Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:06

Алтын өндүрүү түйшүгү: президенттин жарлыгынын мөөнөтү дагы жылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Жапаровдун Кыргызстандан алтын камтыган руда менен концентратты сыртка ташууну тыйган жарлыгынын мөөнөтү экинчи жолу жылды.

Мындай тыюу былтыр май айынан тартып күчүнө кириши керек эле, бирок анын мөөнөтү алгач 2023-жылдын аягына чейин узартылган. Жапаров жыл жаңырар алдында жарлык чыгарып, алтын камтыган руда менен концентратты сыртка ташууга тыюу салууну 2024-жылдын июлунан баштоону тапшырды.

Буга чейин бир катар адистер жарлык чыгаруудан мурда аны аткарууга даярдык көрүлүшү керек экенин айтып келген. Тоо-кен-металлургчулар кесиптик кошууну болсо мындай чара кен казган компаниялардын ишине олуттуу кедергисин тийгизиши мүмкүндүгүн эскерткен.

Президент Садыр Жапаров жана анын администрациясы жарлыкты аткаруу мөөнөтү эмнеге экинчи ирет жылып жатканы тууралуу түшүндүрмө берген жок.

Бул маселе 16-январда парламенттин тармактык комитетинде дагы сөз болду. Анда депутат Мирлан Самыйкожо тиешелүү министрликтин өкүлдөрүнө кайрылып, жарлыкты ишке ашыруу улам-улам жылып жатканын сынга алды:

Мирлан Самыйкожо.
Мирлан Самыйкожо.

"2023-жылы 1-майдан тартып концентраттарды сыртка чыгаруу токтотулат деген президенттин жарлыгы чыккан, кийин аны 31-декабрга чейин узартты. Эми 2024-жыл келди. Чийки заттар, концентраттарды өзүбүз иштете албасыбызга көзүбүз жетип жатса, анда эмнеге 31-декабрга чейин, эми азыр кайра 1-июлга чейин деп жылдырып жатабыз? Менимче, бул жерде улам-улам чойгулаган кызыкдар тараптар болуп жатат окшойт. Элдин казынасы элге калсын дегенде президенттин эки көзү төрт болсо керек, бирок биз ошону иштете албай жатабызбы деп эле ойлойм".

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Эмил Осмонбетов депутатка жооп берип жатып, учурда руда менен концентратты кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүк жок экенин мойнуна алды:

"Бизде руда менен концентратты беш-алты компания чыгарат. Анткени бүгүнкү күндө бизде аны иштеткен технология жок. Кайра иштеткен заводду бир күндө эч ким кура албайт. Ага эки-үч жылдай убакыт, өндүрүш кубаттуулугу керек. Бул жерде мыйзам бузуу жок. Алтын деле товар. Бизге алтын кайра кирип жатат. Мамлекет инвесторго шарт түзүп, убакыт берип жатат".


Садыр Жапаров 2020-жылы премьер-министр болуп турган кезинде эле алтын кошулмаларын сыртка ташууга тыюу салынат деп убада берген. Ал 2022-жылы октябрда 2023-жылдын 1-майынан тарта Кыргызстандан алтын камтыган руда жана концентратты экспорттоого убактылуу тыюу салган жарлыкка кол койгон. Документте "Кара-Балта тоо-кен комбинаты" ишканасына өлкөдө казып алынган жана өндүрүлгөн алтын камтыган руданы, концентратты кайра иштетүүгө өзгөчө укук берилет деп жазылган.

Былтыр Кыргызстандагы Тоо-кен металлургчулар кесиптик кошууну эгер даярдыгы жок туруп алтын камтыган руда менен концентратты сыртка ташууга тыюу салынса, кен казган компаниялардын иши токтоп каларын эскерткен.

Тоо-кенчилер бирлигинин башчысы Дүйшөнбек Камчыбеков мындай жарлык чыгарылганда кен тармагындагы соңку абал, эксперттердин пикири эске алынбаганына токтолду:

Дүйшөнбек Камчыбеков.
Дүйшөнбек Камчыбеков.

