Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:23

"Мамонтко окшош". Жыргалаңда табылган байыркы сөөк


Жыргалаңда табылган мамонт сөөгү.
Жыргалаңда табылган мамонт сөөгү.

Ысык-Көлдүн Жыргалаң аймагында кум-шагыл казып жаткан учурда мамонттун сөөгү табылганы кабарланды. Ал жерге археологдор барып казуу иштерин жүргүзүп, эки башка жерден мамонттун тиши жана астыңкы жаак сыныктары табылганын айтып жатат.

Мындан сегиз жыл мурда дагы Ысык-Көлдө мамонттун сөөгү табылып, окумуштуулар Улуттук илимдер академиясына алып келишкени айтылган.

Зоологиялык музейге коюлат деген табылга андан кийин эмне болгону белгисиз. Ошол кезде адистер сөөктү калыбына келтирүү ондогон жылдарды талап кыларын айтканы бар. Кезектеги археологиялык табылга тууралуу кеп кылабыз.

"Алгач чопо экен дегенбиз"

Жыргалаңда табылган мамонт сөөгү.
Жыргалаңда табылган мамонт сөөгү.

Мамонттун сөөк калдыгы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жыргалаңда карьердик иштер жүрүп жаткан учурунда табылганын Маданият министрлиги кабарлады. Аны алгач карьер ээси Рустам Карыпбаев бирге иштеген жумушчулары менен көрүп калып, министрликке маалымдаган экен.

Рустам Карыпбаев табылга менен.
Рустам Карыпбаев табылга менен.


"Кум-шагыл казуу иштери болуп жаткан учурда мен да ошол жерде элем. Бир убакта балдар "мына бул агарган эмне" деп калышты. Алгач чопо экен деп ойлогонбуз. Көрсө мамонттун сөөгү экен. Анан дароо жумушту токтотуп, тиешелүү жерлерге чалдык. Буга чейин эле мен карьерди казып иштетип жаткан кезде тамаша-чыны аралаш айтып калчумун. Ушундай мамонттун сөөгү да чыгып калып жүрбөсүн, кокус чоң сөөктөр чыгып калса, ишти токтоткула бузуп албайлы деп. Анткени буга чейин да бул аймактан сөөк калдыктар табылган", - деди Карыпбаев.

Маданият министрлигинин маалыматында кылымдар бою жер алдында жаткан сөөктүн бир чети табылгандан кийин эле карьердеги казуу иштери токтотулганы айтылат.

Андан кийин аймакка археологдор Аида Абдыканова жана Эмил уулу Арген эки студенти Бокойбий Садылдаев жана Нуртазим Султанов менен бирге жөнөп кеткен.

Табылган сөөктү казуу учуру.
Табылган сөөктү казуу учуру.

Текшерүү учурунда карьердин 3-5 метр тереңдиктеги кум-шагыл кендеринен бири-биринен 140-150 метр аралыкта эки башка жерден мамонттун тиши жана астыңкы жаак сыныктары табылган.

Ачыкка чыккан сөөктөр баштапкы абалында көпкө сакталбай, күн нурунан тез талкалангандыктан, археологдор алгач жогорудан ылдый карай тешик жасап, табылганы тазалашкан.

Табылган сөөктү казуу учуру.
Табылган сөөктү казуу учуру.

"Табылгалар бар, адистер жок"

Казуу иштерине катышкан Аида Абдыканова байыркы доорлорго таандык мамонт сөөгү табылгыча Кочкордо казуу иштеринде жүрүшкөнүн айтты. Археолог мындай табылгаларды изилдөө маалында өздөрү кандай кыйынчылыктарга туш болорун айтып берди:

"Мунун баалуулугу чексиз. Анткени мындай табылгалар - биздин тарыхый мурас. Бизде ушундай сөөк чыккан жерлер көп эле. Бирок бизде ошолорду казып чыгаруу, консервациялоо, реставрациялоо багытындагы адистигибиз өнүгө элек. Адистер да жок. Мисалы, бизге Маданият жана маалымат министрлиги чалып, бир аз бош болуп калганыбыз үчүн барып калдык. Жаныбызда студенттерибиз да бар болчу. Бирок ушундай табылгалар чыкканда сактап калуу кыйын болот. Анткени күнгө чыкса эле үбөлөнүп кетет. Мисалы, Казакстандын талаасында табылса, ошол эле талаадан лаборатория ачып, ошол жакка бир жума бир ай жатат. Сөөктөрдү кылдат консервациялап бүткөндөн кийин лабораториядан оңдошот. Ага көп каражат, адистер керек. Консервация үчүн химикаттарды Кыргызстандан табуу кыйын. Керек болсо ректификатты (таза спиртти) да эч ким сатпайт. Заводго кайрылсак, сатканга укугубуз жок дешет. Ушундай кыйынчылыктар бар. Спирттен баштап башка химикаттардын баарын чет өлкөдөн алып келиш керек".

