Эл аралык уюмдар менен финансылык институттар дүйнө коомчулугун Ооганстанды “кеңири жайылган ачарчылыкка” жеткирбөө үчүн чектөөлөр менен санкцияларды тезирээк карап чыгууга үндөштү. Суук түшүп, кыш жакындаганы ансыз да азап чегип келген эл ого бетер кыйын абалга дуушар болду.
Ооганстандын түштүгүндөгү эң ири оорукана Кандагар шаарында орун алган. Акыркы жумаларда ал жакта азык-түлүк тартыштыгынан ооруга чалдыккан наристелер кескин көбөйдү.
Ооганстандагы элдин айрымдары "Жокчулук, ачарчылык бизди ушундайга жеткирди, балдарым менен неберелеримди сатууга туура келди. Жумуш жок, ачка отуруп калдык" - деп даттанса, башкасы "Үйүбүздө бир сындырым нан жок, балдарды кантип багабыз, сокур тыйын да калган жок", - деп ыйлап отурат.
Башкы дарыгер Мохаммед Сыдык педиатрия бөлүмдө 60 керебет гана барын, азыр ал жакта 300дөй бала жатканын айтты:
“Акыркы эки айда ооруп, бизге кайрылган наристелердин саны эселеп көбөйдү. Тамактын тартыштыгынан, алар ачка калып алдан тайып жатат”.
Дарыгер бир керебетте эки-үч бала жатканын, абалды эл аралык коомчулуктун жардамы менен гана жеңилдетсе болорун кошумчалайт.
Ооганстандагы бийликти талибдер басып алгандан бери гуманитардык жардамдын эсебинен күн көрүп келген өлкө ири кризистин алдында турат.
Өткөн айда Кабулда ачкадан өлгөн сегиз жетим баланын сөөгү табылганы тууралуу үрөй учурган кабар тараган.
Улуттар Уюмунун агенттиктери суук түшүп, кыштын жакындашы менен жегенге тамагы, башпааналаганга жайы жок оогандар четинен жолугарын эскертишет.
Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму 11-ноябрда билдиргендей, "Талибан" кыймылы башкара баштаганда өлкө миллиондогон доллар кирешеден кол жууп, баалар күн санап өсүүдө, накталай акча тартыш болууда. Мындай абалда карапайым оогандардын көбү тамак-аш, таза сууга жете албай, медициналык тейлөөсүз калды.
Уюм өкмөттөр жана эл аралык банктар БУУнун жана эки тараптуу санкцияларынан улам Ооганстандын борбордук банкы менен түздөн түз иш алып баруудан баш тарткандыктан жергиликтүү валюта жана АКШ доллары жетпей жатканын белгиледи. Натыйжада катардагы адамдар жана кайрымдуулук уюмдары акча ала албай калышты.
Human Rights Watch (HRW) уюмунун Азия боюнча директору Жон Сифтон ооган экономикасы жана социалдык кызматтар “кыйрап жатканын, өлкөнүн булуң-бурчунда карапайым эл жетиштүү тамактана албаганын” билдирди.
"Гуманитардык кризистен чыгуу үчүн уюм өкмөттөр, БУУ, Дүйнөлүк банк жана “Талибан” кыймылы бир мунасага келүүгө тийиш", - деп эсептейт Сифтон.
HRW Кошмо Штаттарды жана башка мамлекеттерди “санкциялар саясатын тезирээк кайра карап чыгууга, азыркы чараларды кырдаалга жараша өзгөртүүгө, акчанын таңсыктыгын жоюу үчүн Ооганстандын банктарына жаңы лицензия берүүгө чакырды.
Кайрымдуулукка, эң керектүү товарлар менен кызматтарга байланышкан мыйзамдуу финансылык которуулар БУУнун санкциялар алкагынан чыгарылууга тийиш, - деп эсептешет укук коргоочулар.
Батыш өлкөлөрү Ооганстандын элине гуманитардык жардам берилерине убада кылып, бирок бул – талибдердин бийлигин таанууга жатпай турганын белгилешет.
Октябрда Евробиримдик кризистин алдын алуу үчүн 1 миллиард евро, ал эми АКШ 144 миллион доллардык жардам бөлө турганын билдирген.
Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков ооган элине эки жолу гуманитардык жардам жеткирген. Ал Ооганстанды учурда башкарып жаткан "Талибан" бийлигин Кыргызстан азырынча тааныбай турганын билдирген.