Алдын-ала өткөрүлгөн сурамжылоолордун жыйынтыктары көрсөткөндөй алдыда социалист Игорь Додон баратат. Анткен менен байкоочулардын баамында бул ирет талапкерлердин бири да шайлоочулардын тийиштүү 50% добушун жыйнай алышпайт. Ошондуктан 13-ноябрга белгиленген шайлоонун экинчи айлампасы өткөрүлүшү толук ыктымал.
Кесиби боюнча экономист, 41 жаштагы Додон Молдованын евроинтеграциясы боюнча Кремлдин каршылыгына карабастан 2014-жылы кабыл алынган ассоциациялык келишимди токтотууга аракет көргөн саясатчылардын бири
Ал Москва башында турган, Кыргызстан да мүчө Евразия экономикалык биримдигине кирүүнү көздөрүн белгилеп келген.
Ал эми Додондун негизги атаандашы, мурдагы билим берүү министри, “Аракеттер жана тилектештик” партиясынын лидери Майя Санду Европа менен интеграцияны колдойт. Санду айым Кишинев менен Брюсселдин ортосунда кол коюлган келишимге ылайык, Европа биримдигине мүчө болуу үчүн реформаларды жүзөгө ашырууну жактайт.
28-октябрда Молдова православдар чиркөөсүнүн митрополити Владимир таат окуганда Додонду колдоду. Мындай окуя Молдовада биринчи ирет болду.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык добуш берүүгө бир миллиондон ашуун адам катышты. Бул жалпы добуш берүүгө укуктуу 2,8 миллион жарандын 38% түзөт. БШКнын өкүлү Юрие Чокан “Интерфакс” агенттигине бул көрсөткүч менен шайлоо өттү деп тааныларын айтты.
"Коррупция менен күрөш жана элдин жашоосун жакшырта турган реформаларды күтөбүз" - деген шайлоочулардын бири Алексей Валуца бийликке ким келсе да реформаларды жүргүзүшү керек деп эсептейт:
Жалпысынан шайлоого 3000дей байкоочу көз салды. Алардын 562си 52 эл аралык уюмдан катталышкан. Promo-Lex көз карандысыз уюмунун өкүлү Павел Постик алардын байкоочулары 10дон ашуун бекетте байкоо жүргүзө алышпаганын билдирет:
- Бизди тынчсыздандырганы 13төй шайлоо бекетинде биздин жана башка уюмдардын байкоочулары добуш берүү процессине көз сала алышкан жок. Ал эми калган 2017 бекетте маселе жаралган жок
"Азаттыктын" молдован кызматынын маалымдашынча жикчил Преднистровье аймагында 3500дөй адам шайлоого келди. Алардын көбү Варница айылында добуш беришти.
Орус тилдүүлөр үстөмдүк кылган Приднестровье 1990-жылы Молдовадан көз карандысыздыгын жарыялаган. Мунун артынан 1992-жылкы согушта бир жарым миң кишинин өмүрү кыйылган. Эл аралык коомчулук Приднестровьени Молдовага таандык деп тааныйт.
Молдова Европадагы эң жакыр өлкөлөрдүн бири катары саналат. Соңку жылдары өлкөдө коррупциялык жаңжалдар токтобой келет. Сурамжылоолордун жыйынтыгында белгилүү болгондой 2015-жылкы экономикалык кризистен улам молдовандардын көбүнүн евроинтеграцияга умтулуусу солгундап калган.
1996-жылдан бери Молдовада президентти парламент шайлап келген. Ушул жыл башында өлкөнүн Конституциялык соту чыгарган чечимге ылайык, молдовандар президентти түз шайлоо укугуна ээ болушту.