Жекшембиде Москванын полициясы Манеж аянтындагы бийлик уруксат бербеген акцияга чогулгандарды четинен кармап, автобуска салып жатты. Саясий камоолорго мониторинг жүргүзгөн "ОВД-Инфо" медиа долбоору кабарлагандай, бул күнү Москвада 339, Санкт-Петербургда 21, ал эми Краснодар, Красноярск, Пермь жана Ростов-на-Дону шаарларында 80ден ашык киши кармалды.
Орусиянын Ички иштер министрлиги болсо Москвада коомдук тартипти бузду деген жүйө менен 263 киши гана кармалганын билдирди. ТАСС жаңылыктар агенттиги күч түзүмдөрүндөгү булактарына таянып, кармалгандардын жанынан бычактар, желим ок чыгарган куралдар, кастеттер табылганын кабарлады. "Рейтер" агенттиги кармалгандар эч кандай ураан чакырбаганын, колдорунда да эч бир плакат жок экенин билдирди.
"Эхо Москвы" радиосунун кабарчысы Андрей Ежков да кармалып, кийинчерээк кое берилди. Ал "Твиттер" барагына полиция кармап кеткендердин көбү 20-25 жаштагылар экенин жазды. Кармалгандардын айрымдары жөн-жерден эле полициянын автобусуна алынып келингенин айтып, социалдык тармактарга видеолорун да жарыялап жатышты.
Орусиянын шааарларында мындай камоолорго өлкөдөн чыгып кеткен оппозиционер, улутчул маанайдагы "Артподготовка" кыймылынын лидери Вячеслав Мальцевдин чакырыгы себеп болду. Ал соңку бир канча жылдан бери 2017-жылдын 5-ноябрында Орусияда элдик революция ишке ашаарын айтып, элди президент Владимир Путиндин бийлигине каршы турууга чакырган.
Мальцев жекшембиде расмий кабарлангандан да көп киши кармалганын YouTube баракчасындагы видео кайрылуусунда айтты:
- Көп сандагы адамдарды көчөлөрдөн кармап кетишти. Телефондорун, сумкаларын алып, ичинде эмне бар экенин текшерип жатышты. Москванын өзүндө эле үч миңден ашык киши кармалды. Адамдар чогула турган жерлерге келип кармашты. Москвада андай жерлердин бири Манеж аянты болчу.
Өзүн улутчул жана анархист деп мүнөздөгөн Мальцевдин "Артподготовка" кыймылын Красноярск соту 26-октябрда экстремисттик уюм деп тааныган. Андан бери Орусиянын аймактарында бул кыймылга тиешеси бар делген адамдар кармалганы тууралуу кабарлар келип жатат. Мисалы, 27-октябрда "Артподготовканын" эки активисти Манежный аянтында жардыруу жасоо үчүн бензин куюлган бөтөлкөлөрдү даярдаган деген жүйө менен камакка алынган. 1-ноябрда Мальцев төрөлүп өскөн Саратов шаарында да ушундай эле кине менен кармалгандар болгон.
Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы "Артподготовка" "кутумчул кыймылынын" бир нече мүчөсү өкмөт имараттарына чабуул коюуга камданган деген негизде 3-ноябрда кармалганын билдирген.
4-ноябрда Москвада Улуттук биримдик күнүн белгилөө учурунда бийликке каршы чыккан ондогон улутчул демонстранттар да камакка алынган эле.
Мальцевдин тарапкерлерине эмне үчүн экстремизм сыяктуу оор беренелер тагылып жатканын "Медиазона" басылмасынын башкы редактору Сергей Смирнов мындайча түшүндүрдү:
- Жоопкерчиликке тартылган адамдардын бир бөлүгү чындыгында "Молотов коктейлин" даярдаган деп ойлойм. Жок дегенде бул өңдүү планды талкуулашкан. Мындай сүйлөшүүлөр деле чара көрүүгө негиз берет.
"Артподготовка" кыймылынын лидери Вячеслав Мальцев 2004-2011-жылдар аралыгында үч жолу Саратов облустук думанын депутаты болуп шайланган. Ал Орусияда "революция" өтсө, өлкөдөгү 100 адамды ырайымсыз жол менен жазалагысы келерин айткан.
Орус бийлиги анын билдирүүлөрүн иликтей баштаганда Мальцев июль айында өлкөдөн чыгып кеткен. Ага экстремисттик чакырыктар боюнча сыртынан айып тагылган.
Орусияда буга чейин оппозициячыл активист Алексей Навальный уюштурган нааразылык акциялары күч колдонуу жана камоолор менен коштолгон. Москвадагы соңку камоолор болсо Орусияда Улуттук биримдик күнү белгиленген учурга туш келди. Бул аптада Орусияда Большевик революциясынын 100 жылдык мааракеси да белгиленет.