Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:50

Индонезияда байыркы сүрөт табылганы кабарланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Археологдор Индонезиядагы үңкүрлөрдүн биринин дубалынан 45 500 жыл мурда тартылган сүрөттү табышканын билдиришти. 13-январда «Science Advances» журналында жарыяланган макалада жазылгандай, Сулавеси аралынын алыскы өрөөнүндө табылган сүрөттө жапайы чочко тартылган.

«Бул сүрөттү тарткан адамдар заманбап болушкан жана аларда биздикиндей эле сүрөт тартуу жабдыктары болгон», - дейт Австралиядагы Гриффит университетинин илимпозу Максим Оберт.

Бул сүрөт - адам тапкан эң байыркы искусство эмес. Түштүк Африкада 73 000 жыл мурда табылган сүрөт эң байыркы болуп саналат.

XS
SM
MD
LG