштерине аракеттер башталат".

Шаркан-Сай жана "Ынтымак" өткөрмө бекеттери мындан 14 жыл мурда - Өзбекстандын ошол учурдагы президенти Ислам Каримовдун тушунда жабылган. Кыргызстандын Ош облусу менен Өзбекстандын Анжиян облустары негизги “Достук” өткөрмө бекети аркылуу карым-катнаш кылат. Ошондуктан бул жерде көп учурда сааттап кезек күткөн учурлар болот. Чек ара кызматынын маалыматында бул жерде күнүнө кеминде 18-22 миң киши өтөт.

"Фергана өрөөнүндөгү эң ири дүң соода базары саналган Кара-Суу базарына жакын өткөрмө бекеттерди ачуу ириде сооданы жандантат", - дейт Ош мамлекеттик университетинде эмгектенген экономист Эрлан Камалов.

Эрлан Камалов
Эрлан Камалов

"Фергана өрөөнү дүйнөдө калк жыш жайгашкан аймактардын катарына кирет. Эгер өткөрүү жайлар ишке кирсе, Өзбекстандын Фергана, Анжиян, Наманган облустарындагы базарларга Орто Азиядагы эң ири базарлардын катарын толуктаган Кара-Суу базарындагы товарлардын агымын ошол жакка бурууга чоң мүмкүнчүлүк болот. Буга чейин деле соода алака болуп келген. Бирок кандайдыр бир товарлардын көлөмүнө чектөөлөрдөн улам соода-сатык суз тартып жүргөн болсо, азыркы учурда алаканын жанданышы кыргыз соодагерлерине, Кытайдан түз жүк ташып көнүп калган соодагерлерге бир топ эле жакшы болот. Салык төлөөчүлөрдүн эсебинен кыргыз экономикасына да чоң таасир этет", - деди экономист Эрлан Камалов.

Эки өлкөнүн чек арасында жалпы 15 өткөрмө бекет бар. Алардын көбү 2005-жылы Кыргызстандагы саясий окуялардан улам жабылган. Расмий Бишкек менен Ташкенттин мамилеси 2016-жылдан тартып жакшыра баштаганда бекеттерди ачуу иштери башталды. Ош облусундагы "Достук" чек ара бекети 2017-жылы ачылды. Андан көп өтпөй Жалал-Абад облусундагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү "Маданият" жана "Баймак" өткөрмө бекеттери ишин жанданткан.

2021-жылы 1-апрелде Өзбекстандын Кыргызстандагы Сох анклавын бул өлкө менен байланыштырган Сох – Риштан жолундагы "Кайтпас" жана "Өтүкчү" бекеттери да ачылган. Ушул тушта кыргыз-өзбек чек арасында "Достуктан" сырткары Жалал-Абад облусунда "Маданият", "Баймак", Баткен облусунда Кызыл-Кыя, Кадамжай, Ак-Кыя, "Өтүкчү" жана "Чечме" бекеттери иштеп жатат.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы эки бекет ачылат
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:14 0:00

XS
SM
MD
LG