Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:17

"Эл үнү": Барыктабасов, спорт жана оорукана


"Мекен туу" партиясынын мүчөлөрүн Кант тараптагы жолдон кууп таратуу маалы. 5-август, 2010-жыл.
"Мекен туу" партиясынын мүчөлөрүн Кант тараптагы жолдон кууп таратуу маалы. 5-август, 2010-жыл.

“Мекен туу” партиясынын лидери Урмат Барыктабасовдун тарапкерлери аны бошотуу өтүнүчү менен өлкө президентине кайрылышты.

“Кыргыз элим” элдик партиясынын жетекчиси Нурсултан Жаманкулов: Кыргыз элинин президенти Роза Отунбаевага кайрылуу иретинде эки ооз кебим бар. Урмат Барыктабасов "кыргыз элим, кыргыз мамлекетим деп, өлкөнүн келечеги үчүн" деп жакшы асыл ой-тилек менен 5-августта Бишкекте курултай өткөрөлү деп чыкты эле. Биз ал жерде курултайга келген эл менен кыскача кеңешип, алдыдагы парламенттик шайлоодо бекер акчалар “шамалга учуп” кетпесин, шайлоонун жыйынтыгы элдин кызыкчылыгы үчүн болуусу керек деген максаттарыбызды айтмакпыз. Тилекке каршы бийлик бизди туура түшүнбөй койду. Жыйынтыгында Урмат Барыктабасов кармалып, азыркы учурда СИЗОдо жатат. Төрт айдан өтүп, беш айга кетти. Анын укугу тебеленип жатат. Биз бийликтен аны камактан бошотсун деп талап кылабыз.

Жалал-Абад облусу, Кулпунай Асымбекова: Биз “Мекен туу” партиясында болчубуз. 5-августта курултайга келип, бардык маселелер жакшы чечилет деп келгенбиз. Чакыруу барагы президент Роза Отунбаевага да берилди деп укканбыз. Тартип коргоо кызматкерлери эмне үчүн бизди ит менен кубалап, таш менен уруп таратат? Жаңы өкмөттүн мындай аракетинен кийин бул бийликке абдан нааразы болуп калдым. Мындай болот деп ойлогон эмеспиз. Эмне үчүн Урмат Барыктабасовду ушунча убакыттан бери камап турушат? Ал эми 7-апрелде элге ок атып, канча кишини өлүмгө кыйган күнөөлүү адамдар камалбай ээн-эркин бош жүрүшөт. Мына жакында эле соттон мурдагы бийликтин үч өкүлү качып кетти деп жатышат. Аларды ким качырды? Ким ага жооп берет? Кыскасы президент Роза Отунбаевага кайрылып Урмат Барыктабасовду тез арада бошотуп беришсин деп өтүнөм.

Улуттук коопсуздук кызматынын басма сөз катчысы Рысбек Быкын уулу Урмат Барыктабасовго байланыштуу коопсуздук кызматы тарабынан тергөө жүрүп жатканын, бул маселеге сот чекит коерун билдирип, кенени комментарий берүүдөн баш тартты.

Бишкектен дагы бир угарман “Эл үнү” программасы аркылуу Лейлек районундагы Сумбула айылынын тургундарынын кайрылуу катын жарыялап коюуну өтүндү.

Бишкек шаары, Бүбүсайра Калыкова: Мен Баткен облусунун Лейлек районунун Сумбула айыл өкмөтүндө жашап жаткан Калыкова Камила менен Батырова Уулкандын өтүнүчү менен “Азаттык” үналгысына кайрылып жатам. Алардын көйгөйү мындай экен: “Райондук оорукананын башкы врачы Абдалиева Рызбан өзүнүн оюна келгендей иштерди жүргүзүп жатканы жөнүндө нааразылыктарын айтышты. Райондук оорукананын башкы врачы Сумбула айыл өкмөтүндөгү төрөт үйүн жаап, ал жерде иштеген жумушчулардын штатын өз билгениндей кыскартып, каалаган адамды жумуштан бошотуп, каалаган адамды жумушка алып жатыптыр. Ошондуктан ал өзүнө даттанганы барган адамдарды "кайда барсаң ошол жакка бар" деп орой мамиле жасап, кабинетинен кууп чыккан фактылар бар экенин айтышууда. Ушул жагын Саламаттык сактоо министрлиги көзөмөлгө алып, тартипке салып коюусун өтүнөбүз”.

