7-ноябрда Кыргызстанда Маалымат жана басма сөз күнү белгиленди. Быйыл бул күн өлкөдө сөз эркиндигине басым күчөп, жалпыга маалымдоо каражаттарын жана бейөкмөт уюмдарды чектөөгө жол ачары айтылган мыйзам долбоорлору талкууланып жаткан маалга туш келди.
Бир катар эл аралык уюмдар да мындай кооптонууларын билдирип, кыргыз бийлигине кайрылуу жолдогон. Бийлик өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин жана аны коргой турганын кайталап келет.
Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы тууралуу Жалпыга маалымдоо каражаттарына даттанууларды териштирүү боюнча комиссиянын төрайымы Тамара Валиева менен маектештик.
- Маалымат жана басма сөз күнүндө сиз менен Кыргызстандагы бул тармактын абалын талкууласак. Сиз медиаэксперт катары азыркы кырдаалды кандай баалайсыз?
- Менин оюмча, медиа тармагы өтө оор абалда. Өлкө тарыхында мынчалык кейиткен учур эч болгон эмес. Бул сөз эркиндигине басым болуп жатышына, журналисттерди, активисттерди, блогерлерди жана бийликке карата өз позициясын айткан жарандарды он жылга чейин абакка кесүү менен коркуткан “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана "ЖМК жөнүндө" мыйзам долбоорлорунун даярдалып, кабыл алынып жатканына байланыштуу.
Зомбулук көрсөткөндөргө жана киши өлтүргөндөргө мындан аз жыл жаза берилет. Айтор, чындык өлүмдөн да кооптуу окшойт.
Ырасын айтканда, бул ачык-айкындык бийликтин өзү үчүн пайдалуу. Жөнөкөй мисал – Али Токтакуновдун иликтөөсү. Ал өз иликтөөсүндө бажыдагы жемкорлукту көп жолу көрсөтүп, миллиондор өлкөнүн бюджетине түшпөй жатканын айтып келген. Муну журналисттер “казып чыгышкан”, эми бийлик муну ачык кабыл алды.
Учурунда “Али жалган айтып жатат, аны сатып алышты” деп айтып жүрүшкөн. Бирок аягында кимдики туура болуп чыкты? Ким чындыкка көз жуумп жүрүптүр? Азыр тролль жана фейктер менен жалганга чыгарылып жаткан журналисттик иликтөөлөр да бир убакта расмий ырасталат. Мүмкүн, азыркы бийликтин учурунда болбостур, бирок тарыхый чындык сөзсүз бир күнү ачыкка чыгат.
- Сиз өлкө тарыхында мынчалык кейиштүү учур болгон эмес деп айттыңыз. Азыркы кырдаалды өлкөнүн буга чейинки тарыхындагы эч кайсы учур менен салыштырууга болбойбу?
- Аскар Акаевдин маалында гезиттерди жабышты, Курманбек Бакиевдин учурунда журналисттерди өлтүрүштү, кол салышты, сабашты. Атамбаев бийликте турганда ЖМКларга каршы чоң доолорду коюшту. Бирок бөтөнчө ой-пикири жана көз карашы үчүн четинен камаган азыркыдай кооптуу көрүнүш өлкө эгемендик алгандан бери болгон эмес. Алдыда мындан да жаман болобу ойлойм. Кыргызстанда сергек ой жүгүрткөн адамдар көп, бирок тролль жана фейктердин ишмердиги менен жалпы элдин пикирин баалоого болбойт. Сергек ой жүгүрткөн адамдар баарын түшүнүп турат, бирок ачык айтуудан коркушат. Келечекте чындык бүт бойдон билинет жана “ак сарайдагы кутумдар" ачыкка чыгат.
- Азыр “ЖМК жөнүндө” мыйзам долбоору кызуу талкууланып жатат. Сиз бул документти иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн жумушчу топтун мүчөсү болгонсуз. Бул мыйзам долбоору кабыл алынса, ЖМКларга кандай коркунуч жаралат деп ойлойсуз?
