Санарип өнүктүрүү министрлиги Өзбекстан менен Азербайжандын жарандарын Кыргызстанда бир айга чейин каттоосуз жүрүүгө уруксат берген токтомдун долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Бул тууралуу документ Министрлер кабинетинин сайтына 26-декабрда жарыяланды.
Буга чейин эки өлкөнүн жарандары Кыргызстанга киргенден он күн ичинде каттоого турууга милдеттүү болгон.
Ал эми этникалык кыргыздар жашаган жери так болбогон учурда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өтүнүч каты боюнча катталат. Аларды каттоо жергиликтүү башкаруу органынын юридикалык дареги боюнча өздүгүн ырастоочу документтин негизинде жүргүзүлөрү айтылат.
Токтом долбоорунда Кыргызстанда чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоонун тартиби өзгөрүп, бардык тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасы ишке кире турганы жазылган. Бул порталда “Чет өлкөлүктөрдү каттоо” бөлүмүндө чек арадан өткөн чет өлкөлүктөр тууралуу маалыматтар камтылат. Долбоордо бул өзгөртүүлөр коррупциялык тобокелдиктерди жоюу максатында жасалып жатканы айтылат.
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө” келишимди жана “Кемпир-Абад (Андижан) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө” макулдашууну ратификациялоо тууралуу эки мыйзамга 29-ноябрда кол койгон.
Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматы Шавкат Мирзиёев эки мыйзамга кол койгонун 30-ноябрда билдирген. Ушуну менен кыргыз-өзбек чек арасы толук такталып бүттү.
Учурда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда бир нече чек ара бекети иштеп жатат. Ош облусундагы "Достук" чек ара бекети 2017-жылы ачылган. Андан көп өтпөй Жалал-Абад облусундагы эки жөө жүргүнчүлөр өтүүчү "Маданият" жана "Баймак" өткөрмө бекеттери ишин жанданткан.
2021-жылы 1-апрелде Өзбекстандын Кыргызстандагы Сох анклавын бул өлкөнүн негизги аймагы менен байланыштырган Сох – Риштан жолундагы “Кайтпас” жана “Өтүкчү” чек ара бекеттери ачылган. (TAb)