Лейлек районунун ооруканасынын башкы дарыгери Рызбан Абдылдаева: Оорукана иштеп эле жатат. Ал жерде он керебеттүү филиалыбыз бар. Калыкова Камила деген кызыбыз 2009-жылы турмуш шарты начар экен деп 4,5 ставка менен жумушка алганбыз. Анан нааразы болуп менин күйөөм жок, 1,5 ставка иштейм деп кат жазып, аны Саламаттык сактоо министрилиги, облустук саламаттык сактоо башкармалыгы тарабынан текшерди. Анын дооматтары туура эмес экен деген жыйынтыгын чыгарган. Азыр Сумбаладагы филиалды эч ким жапкан жок. Ал жерде иш кадимкидей эле жүрүп жатат. Айлыктарын убагында алып жатышат. Бирөөнү жумуштан жөнү жок кетирүү деген негизсиз. Бардыгы ордуларында иштеп жүрүшөт.

Юрист Таштемир Чилдебаев: 7-апрелде болгон кандуу окуя боюнча сот процесси болуп жатат. Соттук залда көп адамдар соттолуучу катары сот жоопкерчилигине тартылып отурушат. Ошол 7-апрелде болгон окуяларга саясий, моралдык жактан кандай баа беребиз?

Ал айыпталып жаткандардын бардыгы жоопкерчилик алышат. Бирок сот поцессинде бардыгы эмоцияга алдырбай, саясатташтырбай, сотто отургандардын кылган ишине укуктук жактан баа бериш керек. Мисалы, сотко мурдагы башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев эч кимден бекинбей, тергөөгө жардам берип келип жүрөт. Ал 7-апрелде президенттин кеңешчиси болуп иштеп турган. Ошол аткан делип шектелген аскерлерге эч кандай тиешеси жок. Алардын командири да болбойт, аларга буйрук да бере албайт. Бирок жашырынбай, эр жигиттик кылып, жүзүн жаппай, көкүрөгүн тосуп, ошол аскерлер менен бирге соттолуучулардын отургучунда отурат. Себеби анын генерал деген наамы бар. Ошондуктан “солдаттар соттолбосун, андан көрө мен сотолоюн” деп көкүрөгүн тосуп ошол жерде отурат.

Албетте анда саясий, мралдык жоопкерчилик бар. Бирок кылган иши, анын кызматтык милдеттери, укуктары боюнча аскерлерге, СГОнун кызматкерлерине, Коргоо министрлигинин кызматкерлерине, “Альфанын” солдаттарына эч кандай тиешеси жок. Менин жеке оюм боюнча “адам өлтүрүү” деген айып коюлуп жатканы юридикалык жактан анын жоопкерчилиги жок экендигин көрсөтүп турат. Ошондуктан сот адилет калыс чечим чыгарат деген үмүттөмүн..

Бишкек шаары, Жамалдин Темирбердиев: Спорт бул - ден соолукту чыңдоо, патриоттуулукка үндөө, Ата Мекенди коргоо, республикалык жана дүйнөлүк олимпиадаларда мамлекеттин туусун бийик көтөрүп даңазалоо. Ошондуктан республиканын деңгээлинде башталгыч, орто, жогорку окуу жайларынын базасында спорт сарайларын оңдоп чыгуу керек. Булар сууда сүзүү, футбол, волейбол, баскетбол, тенис боюнча кичи аянттарды куруу зарыл. Азыр Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн, Мухаммед пайгамбардын жеринен жана Батыш өлкөлөрүнөн келип жаткан миссионерлерге кайрыларым, ар бир төртүнчү көчөгө мечит, чиркөө, храмдарды куруп бергиче, спорт аянттарын куруп берсеңер кыргыз элинин келечеги үчүн чоң соопчулук иш кылат элеңер.

Сизди түйшөлткөн маселелер, кызыктырган суроолор болсо, кубанычтуу кабарларды же жеке көз карашыңызды билдирем десеңиз Бишкектеги кеңсебизге 31-61-65 же 31-61- 53 номурлуу телефонуна чалып, “Эл үнү” программасына деп пикириңизди жаздырып коюңуз.
XS
SM
MD
LG