Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:27

Израил армиясы Бейруттагы "Хезболланын" борбордук кеңсесине сокку урду


Бейрутта израил армиясы сокку урган жерге чогулгандар, 27-сентябрь, 2024-жыл
Бейрутта израил армиясы сокку урган жерге чогулгандар, 27-сентябрь, 2024-жыл

Израил армиясы Бейрутка жакын жердеги "Хезболланын" борбордук кеңсесине сокку урду. ЦАХАЛ топтун лидери Хасан Насралланы бутага алганын кабарлады. Ливандын Саламаттык Сактоо министрлиги эки адам набыт болуп, 70тен көбү жараат алганын билдирди.

"Хезболла" - Ливандын түштүк аймактарынын басымдуу бөлүгүн көзөмөлдөп турган жоочулар тобу жана саясий партия.

Чабуулдун алдында эле Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында АКШ террордук топ санаган уюмга каршы аскердик аракеттер токтобой турганын эскерткен.

27-сентябрда ЦАХАЛДын өкүлү Даниэл Хагари израил күчтөрү карапайым тургундар жашаган үйлөрдүн алдында жайгашкан "Хезболланын" баш кеңсесине сокку урганын билдирди.

Чабуулдан кийин Насралла кайда экени тууралуу эч кандай маалымат чыккан жок. Нетаньяхунун кеңсеси премьер-министр АКШдагы сапарын токтотуп, дароо Тель-Авивге жолго чыкканын маалымдады.

Насралла жетектеп турган маалда "Хезболла" Ирандагы ишенимдүү адамдар, Тегеранга таянган башка куралдуу топтор менен тыгыз алакаларды түзүп, ал уюмдардын жоочуларын машыгуудан өткөрүүгө жана курал менен жабдууга жардамдашып келген.

"Хезболлага" караштуу Al-Manar TV телеканалы авиасоккуда кеминде төрт имарат талкаланып, оор жоготуулар болгонун, жерине "Тез жардам" жөнөтүлгөнүн кабарлады.

Ливандын Саламаттык Сактоо министрлиги эки адам набыт болуп, 70тен көбү жараат алганын билдирди.

Интернетке жарыяланган видеолордон талкалоонун аянты чоң экенин көрүүгө болот.

Пентагондун өкүлү Сабрина Сингх Израил АКШга сокку тууралуу алдын ала эскертпегенин билдирди.

"Кошмо Штаттар бул операцияга катышкан эмес, бизге алдын ала эч кандай эскертүү болгон жок", - деди Сингх журналисттерге.

Буга чейин Нетаньяху БУУнун Башкы Ассамблеясында сүйлөп жатып "максаттарыбыздын баарына жетмейинче "Хезболланы" жок кылууну уланта беребиз" деген.

Ливанда бир үй-бүлөдөн тогуз өмүр кыйылды

27-сентябрга караган түнү жана таңга жуук Израилдин борбордук бөлүгүндө, Тел-Авив шаарында абадан коркунуч тууралуу эскертүү берилип жатты. Армия өкүлдөрүнүн билдирүүсүндө айтылгандай, Йемен тараптан учурулган ракета Израилдин аймагына жете электе атып түшүрүлдү.

Ал эми өлкөнүн түндүк тилкесинде жайгашкан Хайфа шаарына, аскердик мекеме билдиргендей, Ливан тараптан 10 ракета учурулду. Алардын айрымдары кармалганы, калгандары эл жок жерге барып түшкөнү маалымдалды. Шаардын кээ бир жерлеринде түтүн чыгып жатканын көрүүгө болот.

Израилдин абадан коргонуу системасы Ливан тараптан учурулган ракеталарды кармоодо.
Израилдин абадан коргонуу системасы Ливан тараптан учурулган ракеталарды кармоодо.

Израил жума күнү Ливан тараптан учурулган согуштук төрт дрон да кармалганын билдирди. Бир киши жараат алганы маалымдалды.

Ливандагы “Хезболла” жоочулар тобу бул соккуларын Израилдин Ливандын айыл-кыштактарына, жайкын тургундарына жасаган чабуулдарына жооп деп атады. Ал эми Израил "Хезболланын" согушкерлерине гана каршы күрөшүп жатканын айтууда.

АКШ "Хезболланы" террордук уюм деп тааныйт. Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун "кара тизмеге" киргизген. Ливандын парламентинде "Хезболланын" саясий партиясынын депутаттары бар.

Израилдин абадан коргонуу системалары чабуулдардын көбүнүн мизин кайтарып келатат, бирок өлкө түндүгүндө ракета жана дрон коркунучунан улам кадимки күнүмдүк жашоо токтоп тургандай.