"Негизи жарлыктагы руда менен концентрат чыкпасын, соңку продукция бизден чыксын деген ой туура. Бизде "Жер казынасы жөнүндөгү" мыйзамда руданы деле, концентратты деле алып чыга берсе болот деген жобо бар. Бизге келген бир катар компаниялар концентратты сыртка чыгарып, аны кайра иштетип, акыркы продукцияны өндүрүп анан алып келчү. Сан менен айтканда, жылына 140 миң тоннадай руда түрүндө, концентрат түрүндө сыртка чыгарылып келген. Ал жерде алтын концентратынын курамында күмүш, жез, дагы башка сейрек кездешүүчү металдар болуп калышы мүмкүн, анын баарына көзөмөл жүргүзүү кыйын, ошон үчүн соңку продукция бизден чыксын деген жүйө болгон. Жарлык жаңы кабыл алынганда, биз бул оор процесс, чоң акча каражаттарын талап кылат, ал жерге жаңы жабдууларды орнотуу керек, алтын бөлүп алуу процесси да оор, ал руданын курамына жараша болот, муну камсыздоого жарым жылда үлгүрбөйбүз деп айтканбыз".

Садыр Жапаров 2022-жылы октябрдагы жарлыгына кол коёр алдында "Кара-Балта тоо-кен комбинатына" барган. Анын басма сөз кызматы анда "мамлекет башчысына заводдун негизги өндүрүштүк көрсөткүчтөрү, аткарылган иштердин көлөмү, бюджетке төлөмдөр жана социалдык программалар тууралуу маалымат берилди" деп билдирген.

"Комбинаттын кадрдык потенциалын сактап калуу үчүн 2022-жылдын сентябрынан тартып курамында алтын бар рудаларды кайра иштетүүчү жаңы өндүрүш ишке киргизилген. Бүгүнкү күндө орточо суткалык өндүрүмдүүлүгү 100 тонна руданы эритүү, 500 тоннаны байытуу жана 20 тонна концентратты иштетүүгө жарайт. Фабриканы толук өндүрүштүк кубаттуулукта ишке киргизүү 2023-жылдын мартына белгиленип жатат. Садыр Жапаров концентраттардын бардык түрлөрүн кайра иштетүүчү чынжырчаны түзүүнүн келечеги жана "Кара-Балта тоо-кен комбинатынын" потенциалын жогорулатуу тууралуу маалыматты угуп, комбинаттын жетекчилигине продукциянын эл аралык сапат стандарттарына шайкеш келишине өзгөчө көңүл бурууну сунуштады", - деп жазылган маалыматта.

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары, депутат Нурланбек Азыгалиев президентти коштоп "Кара-Балта тоо-кен комбинатына" барган топтун арасында болгон.

Нурланбек Азыгалиев.
Нурланбек Азыгалиев.

"Президент ал жерге ошол кездеги ишкананын абалы менен таанышуу үчүн барган. Азыркы абалы кандай экенин өз көзүм менен көрүп келейин, модернизация кылуу керекпи же жокпу, билейин деп барган. Ошол жерде ага колдонулган жабдыктар бүгүнкү күндү талабына жооп берер-бербеси тууралуу маалымат беришкен. Эми рудаларды ташууга мораторий экинчи жолу жылды. Азыр кээ бир маселелер чечилбей жаткан окшойт. Аны аткаруу бийлиги өзү билсе керек", - дейт Азыгалиев.


Руда менен концентратты сыртка ташууга тыюу салган жарлык кабыл алынып, мөөнөтү чектелгенден кийин, өкмөт ал убакыт аралыгында кандай иштер аткарылып, даярдык көрүлөрү тууралуу маалымат берген эмес. Тоо-кенчилер бирлигинин башчысы Дүйшөнбек Камчыбековдун пикиринде, аталган комбинатты руданын баарын кайра иштетүү өтө оор жана чыгашалуу болот.

