Эгерде калдык сактоочу жай жарылып кетчү болсо, чөлкөмгө чоң коркунуч келе турганы Бишкекте өткөн "Таш-Көмүр: көйгөйлөр жана чечимдер" аттуу жыйында айтылды.
Жергиликтүү тургундар менен экологдор бийлик өкүлдөрүнө бир нече жолу кайрылганы менен маселе чечиле элек.
Өткөн апта соңундагы Курултайда дагы бул тууралуу сөз болду.
Таш-Көмүр шаарынын аймагында таза суу, саркынды суу көйгөйлөрү курч турганы айтылган. Мындан сырткары совет доорунда курулган турак жайлар, завод, ишканалар менчикке өтүп, айрымдары талкаланган.
"80 тонна 80 миң адамдын өмүрүн алат"
Өткөн аптада Бишкекте "Таш-Көмүр: көйгөйлөр жана чечимдер" аттуу жыйын өтүп, аталган шаардагы көйлөрдү чагылдырган видеолор көрсөтүлдү.
Анда өзгөчө шаар аймагындагы "Кристалл" заводунун кампасында сакталып турган 80 тоннадай уулуу трихлорсилан заты катышуучулардын көңүлүн бурду.
Эколог Гамал Сооронкулов уу заттын шарттары жакшы болбогону бүтүндөй Фергана өрөөнү үчүн кооптуу экенин айтты:
"Кудай сактасын, эгерде күн ысыганда же суукта чирип жаткан темир цистерналар жарылып кетсе, 80 тонна уулу газ Таш-Көмүрдөгү суу, шамал менен Фергана өрөөнүн капташы мүмкүн. Бул уулу заттын бир граммы бир адамдын өмүрүн алып кеткидей коркунучтуу. 80 тонна уулуу газ 80 миң адамдын өмүрүн алат дегенди түшүндүрөт".
"Кристалл" заводу 1985-жылы курулуп, эки жылдан кийин алгачкы товарлардын партиясы чыга баштаган. Өндүрүштүн негизги максаты чип салынган монокремнийлүү пластиналарды чыгаруу болгон. Анын өндүргөн каражаттары электроника жана татаал маалымат технологиялык жабдууларын жасоо үчүн колдонулмак. Завод иштеп турган маалда КМШнын аймагында жок, дүйнө жүзүндөгү беш өндүрүштүн бири саналчу. Эгемендик жылдардан кийин толук кандуу иштебей турган.
"Кристалл" ишканасын 2010-жылга чейинки 420 млн сом карызы үчүн Мамлекеттик мүлк министрлиги банкрот деп жарыялап, кийин бул заводду сатуу үчүн аукционго да коюшкан.
Бирок андагы зыяндуу 82 тонна уулу трихлорсилан заты сакталган цистерналар ушул күндөрү дат басып, чирип баратканын айтышууда.
Сооронкуловдун айтымында, 2020-жылы ошол убактагы премьер-министр Кубатбек Боронов заводдун абалы менен таанышып, кийин зыяндуу затты залалсыздандыруу үчүн 6,5 миллион сом бөлүнүп, бирок каражат максатсыз коромжу болгон.
Таш-Көмүр шаарынын тургуну Кадичакан Умбеталиеванын айтымында, жергиликтүү эл кыйла жылдан бери эле мындан чочулап келүүдө:
"Элдин кооптонуусу дагы, нааразылыгы да күч. Бул маселе көп жылдан бери көтөрүлүп келет, бирок чечкиндүү кадамдар жок. Негизинен аябай коркунучтуу деп адистер, эксперттер айтууда. Ошондуктан өкмөткө, президентке, Жогорку Кеңешке үнүбүз жетсе дейбиз".
Уу заттардын адамга таасири
Ушу тапта заводдо 40 тонна "Б" маркасындагы трихлорсилан заты, "ТК" маркасындагы 22,5 тонна кремнийдин тетрахлорид заты, 19,5 тонна хлорид сакталып турат.
Заводдо технолог болуп иштеген Мария Утурбаева аталган заттардын адамга таасирин мындайча түшүндүрдү:
"Эгер адамдын денесине тие турган болсо, ошол жери кызарып, аллергиялык реакцияны пайда кылат. Тери менен булчуңду сөөктөн өзүнчө бөлүп жиберет. Жөтөлгө чалдыктырат. Дем алуу органдарын кысат. Бул оңой менен дарылана бербейт. Мындай заттар көзгө көрүнбөйт, газ түрүндө болот. Билинбей жүрүп адамдын өмүрүн алат. Завод иштеп турган маалда ушу заттардан улам эки адам каза болгон".
Анткен менен Кыргызстанда азырынча зыяндуу заттар менен иш алып бара турган адистер жок. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Аскар Сатылганов учурда бул жаатта Орусиянын ишканалары менен сүйлөшүү жүрүп жатканын билдирди:
"Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бир нече эксперттерди кошуп, комиссия түзүп, жеринен барып мониторинг жүргүзгөн. Бизде бул тармакты изилдеген адистер жок экен, ошондуктан башка мамлекеттерге кат жолдоп кайрылганбыз. Бирок эч биринен жооп болгон эмес. Быйыл өкмөттүн тапшырмасы менен Орусиянын "Росатом" ишканасына байланыштык. Алар азыр алдын ала эсебин чыгарып жатат. Биз жообун күтөбүз".
"2025-жылы уу заттар сакталган жайлар жок болот"
Заводдогу зыяндуу заттар маселеси апта соңунда өткөн Элдик курултайда да көтөрүлүп, президент Садыр Жапаров Өзгөчө кырдаалдар министрлигине көзөмөл жүргүзүүнү тапшырды. 2025-жылы уу заттар сакталган жайлар өлкө аймагында болбойт деп ишендирди:
"Келе жаткан жылы толугу менен түштүккө өтөбүз. Ал жакта да 18-19 ушундай коркунучтуу уран сакталган жайлар бар экен. Орусия акча бөлүп берди, Росатом анын баарын башка жакка алып барып көмөт. Ошону менен Кыргызстандын аймагында уу заттар сакталган жер, айрыкча уран калдыктары болбойт. Буйруса 2025-жылы аягына чыгарабыз деп жатабыз".
Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин 23-ноябрдагы жыйынында “Кристалл” заводун криминал ээлеп алганын, ал мамлекетке алынганын айткан.
Ушу тапта "Кристалл" заводун кайра иштетүү үчүн инвесторлор бар экенин президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев журналисттерге берген басма сөз жыйында билдирген. Бирок кайсы инвестор экенин ачык айткан жок.
Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда жалпысынан уу калдык сактоочу 92 жай бар. Анын 36сы Майлуу-Сууда. Алардын 23үндө уран, калганында радиактивдүү тоо тектеринин жыйындылары, оор металлдар, цианид көмүлгөн. Уу заттардын жалпы көлөмү 2,9 миллион куб метрди түзөт.
Быйыл августта Жумгал районунун Миң-Куш айылында "Туюк-Суу" уран калдыгын сактоочу жайын көчүрүү иштери башталган.