Ал тапта Ливан бийлиги Израилдин соңку аба чабуулдарынан чыгыштагы чек ара аймагына жакын жердеги Шебаа шаарында жашаган бир үй-бүлөдөн тогуз киши мерт кеткенин, алардын төртөө балдар экенин 27-сентябрда билдирди. Мамлекеттик маалымат агенттиги кабарлагандай, түштүктөгү Тир (Сур) шаарына да чабуул жасалды.

Reuters агенттиги Ливандын Саламаттык сактоо министрлигине таянып жума күнү маалымдагандай, 23-сентябрдан бери Израилдин чабуулдарынан кеминде 600дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылды.

25-сентябрда Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүнүн лидерлери чогулган сессиясында 11 өлкө жана Европа Биримдиги Израил менен "Хезболла" ортосундагы атышууну тез арада токтотуп, үч апталык элдешүү жарыялоого, бул убакыттын ичинде жаңжалды тынчтык жолу менен чечүүгө аракет кылууга чакырышкан. Алардын биргелешкен билдирүүсүндө Израил менен “Хезболланын” ортосундагы кармаштын жалпы аймакка жайылып кетүү коркунучу бар экени, бул Израилдин да, Ливандын да кызыкчылыгына туура келбей турганы белгиленген.

Бирок Израил мындай сунушту чекке кагууда. Өлкөнүн премьер-министри Биньямин Нетаньяху:

Биньямин Нетаньяху.
Биньямин Нетаньяху.

“Менин саясатым, биздин саясат айдан ачык – биз “Хезболлага” каршы соккуларыбызды болгон күчүбүз менен уланта беребиз. Биз максаттарыбыздын баарына жетмейинче, түндүктөгү тургундарыбыздын баары үйүнө тынч кайтмайынча токтобойбуз”, - деп журналисттерге 26-сентябрда билдирди.

Атышууну токтотууга чакырган билдирүүгө АКШ, Франция, Улуу Британия, Германия, Италия, Жапония, Канада, Австралия, Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмирликтери, Катар жана Евробиримдик кол коюшкан.

"Хезболла" Ливанда жайгашкан, Израилде жана АКШда террордук уюм деп жарыяланган, Иран колдогон топ. Азыркы абалдан биринчи кезекте Ливандын жайкын тургундары жабыркап жатканын өлкө бийлиги билдирүүдө. Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө Ливандын башкы дипломаты Абдалла Бухабиб өлкөнүн келечеги коркунучта экенин айтып, эл аралык коомчулукту жардамга чакырды:

Абдалла Бухабиб.
Абдалла Бухабиб.

"Элибиздин келечеги, өсүп-өнүгүүсү коркунучта турат. Бул кырдаал домино принцибине окшоп көзөмөлдөн чыгып кетип, кризисти таптакыр башкара албай калган абалга жеткирбеш үчүн тез арада эл аралык кийлигишүүнү талап кылууда".

Израилдин “Хезболла” менен тирешинен улам түзүлгөн кооптуу абалга байланыштуу Ливандын чек арага жакын айыл-кыштактарында жашаган айрым тургундары коңшу Сирияны көздөй агылууда. Израил Ливандын борбор калаасы Бейруттун тегерегин да бутага алып, бир нече киши каза болгон. Reuters агенттигинин кабарчылары шаар көчөлөрүн кыдырып, атышууну токтотуу тууралуу чакырыктар боюнча пикирлерди сураштырганда, шаар тургундары тынчтык орнооруна үмүттөнөрүн айтышты:

“Ооба, менимче, атышуу токтойт. Анткени колуңда бийлигиң, өзүңдүн бийлигиң турганда адамдар атышууну токтотууга макул болушу керек. Ошондой кылышы керек болот”, - деди өзүн Самир деп тааныштырган жаран.

Былтыр октябрда “Хезболланын” өнөктөшү, АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган ХАМАС тобунун кандуу чабуулуна кабылгандан кийин Израил Газада ХАМАС менен, коңшусу Ливандын түштүгүндө "Хезболла" менен согушуп келе жатат.

"Хезболла" Израилдин "Моссад" мекемесин быйыл 17-18-сентябрь күндөрү Ливанда пейжер, рация жана башка байланыш, техника каражаттары жапырт жарылып, отуздан ашуун адамдын өмүрү кыйылган чабуул үчүн айыптоодо. Анда бутага негизинен "Хезболланын" мүчөлөрү алынганы кабарланган. Ал эми 22-23-сентябрда Израилдин эң катуу соккуларынан Ливанда дагы жүздөгөн адамдын өмүрү кыйылып, миңдеген адам эвакуация болгон.

Бул окуялардан кийин аймакта чыңалуу курчуй баштаган.

XS
SM
MD
LG