Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:56

Кыргызстанда археологиялык жана этнологиялык экспедициялар жүргүзүлөт


“Көөнө тарых сырлары” мамлекеттик программасынын алкагында башталган археологиялык жана этнологиялык экспедициялардын катышуучулары.
“Көөнө тарых сырлары” мамлекеттик программасынын алкагында башталган археологиялык жана этнологиялык экспедициялардын катышуучулары.

Кыргызстандын тарыхын изилдөө боюнча “Көөнө тарых сырлары” мамлекеттик программасы өз ишин баштады. Бул тууралуу өкмөттүн сайты кабарлады.

Анын алкагында республиканын археолог-этнографтарын илимий экспедиция жүргүзүүгө өлкө аймактарына узатуу аземи Кыргыз улуттук тарых музейинде болуп өттү. Узатуу аземине Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов катышты.

Археологдордун жана этнологдордун изилдөөчүлөр тобу 14 адамдан турат. Экспедициялар аймактардагы этнологдор жана археологдор кошулат.

Экспедициялык топ Чүй облусундагы Курама палеолит доорунун эстеликтерин, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Саймалуу-Таш эстеликтерин, Ысык-Көл облусунун Жууку өрөөнүндөгү эстеликтерди жана Нарын облусунун Кочкор районундагы түрк доорунун эстеликтерин изилдөө иштерин жүргүзөт. Дүйнөдөгү көлөмдүү петроглифтердин коллекциясы жайгашкан Саймалуу-Таштагы аска таш сүрөттөрүн, эстеликтерин музейлештирүүгө даярдык иштери да болот.

Мындан сырткары Нарын облусунун Нарын районундагы Ак-Торпок айылынындагы сак дооруна таандык көрүстөндөр, Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Кеңкол тибиндеги көрүстөндөр, Нарын облусунун Нарын районундагы Ак-Торпок айылынындагы сак дооруна таандык көрүстөндөр, Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Кенкол тибиндеги көрүстөндөр жана Баткен облусунун Баткен районундагы Кара-Булак тибиндеги Кызыл-Кошун көрүстөндөрү да изилденет.

Экспедициянын алкагында Бишкек шаарынын аймагындагы Кузнечная шаар уранды конушу, Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Красная-Речка уранды конушун, Нарын облусунун Кочкор районундагы Кум-Дөбө шаар уранды конушун жана Ысык-Көл өрөөнүндөгү Асман шаары пландалган аймагындагы эстеликтерди изилдөө иштери болот. Баткен облусунун Лейлек районунун археологиялык картасын түзүлөт.

Маалым болгондой, президент Садыр Жапаров 2022-жылдын аягында “Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объектилерин сактоону, изилдөөнү жана популярдаштырууну камсыз кылуу боюнча мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Анын алкагында Министрлер кабинети 2023–2027-жылдарга "Көөнө тарых сырлары" тарыхый-маданий мурас объектилерин сактоо, изилдөө жана археологиялык казууларды жүргүзүү боюнча мамлекеттик программа кабыл алган.

2023-жылдын декабрында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Фейсбук баракчасына пост жазып, Кыргызстандын тарыхын жана археологиялык-этнографиялык изилдөөлөргө Министрлер кабинети 600 млн сом бөлгөнүн билдирген. Анын ичинде 2024-жылга 156 млн 935,6 миң сом, 2025-жылга 131 млн 116,5 миң сом, 2026-жылга 193 млн 154,2 миң сом, 2027-жылга 102 млн 868,3 миң сом бөлүнөт. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG