Финляндиянын борборунда жалпы төрт сааттан ашык убакытка созулган сүйлөшүүлөрдүн соңундагы басма сөз жыйынында эки лидер алдыда кызматташуу ниеттерин билдиришти. Күтүлгөндөй эле тараптар жолугушууда кандайдыр бир конкреттүү макулдашууга жетишкени айтылган жок. АКШ президенти болсо пресс-конференция учурунда жасаган айрым билдирүүлөрү үчүн мекенинде дароо кескин сынга кабылды.
Хельсинкиде оболу Трамп менен Путиндин котормочулар гана катышкан көзмө-көз сүйлөшүүсү эки сааттан ашуун убакытка созулду.
Андан кийин жолугушуу делегация өкүлдөрүнүн катышуусунда уланып, жалпысынан төрт сааттан ашуун убакытка созулган сүйлөшүүлөрдөн соң эки лидер басма сөз жыйынын өткөрүштү.
- Биздин эки өлкө ортосундагы пикир келишпестиктер жакшы белгилүү. Президент Путин менен биз аларды кеңири талкууладык. Бирок эгер биздин дүйнө кабылган көп проблемаларды чече турган болсок, бизге анда орток кызыкчылыктарга умтулуу менен кызматташтыктын ыкмаларын табууга туура келет, - деди Трамп.
Президенттердин билдирүүсүнөн белгилүү болгондой, алардын алгачкы эки тараптуу сүйлөшүүсүндө Орусиянын Америкадагы президенттик шайлоого кийлигишүүсү, Украина, Сирия, өзөктүк куралды кыскартуу, соода жана башка маселелер талкууланды.
Президент Дональд Трамп пресс-конференциядагы суроо-жоопто белгилегендей, ал Орусиянын 2016-жылдагы шайлоого кийлигишүүсүнө байланыштуу маселени көтөргөндө президент Путин бул ырастоолорду мурдагыдай эле четке каккан.
- Президент Путин бүгүнкү четке кагуусунда абдан бекем жана ишенимдүү болду. Мен Орусия 2016-жылкы шайлоого кийлигишкидей себепти көрбөй турам,- деген Трамп 2016-жылы анын ошол кездеги шайлоо штабы менен Орусиянын ортосунда кандайдыр бир келишүүчүлүк болгон эмес деп кайрадан ырастады:
- Бул таза өнөктүк болгон. Мен Клинтонду жеңил жана таза жеңгем. Эч кандай келишүүчүлүк болгон эмес. Мен президентти (Путинди) билген эмесмин. Келише турган киши болгон эмес.
Дегеле Орусиянын америкалык шайлоого кийлигишүүсүнө байланыштуу Трамп АКШнын өзүнүн чалгын мекемелеринин буга чейинки бүтүмдөрүнөн күмөн санап, Путиндин бул багыттагы ырастоолоруна ынангандай түр көрсөттү.
Бирок Кошмо Штаттардын өзүнөн Трамптын басма сөз жыйында бул маселеге байланыштуу айткандарын америкалык мыйзамгерлердин тобу, анын ичинде республикачыл да, демократ да конгрессмендер дароо жана кескин сынга алышып, айрымдары президенттин сөздөрүн “уят” деп мүнөздөштү.
Конгресстин Эл өкүлдөр палатасынын спикери Пол Райан Орусиянын 2016-жылкы шайлоого кийлигишкенинде “эч шек жоктугун” эске салды.
Сенаттагы демократтардын лидери Чак Шумер “биздин өлкөбүздүн тарыхында америкалыктар АКШнын президенти Американын каршылашын Трамп Путинди кубаттагандай жол менен колдогонун эч качан көргөн эмес”,- деп белгиледи.
Ал эми республикачыл сенатор Боб Коркер Трамптын пресс-конференцияда айткандарын “алсыз” деп атаса, демократ конгрессмен Элиот Энгел атүгүл “кызмат милдетине чыккынчылык” жасагандык катары баалады.
Трамп менен Путиндин жолугушуусунун жуп алдында, өткөн жума күнү АКШнын Башкы прокуратурасы Орусиянын башкы аскерий чалгын мекемеси - ГРУнун он эки офицерине расмий айып коюлганын жарыялаган.
Алар, атайын прокурор Роберт Мюллер жүргүзгөн иликтөөнүн алкагында, 2016-жылы Демократиялык партиянын компьютерлик түйүндөрүн хакерлик жол менен бузууга аралашканы үчүн айыпталган.
