Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:42

Путин Донецк менен Луганск жикчил "республикаларын" тааныды, Батыш кескин айыптады


Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын чыгышындагы жикчил аймактардын көз карандысыздыгын тааныган документке кол коюп жатат. 21-февраль, 2022-жыл.
Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын чыгышындагы жикчил аймактардын көз карандысыздыгын тааныган документке кол коюп жатат. 21-февраль, 2022-жыл.

Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын Луганск жана Донецк облустарына орус аскерлерин киргизүүгө буйрук берди. Бул тууралуу Путиндин 21-февралдагы эки жикчил аймактын көз карандысыздыгын тааный турган буйругунда жазылган. Евробиримдик, НАТО Путиндин бул чечимин кескин айыпташты. Ак үй билдиргендей, АКШ президенти Жо Байден Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизмей болду.

Президент Путин өз кайрылуусунун башында "Украина өзөктүк куралдуу болгусу келет, орус тили Украинада басмырланган, Орус православ чиркөөсүн жок кылуу пландары бар" деген сыяктуу далилсиз сөздөрдү айтты. Ал ошондой эле Украинаны чет элдик державалар башкарган жана олигархтарга толгон «кимдир бирөөнүн кол алдындагы режим» деп сыпаттады.

"Ушуга байланыштуу мурдатан бышып калган чечимди - “Донецк Элдик Республикасынын” жана “Луганск Элдик Республикасынын” көз карандысыздыгын жана суверенитетин токтоосуз түрдө таануу чечимин туура деп эсептейм. Орусия Федерациясынын Федералдык кеңешин бул чечимди колдоп жана эки республика менен тең болгон достук жана өз ара жардамдашуу келишимдерин ратификациялап берүүсүн суранам",- деди Путин.

21-февралдын кечинде жасаган кайрылуунун соңунда орус президенти жикчилдердин дымагын расмий тааный турган документтерге кол койду.

Андан тышкары Путиндин сөзүнө караганда, Москванын коопсуздукту камсыздоо боюнча, анын ичинде Украинаны Түндүк атлантикалык альянска кабыл албоо жана Европанын чыгыш жана борбордук бөлүгүндөгү курал-жабдыгын чыгарып кетүү тууралуу талабын НАТО "толугу менен четке каккан".

Орусиянын президенти Владимир Путин. 21-февраль, 2022-жыл.
Орусиянын президенти Владимир Путин. 21-февраль, 2022-жыл.

Путиндин кадамын Батыш кескин айыптады

Евробиримдик, НАТО жана АКШ Путиндин соңку чечимин кескин айыптады.

Бул кадам көптөн бери ырбап келаткан жаңжалды курчутуп жибериши мүмкүн. Анткени Улуттар Уюму жана Батыш лидерлери Орусияны Украинанын аймактык бүтүндүгүнө шек келтирбөөгө үндөшкөн.

Орус президентинин кайрылуусунан кийин Ак үйдүн маалымат катчысы Жен Псаки Байден "АКШ жарандарына Украинанын чыгышындагы өздөрүн "ЛНР" жана "ДНР" деп атап алган аймактарга жаңы инвестиция салууга, алар менен соода операцияларын жүргүзүүгө тыюу салган" буйрукка кол коерун билдирди.

Украинанын чек арасына жакын жерде 150 миңдей орус аскери топтолгондуктан АКШ соңку бир нече аптадан бери Орусия Украинага кайсы маалда болбосун кол салышы мүмкүн экенин эскертип жаткан.

Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШ президенти Жо Байден менен соңку жагдай тууралуу сүйлөшкөнү маалым болду.

АКШ президенти Жо Байден жана Украинанын лидери Владимир Зеленский. 1-сентябрь, 2021-жыл.
АКШ президенти Жо Байден жана Украинанын лидери Владимир Зеленский. 1-сентябрь, 2021-жыл.

Кремль Путин Германия жана Франция лидерлери менен жикчил эки аймактын көз карандысыздыгын таануу маселесин талкуулаганын билдирди.

Евробиримдиктин тышкы иштер боюнча башкы комиссары Жозеп Боррел Путин жикчил аймактардын көз карандысыздыгын тааныса шаркет кошумча санкцияларды киргизерин айткан.

Путин сүйлөп жаткан маалда Москвага санкция салынары тууралуу маалыматты Британиянын өкмөт башчысы Борис Жонсон дагы ырастады.

Ал Путиндин кадамын «Украинанын аймактык бүтүндүгүн жана суверенитетин эч бир акылга сыйбай тургандай бузуу» деп атады.

Латвиянын тышкы иштер министри Эдгарс Ринкевичс Евробиримдик токтоосуз санкция киргизиши керек деген пикири менен бөлүштү.

Ушул эле күнү Украинанын президенти Владимир Зеленский Коопсуздук жана коргонуу кеңешин чогултту. Ушундай эле кадамга француз президенти Эммануэл Макрон да барганы кабарланды.

Немис канцлеринин кеңсеси билдиргендей, Шольц Путин менен телефондон сүйлөшкөндөн кийин анын кадамын айыптап, бул Минск келишимин «бир тараптуу бузуу" экенин эскертти.

Донбастта 740 миңдей киши орус паспортун алган

2014-жылы Орусия Украинага караштуу Крым жарым аралын аннексиялап алган. Ошол эле жылы Украинанын чыгышындагы Донецк жана Луганск облустарындагы Москвага таянган жикчилдер “Референдум” делген добуш берүү өткөрүп, “Луганск элдик республикасы” дегендер өз алдынча “көз карандысыздык” жарыялашса, «Донецк элдик республикасын” түздүк дегендер Орусияга кошулуу өтүнүчү менен Москвага кайрылган. Батыш бул референдумдарды тааныган эмес. Ал эми Киев бул өнөктүктү Москва уюштурган “фарс” деп атаган. 2014-жылдан бери өкмөттүк күчтөр менен орусиячыл жикчилдердин ортосундагы куралдуу кагылышуулардан 14 миңдей адамдын өмүрү кыйылды

Донецк көмүр бассейни же Донбасс деп аталган Украинанын өндүрүшкө бай аймагында 3 жарым миллиондой калк жашайт. 2014-жылдан бери 740 миңдей тургун орус паспортун алганы белгилүү.

XS
SM
MD
LG