16-февралда Бишкекте “Тынчтык, ишенимди орнотуудагы аялдардын ролу” деген аталыштагы жыйын өтүп, анда июнь коогасында жапа чеккен аялдардын абалы талкууланды. Өлкө президенти Роза Отунбаева катышкан бул жыйында аялдардын бейөкмөт уюмдары жайкы коогадан жабыркаган аялдарга жардам берүү боюнча сунуштарды иштеп жатканы да сөз болду.
Үч баласын кучактап жесир калган Айгүлдүн арманы
10-июнь күнү кечинде Ош шаарынын тургуну Айгүл Жумаева эч нерседен бейкапар, жаңы төрөлгөн ымыркайын уктатып жаткан. Саат он экилерден өткөндө көчөдө ызы-чуу башталып, үрөйү учкан үй-бүлө таң атканда шаардан чыгып кетишет. Үйүн кайтарам деп шаарда калган күйөөсү башына катуу таяк тийип, ооруканада эки жолку операциядан кийин эсине келбей каза табат. Ошентин Айгүл 32 жашында үч баласын кучактап жесир калды.
- Балдарым кичинекей. Бир жетиде, бири үчтө, кичүүсүнө мына бир ай болду. Жок жерден атабыздан ажырап кала бердик...
Айгүлдүн күйөөсү Ош шаарындагы базарда соода менен тиричилик кылчу. Жаңжалга чейин ал чакан бизнеси үчүн кредит алып иштей баштаган эле. Эми минтип кредитти төлөө түйшүгү Айгүлдүн мойнуна илинди. Азыр ал бир айлык эмчектеги кызын апасына таштап коюп, базарда күйөөсүнүн ордунда иштеп жатат:
- Билбейм жардам деле болгон жок. Ошол күндөрү болгон товарыбыз күйүп кеткен. 500 миң сом кредит алган элек. Учурунда күйөөм иштеп, убагында эптеп төлөп турчубуз. Эми соода да начар. Эмне кылаарымды билбейм. Өткөндө өкмөт башчы Атамбаев келип, кредитттер жоюлуш керек деген. Бирок жоюлган жок. Мартка чейин эле токтотуп койгон. Эми март болгондо эмне кылам билбейм. Ойдун түбүнө жетпейм. Же каза болгон жолдошумду, балдарымды, же базарды ойлоюнбу. Кайсынысын ойлойм, билбейм...
Үйүм күйбөсө да жүрөгүм күйдү
Ош шаарынын дагы бир тургуну Табакал Ташматова жолдошунун снайпердин огунан каза тапканын айтат. Төрт баласы менен калган 45 жаштагы бул аял азыр бир баласына өкмөттөн берилчү жөлөк пулу менен жан сактап келет. Өзү да оорулуу болуп калгандыктан, үлүшкө берилген жерин иштетчү киши жок заманасы куурулуп турганын айтат:
- Ошол жерди эптеп күйөөм иштетип, кем карчыбызды жапчу элек. Эми балдарымды кантип багам, кантип бутуна тургузам? Эч кандай деле жардамды сезген жокмун. Жардам дегенде үйү күйгөндөр менен күйөөсү өлгөндөрдү бөлүп карашат. Менин үйүм күйбөсө да жүрөгүм күйдү да. Баарыбыз жабыркадык. Багуучубузду жоготтук. Бул аялдарды жок дегенде пенсияга чыгарыш керек го. Бизге ушул нерсенин кереги жок эле. Мындай нерсени душманыңа да каалабайсың...
“Инсан Диамонд” коомдук бирикмесинин жетекчиси Жамиля Капарованын айтымында, июнь коогасынан кийин аялдарга психологиялык жардамдар көрсөтүлүп, кандайдыр бир деңгээлде калыбына келүү процесси жүрдү. Бирок азыр жаңжалда күйөөсүн, балдарын жоготкон, үйү күйүп кеткен, чакан бизнесинен кол жууган, балдарын жетелеп жалгыз калган аялдардын тобу пайда болду. Аларга өз учурунда жардам берилбесе, кайра эле стресске кабыла бериши мүмкүн.
- Мамлекет сегиз айдан бери үйү күйгөндөргө жардам берип келе жатат. Жолдоштору кредит алып, бирок каза болуп калып, 9-12 миң доллар деген кредит анын жесиринин мойнунда калып жатат. Кредит жеке банктардан алынган. Атамбаев баргандан кийин кредитти төлөө 3 айга чейин эле токтотулган. Андан ары эмне болот? Ошондой эле аялдарга медициналык-психиатриялык жардам керек. Анткени адистердин айтымында, стресс абалы 6 айдан кийин кайра кайталанышы мүмкүн. Биз азыр ошондой аяр мамилеге муктаж 18 аял менен иштеп жатабыз. Аларга мамлекет да колдоо көрсөтүүсү керек.
БУУнун гендер маселеси боюнча түзүмү түштүктө жүргүзгөн сурамжылоодон кийин аялдардын бейөкмөт уюмдары тынчтыкты, улут арасындагы ишенимди орнотууда чоң роль ойной алат деп жыйынтык чыгарган.
Президент жабыркаган аялдарга жардам берүү жолдорун аныктоого чакырды
Бул жыйынга катышкан президент Роза Отунбаева бейөкмөт уюмдарды ошол жерге барып, аялдарды чогултуп, аларга жардам берүү жолдорун аныктоого чакырды. Президент азыр түштүктө тургундар чогуу тынч жашап жаткандай көрүнгөнү менен баары бир ортодо бир келишпестиктер сезилип турганын белгиледи. Жазга маал мындай маанайды ар кандай күчтөр колдонууга аракет кылышы мүмкүн.
- Базаркоргондук милиционер Мыктыбек Сулаймановдун апасын айтсак, ал өзү мугалим. Атасы мектеп директору. Алар интеллигенттер. Бирок бул аял бүгүн кандай активдешти. Ал өзүн токтото албай калып жатат. Эгер адам өзү жалындап күйүп турса, биз тынчтыкты кантип орнотобуз. Мына ушундай учурда сиздер аялдардын ролун көрсөтүп жатасыздар. Бул маселе биздин конкреттүү иш-аракеттерди жасоого түртөт. Биз азыр элди аралап, жер жерлерде ынтымакка, ишенимге чакырган практикалык чараларды өткөрүүбүз керек. Ушул жерден сиздердин тажрыйба керек. Буга чейин сиздер үй-бүлөдөгү зомбулук менен күрөшүп келсенсиздер, июнь окуялары чыныгы конфликт эмне экенин көрсөттү. Бул процесске мектеп мугалимдерин, ооруканалардын кызматкерлерин, баарын тартуубуз керек. Мен бул ишти колго алат элем. Мен акыркы жарым жылда аялдарды бириктирүү жаатында иш алпарат элем. Керек болсо бул маселелерге премьер-министрди тартсак болот. Бир координациялык кеңеш же комиссия түзсө болот.
Азыр аялдардын бейөкмөт уюмдары Ош, Жалал-Абад, Баткенде атайы тынчтык орнотуучу, жардамчы аялдардын тармагын түзүү демилгесин көтөрүп жатышат. Ар облустан 20дан аял сынактын негизинде тандалып алат. Бул аракет мындан ары конфликтик абалды алдын алуу максатындагы алгачкы кадамдардын бири болмокчу.

Июнь окуясында өлтүрүлгөн милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановдун жесири Чынара Бечелова сот залында. Ноокен, 6-сентябрь.