Археологдор Аида Абдыканова, Эмил уулу Арген жана изилдөөгө катышкан студенттер Бокойбий Садылдаев, Нуртазим Султанов.
Археологдор Аида Абдыканова, Эмил уулу Арген жана изилдөөгө катышкан студенттер Бокойбий Садылдаев, Нуртазим Султанов.

Абдыканова табылганы колдон келишинче консервациялашканын айтат. Эми сөөк калдыктары машинеге жүктөлүп, эртең борборго жеткирилгени турат. Археолог алдыда аларды чогултуп, жакшылап реставрацияласа, тарых музейи үчүн чоң баалуу мурас болот дейт. Бирок баары бир чет жактан консерватор, реставраторду чакырыш керек экенин кошумчалады.

Жыргалаңда табылган мамонт сөөгү.
Жыргалаңда табылган мамонт сөөгү.


2016-жылы да Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Чолок айылына караштуу аймакта мамонтко окшош жаныбардын сөөгү табылган. Археологиялык табылганы окумуштуулар Улуттук илимдер академиясына алып келишкен. Байыркы жаныбардын сөөгү Илимдер академиясынын Зоологиялык музейине коюлушу керек. Бирок адистер сөөктү калыбына келтирүү ондогон жылдарды талап кыларын айтып келишет.

"Мүмкүнчүлүктөр мурдагыдан жакшы"

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Чынарбек Жолдошев аталган аймакта дагы изилдөөлөр жүргүзүлөрүн, тарых, археология илимине мамлекет жакшы көңүл буруп жатканын айтууда:

"Ал жерде сөөктүн бир бөлүгү казып алынды да. Эми дагы айланасынан ушундай сөөктөр чыгат деген божомолдор болуп жаткандыктан дагы кошумча илимий изилдөөлөр жүргүзүлөт. Бул биз билгенден союз мезгилинен бери табылган бешинчи мамонт калдыгы болуп турат. Акыркы жолу 2016-жылы табылган. Бирок анын көлөмү мындан чаканыраак эле. Байыркы жаныбарлардын сөөгү Кыргызстанда негизинен Таш-Көмүр, Баткен, Жыргалаңда көбүрөөк табылат. Анан бул кезектеги табылга көлөмү жана жакшы сакталганы менен өзгөчөлөнүп турат. Кантсе да лаборатория иштери үчүн жетиштүү материал болду деп ойлоп турабыз. Эң негизгиси, мамлекеттик программа ушул багытта жакшы иштеп жатат. Эки жыл мурда тарыхый эстеликтерди сактоо жана жайылтуу боюнча президенттин жарлыгы кабыл алынды, мындан сырткары тарыхый эстеликтерди изилдөө, музей түзүү боюнча Министрлер кабинетинин токтому да чыкты. Бүгүнкү күндө мүмкүнчүлүктөр мурдагыдан жакшы".

  • Мамонттор (лат. Mammuthus) — сүт эмүүчүлөр түркүмүнө кирип, пилдикине окшош тумшугу бар, плиоцен (5 млн жыл мурда) жана голоцен мезгилинде (4 миң жыл мурда) жашап, өлүп жок болгон жаныбар. Алардын ар кандай түрү Африка, Азия жана Түндүк Американы байырлаган. Генетикалык жактан мамонттор Азиядагы азыркы пилдерге жакын. Жаныбарлардын жаагында ылдый карай созулуп, ийилген мүйүзү жана калың жүнү болгон. Бойлорунун бийиктиги 5,5, салмагы 14-15 тоннага чейин жеткен. Бул алардын азыркы сүт эмүүчүлөрдүн эң көлөмдүүсү Африка пилдеринен эки эсе чоң болгонунан кабар берет. Айрым археологдор Кыргызстанда 1960-70-жылдары, андан кийин да мамонтко түспөлдөш жаныбарлардын калдыктары табылганын, учурда алардын айрымдары музейде сакталып турганын, кээ бири ошол учурда илимий изилдөө үчүн Москвага ташылып кеткенин айтышат.


Мындан бир апта мурда кыргыз өкмөтү Кыргызстандын тарыхын изилдөө боюнча “Көөнө тарых сырлары” мамлекеттик программасы өз ишин баштаганын маалымдаган.

Анын алкагында республиканын археолог-этнографтарын илимий экспедиция жүргүзүүгө өлкө аймактарына узатуу аземи Кыргыз улуттук тарых музейинде болуп өткөн.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өткөн жылы Фейсбук баракчасына пост жазып, Кыргызстандын тарыхын жана археологиялык-этнографиялык изилдөөлөргө Министрлер кабинети 600 млн сом бөлгөнүн билдирген. Анын ичинен 2024-жылга 156 млн 935,6 миң сом, 2025-жылга 131 млн 116,5 миң сом, 2026-жылга 193 млн 154,2 миң сом, 2027-жылга 102 млн 868,3 миң сом бөлүнөт.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

Тектеш

XS
SM
MD
LG