"Кыргызстандагы болгон рудалардын баарын Кара-Балтага алып келип кайра иштетебиз деген ой дагы адис эмес адамдар айткан сунуштун негизинде болуп калган окшойт. Себеби ал кезде бизден, адистерден ал жагы кандай болот деп сураган эмес. Биз буга байланыштуу өз ой-пикирибизди билдиргенбиз. Себеби, мисалы, түштүктө жайгашкан алтын рудалардын курамында ар кандай заттар болот. Маселен, курамында мышьягы бар руданы кайра иштетүү үчүн ага өзүнчө технологиялык линия коюлушу керек. Ошол эле "Эти Бакыр Терексай" иштетип жаткан Терек, Тереккан, Перевальное же Бозумчак өңдүү кендерде рудалар бир типтүү болот. Андыктан Ала-Букага же Чаткалга ошондой фабрика куруп кайра иштетсек болот деп сөз болгон. Ал эми Кеминдеги "Алтынкендеги" руданын курамында күкүрт бар, ага башкача линия коюлушу керек. Анан Кыргызстандагы рудалардын баарын чогултуп, Кара-Балтада кайра иштетүү өтө оор болот. Албетте, чынжырча кылып, линияларды коюп, иштетсе болот, бирок ошого жарашы анын баасы дагы жогорулап кетет. Экономикалык жактан алганда өзүн актабай калышы мүмкүн. Кара-Балтадагы менчик комбинат болгон, ошол жерде ушундай сунуштар жаралган. Руда менен концентратты иштетүү маселесин июль айы келгенде дагы узартууга муктаж болобуз", - деди Камчыбеков.

Кара-Балта тоо-кен комбинаты 1955-жылы ишке кирген. Өлкө эгемен болгонго чейин бул жайда негизинен уран кайра иштетилип келген. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров былтыр ноябрда Жогорку Кеңеште "Кара-Балта тоо-кен комбинаты" кайра мамлекетке өтөрүн билдирген:

Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

"Тоо-кен тармагындагы иштин өзгөчөлүгү - бул кыргыздын байлыктарын чалгындоого каражат бөлүү. 30 жылдан бери аталарыбыздан, коммунисттерден калган байлыктын баарын бөлүп, улам бир лицензия деп алардын баарын сатып жүрдүк эле. 2024-жыла 1 миллиард сом ажыратып, чалгындоо иштерин көбөйтөлү деп жатабыз. Жалпы тоо-кен тармагы 2020-жылы 18,2 миллиард сом киреше берсе, 2022-жылы 48,4 миллиард сом киреше берди. Бул 2,5 эсеге көп. Дагы бир топ кенди өз күчүбүз менен иштетүүгө белсенип жатабыз. Бүгүнкү күнү Кара-Балтадагы комбинат банкрот болду. Инвесторлор өздөрүнүн айткан сөздөрүнө турбай коюшту. Өздөрүнүн ичинде бир топ чыр-чатак болгондуктан, азыр атайын администратор иштеп, бул комбинат дагы жакынкы арада кыргыз өкмөтүнө өткөнү турат".

Акылбек Жапаров аталган комбинат өкмөткө өткөрүлгөнүн экинчи элдик курултайда билдирген жана "бутуна тургузабыз" деп убада бергени менен, анын жол-жобосуна токтолгон эмес.

"Биздин жерибиз - абдан берекелүү жер. Бутубуздун алдынын баары эле кен. Ошондуктан чалгындоо иштерин күчөтөбүз. Геологдордун маалыматы боюнча, Актүз, Борду калдык сактоочу жайларда Күжү-Сай-1 жана Күжү-Сай-2де, Кызыл-Омполдо сейрек заттар көп көлөмдө бар экен. Аларды өзүбүз иштетүүгө каражат салабыз. "Кара-Балта тоо-кен комбинатын" тургузабыз. Ал өкмөттүн карамагына кайра өттү".

Буга чейин негизинен Нарын жана Жалал-Абад облустарында алынган алтын рудалары жана курамында күмүш, калай, жез, коргошун сыяктуу түстүү металл кошулмалары экспорттук бажы төлөмүсүз жана салык алынбай чет өлкөлөргө ченемсиз өлчөмдө ташылып жатканы айтылып келген. Анын көзөмөлдөө демилгеси көтөрүлгөнү менен, ишке ашпай жүргөн.

XS
SM
MD
LG