Путин америкалык журналисттердин мына ушул суроосуна жооп берип жатып, Москва менен Вашингтон бул талашты Кылмыш иштеринде жардам берүү боюнча 1999-жылы кол коюлган келишимдин алкагында чече алат деп ишендирди:
- Биз сунуш кыла алабыз. Силердин атайын прокурор баштаган комиссия кайсы бир укук бузуу үчүн күнөөлүү деп санаган адамдарды суракка алуу үчүн бизге расмий өтүнүч жиберсе болот. Биздин прокуратура менен тергөө органдары бул суракты жүргүзүп, тийиштүү материалдарды кайра АКШга жөнөтө алат. Мындан ары кетсек, биз дагы бир кадам жасай алабыз. Биз АКШнын расмий, анын ичинде Мюллер мырзанын комиссиясынын өкүлдөрүн бул сурактарга катышуусуна мүмкүндүк бере алабыз. Бирок андай учурда биз буга окшогон аракеттер эки тараптуу болушу жөнүндө маселе көтөрөбүз. Биз анда америкалык тараптан Орусия аймагында укук бузууга барды деп саналган расмий адамдардын, анын ичинде АКШнын атайын кызматтарынын өкүлдөрүнүн суракка алынышы тууралуу маселени көтөрөбүз.
Путин америкалык журналисттин суроосуна жооп берип жатып, Кремлде президент Трампка каршы эч кандай “компромат” жок деп да ырастады.
Трамп өз кезегинде “эгер аларда компромат болсо, аны качан эле чыгарышмак”, - деп кошумчалады.
Трамп-Путин жолугушуусунда талкууланат деп күтүлгөн маселелерден Сирия боюнча тараптар алдыда кызматташа алышары гана айтылды:
- Мен Ирандын өзөктүк амбициясын жана бүткүл Жакынкы Чыгыш аймагы боюнча кыянатчылыктарын токтотуу үчүн ага кысым жасоонун маанилүүлүгүн белгиледим. Биз узак талкуулагандай, Сириядагы кризис татаал маселе. Биздин эки өлкө ортосундагы кызматташтык жүз миңдеген өмүрдү сактап кала алат. Мен ошондой эле Кошмо Штаттар Иран “Ислам мамлекети” тобуна каршы биздин ийгиликтүү өнөктүгүбүздөн пайдалануусуна жол бербей турганыбызды ачык айттым, - деди Трамп.
Сирия маселесинде АКШнын азыркы администрациясы бул өлкөдөгү жарандык согушта Орусия сыяктуу эле Башар Асаддын режимине жардам берип келе жаткан Иран өз күчтөрүн Сириядан чыгарып кетиши керек деп санайт.
Эки президенттин маалымат жыйынын бул жерден толук көрсөңүз болот:
Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков саммит алдында “биз Вашингтондун Иранга мамилесин жакшы билебиз. Бирок ошол эле учурда Иран биздин соода-экономикалык карым-катыш, саясий диалог боюнча жакшы өнөктөшүбүз. Андыктан пикир алышуу жеңил болбойт”,- деген.
Ал эми Крымдын 2014-жылкы аннекциясы боюнча Трамптын туруму өзгөрүүсүз бойдон калганын Путин моюнга алды. Бирок анын айтымында, Орусиянын өзү үчүн бул маселе “жабык”. АКШ президенти болсо пресс-конференцияда Крым же Украина чыгышында 10300дөн ашуун адамдын өмүрү кыйылган жаңжаал тууралуу эч нерсе айткан жок.
НАТОнун өткөн аптада Трамп дагы катышкан Брюссель саммитинде Крымдын 2014-жылдагы аннексиясы дагы бир жолу айыпталган, ал эч убакта таанылбай турганы да баса белгиленген.
АКШ-Орусия мамилесинин начарлашынын азыркы баскычы, дал ушул Крымдын 2014-жылдагы аннексиясынан башталат. Буга жана Украинанын чыгышындагы Орусиянын аракеттерине байланыштуу мурдагы президент Барак Обаманын тушунда киргизилген санкцияларга бийликке Дональд Трамп келгенден кийин Конгресс мыйзамдык макам берген.
Трамп да, Путин да Хельсинкиде АКШ менен Орусия алдыда өзөктүк арсеналдарынын санын кыскартуу маселесин сүйлөшүүсү керектигине токтолушту. Эки өлкө бул чөйрөдөгү акыркы келишимди 2010-жылы түзүшкөн.