Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:58

Өкмөт Кызыл-Омполдун уранын өзү казмай болду


Кыргыз бийлиги Кызыл-Омполдогу уран кенин иштетүү демилгесин кайрадан көтөрдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 19-февралда Балыкчы шаарында жергиликтүү тургундар менен жолугушуу учурунда билдирди.

Президент бул жолу кенди мамлекет өзү иштете турганын жана андан экологияга зыян келбей турганына ишендирген. Буга чейин 2019-жылы Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алынган. Ошол эле жылдын жазында Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө байланыштуу чуу чыккан эле.

Ысык-Көл жана Нарын облустары чектешкен жерде жайгашкан Кызыл-Омпол уран кенин иштетүү ниетин 19-февралда президент Садыр Жапаров Балыкчы сапары учурунда билдирген. Анда Жапаров Балыкчы шаары, Тоң жана Кочкор райондорунун тургундары менен жолуккан. Президентти “Кыргызалтын” ишканасынын жетекчиси жана эки-үч тоо-кенчи эксперттер коштоп барган.

Президенттин маалымат кызматы тараткан маалыматта, мамлекет башчы Кызыл-Омпол кени аймакка да, республикалык казынага да ири киреше алып келерин убада кылды.

“Бул жерде биринчиден, миңден ашык жаңы жумушчу оруну пайда болот. Ушул эле чөлкөмдөгү өзүңөр иштейсиңер. Экинчи Кумтөр пайда болот. Бул “жергиликтүү бюджет дотациядан чыгат, республикалык бюджетке салыктар түшөт” деген сөз. Пайдасы 100% биздин Кыргызстанга калат. Ошентип, эл дагы бул жерден байыйт. Баягыда силер митингге чыгып, иштетпей, жөө жүрүш жасап койгондун бир чоң пайдасы болгон. Мен аны “силер туура эмес кылгансыңар” деп сындай албайм. Беш-алты жыл мурун жеке менчик компания каза баштаган. 100% пайдасы ошол жеке менчик компанияда калмак. Биз болсок, былтыр лицензиясын жокко чыгарып туруп, 100% мамлекетке алып койдук. Азыр Кумтөрдү кандай иштетип жаткан болсок, Кызыл-Омполду да ошондой 100% өзүбүз иштетебиз”.

Мамлекеттик медиа аталган жолугушууга катышкандардын дээрлик көпчүлүгү кенди иштетүү демилгесин колдоду деген өңүттөгү тасма жарыялады. Анда жыйын соңунда президенттин сунушуна кол көтөрүп колдоп жаткандарды көрүүгө болот.

“Президент – биздин ажобуз, Конституциянын гаранты. Ал жакта жазылган – элди-жерди бүт баарын коргой турганга жоопкерчиликтүү, биздин шайлап алган адамыбыз. Өзү келип жаткандан кийин, мен мындай ойго келдим да, демек бүт баарын эсептешти, бүт баары тең карашты. Эксперттер келди, бизге көрсөтүп жатат. Анан, кошумча биздин ойду да угалы деп келген турбайсызбы”, - деп сүйлөгөн Кубатбек Субанов аттуу тургун.

Жыйынга нааразы болгондор да бар

Бирок, бул жолугушуу жабык өтүп, тизмеге кирген тургандар гана катышканы айтылды. Балыкчылык активист Асия Чомоева социалдык медиадагы баракчасына жолугушууда кенди казууга каршы болгондор да болгонун, жергиликтүүлөрдүн катышуусунда комиссия түзүлгөндүгү тууралуу маалымат жарыялады.

Садыр Жапаров келди кечээ. Бардык... Жабык эшиктин артында уранды талкуу кылдык. Төрт “каршы”, калганы “макул” менен тарадык. Он үч киши бизден комиссияга киребиз. Көрөлүк комиссия кандай иштерин. Зыяны жок болсо – казсын. Болбосо ажо өзү деле каршы чыгат да. Ошо, кыскасы. Каршы чыккандарга эскертүү берилди. Камайбыз деп...”, - деп жазган активист өз постунда.

Бул маалыматты Балыкчы шаарынын тургуну Айтбек Абдубакиров деген тургун да ырастады.

