Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:25

ТИМ кыргызстандыктарды Израил менен Ливанга барбай турууга чакырды


Тышкы иштер министрлигинин имараты.
Тышкы иштер министрлигинин имараты.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жарандарды Израил менен Ливандын чек арасындагы чыналган кырдаалга байланыштуу эки өлкөгө убактылуу барбай турууга чакырды. Мекеменин 25-сентябрдагы билдирүүсүндө аталган өлкөлөрдө жашаган кыргызстандыктарды ал жактан чыгып кетүүгө же коопсуз жерде болууга үндөдү.

Израил менен Ливанда жашаган жарандар ыкчам байланыш үчүн Кыргызстандын Кувейттеги (+96525359951) жана Түркиядагы элчилигинин (+905456896800), Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин (+996 999 312002) ишеним телефондору аркылуу байланышса болот.

Былтыр 7-октябрда АКШда жана Евробиримдикте террордук деп жарыяланган ХАМАС тобу Газа тилкесинен Израилге кол салганда бир күндө 1197 кишини өлтүрүп, 251 кишини барымтага алып кеткен, кийин алардын айрымдары бошотулуп, кээ бирлери каза болгон.

Израил октябрдагы бул кандуу окуядан кийин Газа тилкесине чабуул баштаган. Азыркы тапта ал Газада ХАМАСка жана Ливан менен чек арасында ХАМАСтын өнөктөшү “Хезболлага” каршы согушууда.

Израил армиясынын 23-сентябрда Ливандын түштүгүнө жасаган аба соккуларынан набыт болгондор 492 кишиге жетти. Алардын ичинен 35и балдар, 58и аялдар экени кабарланды. Дагы 1645 киши жараат алды. Израил АКШда жана башка бир катар өлкөлөрдө террордук деп таанылган Ливандын “Хезболла” тобу курал-жарак сактаган жайларга сокку урганын билдирген.

Газанын саламаттык сактоо мекемеси кабарлагандай, согуш башталган 11 айдан бери тилкеде каза тапкандардын саны 41 миңден, жараат алгандар 95 миңден ашты.

XS
SM
MD
LG