- Мыйзам долбоорунун беш варианты сунушталды, бирок алардын биринде да ЖМКлардын сунушу эске алынган жок. Ар жолкусунда ар башка, түп тамырынан жаңы вариантты берип жатышты. Биз биргелешкен жана макулдашылган деп берилген, чынында андай болбогон соңку, бешинчи вариантындагы бир дагы пунктка кол койгон жокпуз. Эсиңиздерде болсо керек, биз шылдың катары уюштурулган жыйындан чыгып кеткендин эртеси күнү жумушчу топтун иши расмий түрдө жыйынтыкталган.
Бул документтеги каттоо жана кайра каттоо ченемдеринин айынан көптөгөн көз карандысыз ЖМКлардын иши токтоп калышы мүмкүн. Алар бул процедуралардан өтө албайт, анткени мыйзам долбоорунда көп тоскоолдуктар кирген.
Мисалы, “жайылтуунун аймагын” көрсөтүү боюнча талап бар. Мурда гезит-журналдардын доорунда муну кандайдыр бир деңгээлде көзөмөлдөөгө мүмкүн эле. Азыр интернет-порталдардын мисалында бул текшерүүгө мүмкүн болбогон иш. Сайтка чыккан маалыматты Кыргызстанда эле эмес, дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан окууга болот. Эгер кайсы бир ЖМК контенти тараган кайсы бир өлкөнү көрсөтпөсө, ал жабылып калышы мүмкүн. Интернет доорунда мындай талапты коюу туурабы? Бул ЖМКны каттабай коюуга шылтоо же эреже бузууга айыптап, сайтты жабуу үчүн бир кадам десек болот.
Бул мыйзам долбоору – орусиялык мыйзамдын көчүрмөсү. Бирок ал мыйзам ЖМКларды каттоону ыктыярдуу жүргүзүүгө шарт түзгөнү үчүн салыштырмалуу демократиялык негиздеги документ десек болот. Бизде болсо каттоону жана кайра каттоого турууну милдеттүү кылабыз деп жатышпайбы.
Мисалы, сулуулук салонунун сайты болсо, ал дагы каттоого турушу керек болот. Мыйзам долбоорунда ушул сыяктуу акылга сыйбаган нерселер көп. Мен бул долбоорду көз карандысыз ЖМКлар менен күрөшүү үчүн гана кабыл алууну каалап жатышат деп ойлойм.
- Бийлик ар дайым такталбаган маалымат таратууда ЖМКлардын жоопкерчилиги аз экенин айтып келет. Журналисттин жоопкерчилигине эмнелер кирет? Эмне үчүн бийлик соңку учурда ушуга көп басым жасай баштады?
- Келиңиз, жалган маалыматты ким таратып жатканын карап көрөлү. Булар бийлик түзүмдөрүнүн көзөмөлүндө турган сайттар. Ал эми көз карандысыз деп айтылган интернет-порталдар журналистиканын эл аралык стандарттарын сакташат.
Бардык стандарттарды жана адептик ченемдерди, өлкөнүн мыйзамдарын сактоо журналисттин жоопкерчилигине кирет. Көпчүлүк ак ниет медиалар муну сакташат. Мында бийлик такталбаган маалыматтарды даярдаган, кийин аны фейк жана тролль фабрикалары аркылуу тараткан өзүнүн ЖМКларын жоопко тартышы керек. Ушинтип жатып маалыматты кеңири жайылтуу иллюзиясы пайда болот.
Бизде эгер адамдар өз позициясын ачык айтып чыкса, камакка алышат. Бирок кимдир бирөө “ЖМКнын кеңсесин өрттөп кетем” же “журналисттерди сабайм” деп коркутса, аны эч ким жоопко тартпайт. Өзүнүн сөзүнө жана иш-аракетине жооп бербегендер жоопкерчиликтүү болууга чакырып жатат.
Сөзүмдүн аягында бардык кесиптештерди үмүт үзбөгүлө деп чакырам. Караңгынын соңунан сөзсүз жарык келет. Ооба, азыр каран түн каптап турат, бирок бул кез да өтөт. Тарых муну далай жолу далилдеди.
Маекти орус тилинде бул шилтемеден окуй аласыз.