“Азыр элдин баары эле коркуп калыптыр. Билбейм эми, эл менен эл болобуз да. Элдин баары эле кечээ күнү унчукпай, “макул” дептир. Макул болсо, макул да эми. Баарыбыз эле Кыргызстан өнүгүп-өссүн дейбиз. Көлгө зыяны тийбесе ачылса ачыла берсин. Азыр жалгыз сүйлөгөндөн да коркуп калдык, бирдеме десең эле алып барып камап таштайт. Кечээ жумушта болчумун. Анын үстүнө, катталып, паспорт менен киргизип жатат дегенинен... Өзүм деле ошол биринчи көкмойноктукмун. Ошол уранды биздин айылдан казып атышат. Кайсы бир жылдары Сооронбайдын (Жээнбеков) убагында жаптырып салбадык беле ызы-чуу болуп”.

Кыргыз бийлигинин Кызыл-Омполдогу уранды иштетүү маселесине астейдил мамиле кылып жатканынын жөнү бар. Анткени, 2019-жылы да өкмөт Кызыл-Омполдогу уран кенин казууну демилгелеп чыккан. Анда жарандык активисттер менен жергиликтүү тургундар уран казууга караманча каршы чыгып, бир катар нааразылык акцияларын өткөргөн. Кызуу коомдук талкуулардан соң Жогорку Кеңеш Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алып, ага ал кездеги президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Мындан улам өкмөт бул кенди казганы жаткан “Кыргызстандагы ЮрАзия” компаниясынын лицензиясын токтоткон.

Ал эми Садыр Жапаров ал мораторий кайра жоюларын билдирди. Президенттин сөзүнө караганда, өкмөт жети өлчөп, бир кесип туруп, анан ишке киришет.

Өкмөттү орусиялыктар адаштырып жатабы?

Өкмөттүн көрсөткөн маалыматы боюнча, Кызыл-Омпол кенинде чалгындалган жана болжолдонгон пайдалуу компоненттердин көлөмү 14 млн 757 миң тоннаны түзөт. Анын ичинде 95% титаномагнетит, 3% фосфор, 2% цирконий, 0,22% торий жана 0,17% уран түзөт.

Тоо-кенчилер бирлигинин төрагасы Дүйшөнбек Камчыбеков 300 млрд доллардык кен байлык деген мазмундагы билдирүүлөрдө астейдил болууну эскертет. Ал Кызыл-Омпол толук чалгындала электигин айтып, өлкөдө уран казууга каршы мыйзам бар экенин белгиледи.

"Ал жерде изилденген кендерден арасынан Таш-Булак деген тилкеде гана урандын 3,5 миң тонна запасы бар экени аныкталган. Ал Көк-Мойнок айылынын үстүндө, Кубакы белине чыгып бараткан жерде жайгашкан. Башка кендерде болжолдуу түрдө ушундай титиномагнетит деген бар, анын 1,5 млн тонна кору бар экен деп айтылган. Бул 1,5 млн тонна деген запас - бул бир жыл гана иштете турган кен. Ал жерде торий деген кен бар. Андан сырткары сейрек кездешүүчү металлдар бар болушу мүмкүн деп айтылган. Сейрек кездешүүчү металлдардын бир дагы түрү изилденип, аныкталган эмес. Ошондуктан 300 млрд долларлык байлык деген такталбаган маалымат. Бул маалыматты коомчулукка таратып, жогорку бийликке дагы адистерди аралаштырбай айтып жаткандар мурда ошол Кызыл-Омполду иштетибиз деп аракет кылган орусиялык компаниянын өкүлдөрү".

Расмий маалыматка ылайык, Кызыл-Омпол тоо-кен участогу 1951-жылы ачылган. Ачык маалыматтарда көрсөтүлгөндөй, СССРдин убагындагы чалгындоо иштеринде жалпысынан 13 миң тонна уран бары, анын 3,5 миң тоннага жакыны реалдуу казып алууга боло турган запас экени эсептелген.

Кыргызстанда уран кенин чалгындоого, Кызыл-Омполду кошкондо 20 лицензия берилгени маалым болгон.

XS
SM
MD
LG