Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:52

Европалык компаниялар Ирандан кете баштады


"Daimler" компаниясынын жүк ташуучу унаалары.
"Daimler" компаниясынын жүк ташуучу унаалары.

Вашингтондун Тегеранга кайра салган санкциялары күчүнө киргенден көп өтпөй германиялык автоунаа чыгаруучу "Daimler" компаниясы Ирандагы ишин токтотконун билдирди. Бир күн мурда президент Дональд Трамп Иран менен иш жүргүзгөндөр мындан ары Америка менен кызматташа албай турганын эскерткен. Евробиримдик тескерисинче европалык компанияларды Иран менен кызматташууга үндөгөн болчу.

Евробиримдиктин Иран менен экономикалык алаканы күчөтүү тууралуу чакырыгына "Daimler" автоунаа компаниясы кулак салган жок. Вашингтондун Тегеранга кайра киргизген санкциялары күчүнө кирген күнү бул немис ишканасы Ирандагы ишин токтотуп жатканын жарыялады.

- Санкцияларга байланыштуу биз Ирандагы ансыз да чектелген ишибизди токтоттук, - деп билдирди компаниянын басма сөз катчысы.

"Daimler" компаниясы 2015-жылдагы өзөктүк келишимдин алкагында Тегеранга киргизилген санкциялар жеңилдетилгенден көп өтпөй Ирандын рыногуна келген. Бул компания жергиликтүү эки ишкана менен бирге "Mercedes-Benz" жүк ташуучу унааларын Ирандын өзүндө кураштырып чыгууну пландап жаткан.

Вашингтон Иранга кайра санкция салаарын жарыялаганда эле франциялык "Total" мунай компаниясы, автоунаа чыгаруучу PSA жана "Renault", учак жасаган европалык "Airbus" компаниялары Ирандын рыногунан чыгып кетерин билдиришкен.

Дүйшөмбү күнү Евробиримдик Иран менен иш жүргүзгөн компанияларды Американын санкцияларынан коргой турган чаралар күчүнө киргенин жарыялап, ишкерлерди Тегеран менен кызматташтыкты күчөтүүгө чакырган болчу.

Федерика Могерини.
Федерика Могерини.

- Биз майда жана чакан ишканаларды Иран менен мурункудан да тыгыз иш алып барууга чакырабыз. Бул биз үчүн коопсуздук маселеси. Бир нерсени баса белгилегим келет - бул өзөктүк келишимдин бир бөлүгү болгону үчүн биз Иран менен соода жана экономикалык байланыштар тууралуу сөз кылып жатабыз, - деп билдирген 7-августта Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини.

2015-жылы Иран менен дүйнөнүн алты державасы - АКШ, Кытай, Франция, Орусия, Британия, Германия кол койгон өзөктүк келишимге ылайык, Тегеранга киргизилген санкциялар жеңилдетилген. Ал үчүн Иран өзөктүк программасын чектемей болгон.

Кошмо Штаттардан башка келишимге кол койгон тараптар Иран өз милдеттенмесин аткарып жатканын билдиргенине карабастан президент Дональд Трамп май айында өз өлкөсү келишимден чыгарын жарыялаган. Трамп бул келишим Ирандын өзөктүк куралга ээ болуу дымагын токтото албаганы үчүн ушул кадамга барганын айткан.

Натыйжада АКШ Иранга каршы мурда токтотулган санкцияларынын биринчи бөлүгүн 7-августта кайра киргизди. Ага ылайык, ирандыктар АКШ доллары менен финансылык транзакцияларды жүргүзө алышпайт. Тегерандын коммерциялык учактарды сатып алуу мүмкүнчүлүгү чектелет. Ошондой эле санкциялар Ирандын автоунаа жана металл өндүрүшүн, килем соодасын бутага алат.

Бул санкциялар күчүнө кирген күнү президент Трамп "Иран менен иш жүргүзгөндөр АКШ менен иш алып бара албай турганын" эскерткен.

АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон санкциялардын кесепети эмитен эле сезилип жатканын дүйшөмбү күнү "Fox News" каналына билдирди:

Жон Болтон.
Жон Болтон.

- Биз Иранга буга чейин болуп көрбөгөндөй кысым көрсөтүүгө ниеттенип жатабыз. Май айында АКШ Ирандын өзөктүк келишиминен чыгарын жарыялап, санкциялар кайра киргизилерин билдиргенде эле эл аралык рынок жана ишкерлер дароо бул жагдайды эске ала башташкан. Алар "Иран менен АКШнын кайсынысы менен бизнес жүргүзөбүз?" деп тандоого аргасыз болгусу келбейт. Анын жообу оңой. Дагы бир компания Иран менен иш жүргүзбөй турганын жарыялады. Иранда санкциялардын экономикалык кесепети азыртадан эле сезиле баштады деп ойлойбуз.

Ирандын президенти Хасан Роухани Вашингтондун чараларын ирандыктарга каршы “психологиялык согуш” деп баалаган. Расмий Тегеран АКШнын санкцияларына карабастан үч жыл мурунку өзөктүк келишимдин талаптарын аткара берерин, санкциялардын кесепетинин алдын алыш үчүн эл аралык келишимге кол койгон Евробиримдик, Кытай жана Орусия сыяктуу өлкөлөр менен кызматташтыкты күчөтөрүн кабарлаган.

- Санкцияларга карабастан, биз өз сөзүбүзгө туруп, эл аралык келишимдерди сыйлай алаарыбызды далилдейбиз, - деп билдирген Роухани.

Антсе да Ирандын өзүндө улуттук валюта - риалдын куну түшүп, кымбатчылык айрым шаарларда элди көчөгө чыгарганы кабарланып жатат.

Вашингтон Тегеранга каршы санкциялардын экинчи бөлүгүн ноябрь айында жарыялаганы турат. Ал санкциялар Ирандын мунай тармагын жана банк системасын бутага алмакчы.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG