Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:32

К.Сарымсаков: “Барыктабасов Кыргызстанга биротоло келмек”


2005-жылы 17-июндагы контрреволюциядан кийин Кыргызстандан качып кетүүгө аргасыз болгон Урмат Барыктабасовдун учагы 24-майда “Манас” аба майданына конмок. Бирок аэропорттун жетекчилиги конууга уруксат берген эмес. Буга байланыштуу “Азаттыктын” айрым суроолоруна “Мекен туу” партиясынын төрагасы Кенжаалы Сарымсаков жооп берди.

- “Мекен туу” партиясынын лидери Урмат Барктабасов Дубайдан учак менен келүүгө “Манас” аба майданынан уруксат сурап, бирок техникалык документтерге байланыштуу майдан учакты кабыл албаганы тууралуу алдын ала маалыматтар чыкты. Ушул маселенин чоо жайына токтоло кетсеңиз?

Кенжаалы Сарымсаков: Тиги жактын жана бул жактын аэропорту мурда макулдашкан экен. Болуптур, коридор берели, келе бергиле деген сөз болгон экен, ал жерде документтери бар. Эртеси күнү эле башкача болуп чечим чыгарылып калды. Келейин десе, тиги жактан “келтирбейбиз, учтурбагыла” деп бул жактан айтышыптыр. Себебин сураса жогору жактан ушундай көрсөтмө берилгенин айтышкан.

Биз мурдагы күндөн бери убарабыз, кимдер андай көрсөтмө берди, эмне максат менен берди, макулдашылган нерсе эмне үчүн чечилбей калды деп изилдеп, сураштырып, кечээ күнү гана учугун таптык. “Бизге атайын кызматтын өкүлдөрүнүн жетекчиси, документи башка кишинин ысымына толтурулуптур, ошондуктан биз уруксат бербедик” деп айтышты.

Мен мындай тыянакка келип атам: эгерде андай болсо, аэропорттогулар бул эрежени чет мамлекеттин жеке менчик учагынын келип конушуна кандай жол жобо бар экенин жакшы билишет. Эмне үчүн дароо эле токтоткон жок? Макул болуп коюп, анан жогору жактан көрсөтмө болуп, анан токтотулганы бизге түшүнүксүз болуп атат.

- “Мекен туу” партиясынын лидери Урмат Барктабасовдун тарапкерлери 25-майда Башкы прокуратурага кайрылуу тапшырды. Ошол кайрылуунун маани-маңызына да токтоло кетсеңиз?

Кенжаалы Сарымсаков: Бул жерде жалгыз эле мен эмес, атайын штаб түзүлүп, атайын юристтер отурат. Ал иш алардын колунда, мен кийлигишкен жокмун. Мен өзүм журналист болгондуктан жалаң журналистика жагында отурам. Кечээ СНБга да, прокуратурага да тапшырдык деп айтышты.

- Кечээ бул маселе боюнча Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева менен жолугуша албай калдыңар эле. Бүгүн жолугушууга аракет кыласыздарбы?

Кенжаалы Сарымсаков: Саат ондо барганбыз, ондон дээрлик алтыга чейин ошол жерде күттүк. Кабылдамасына кирип жөн жайыбызды айтсак менин телефондумду жазып алды, азыр бир жакта келгенде кирип айтам да, анан сиздин телефонуңузга чалам, анан кире бересиздер деген сөздү айтты. Ошону менен күтө бердик, эч телефон чалуу болгон жок. Кирген-чыккан кишилерден сурасак ошол жерде экен, келген экен. Акырында чарчап баратканда бир ошол чөйрөдөгү чоң кызматкер киши кирип бараткан экен, мени тааныйт эле, эмне турасыңар деди, мен чоо-жайымды айттым. Мен кирип билейинчи деп кирип кетти, бир топтон кийин телефон чалды, ал киши ден соолугу начарлап, чарчап, кыйналып калыптыр, азыр кетип атат, кабыл албайт деген маанидеги сөздү айтты. Анан балдарга “эртең кабыл алууга мүмкүнчүлүгү болор” деп айтып, тарап кеттик.

- У.Барктабасов Кыргызстанга бир жолу келет бекен?

Кенжаалы Сарымсаков: Ооба, келсе биротоло келет. Өзүнүн көп жылдан берки ой-максаттарын ишке ашыруу үчүн, элине кызмат кылуу үчүн келет.

- Анын үстүнөн 5 жыл мурда кылмыш иши козголбоду беле. Ал маселе кандай болуп атат?

Кенжаалы Сарымсаков: Аны өзүңөр деле сыналгыдан угуп аткан чыгарсыңар, Отунбаева деле ал чечилген маселе, келе берсин деген мааниде сөздөрдү айтып атат. Бирок бул жагынан келейин десе жанагыдай тоскоолдуктар болуп атпайбы.

- “Мекен туу” партиясы алдыдагы парламенттик шайлоого катышабы?

Кенжаалы Сарымсаков: Аны өзү келгенден кийин маселе ошондо каралат, чечилет.

- У.Барктабасов Кыргызстанга өз учагы менен келмек бекен?

Кенжаалы Сарымсаков: Ооба, иштеген жериндеги учагы менен келмек экен. Анткени жүгү, үй-бүлөсү бар. Анан биротоло келмек.

- Кыргызстанга анын киргизилбей жатышында кандайдыр бир саясий боек жокпу?

Кенжаалы Сарымсаков: Мен аны азыр так айтып дүрбөлөңгө салгым келбейт. Эми 70тен ашкан куракта андай майда сөзгө барган мен үчүн ылайык келбейт. Бүгүн да барабыз, дагы такташабыз, ошондо айтып берсем болот.

Эгерде саясий максат болсо аны келтирбей коюу менен маселени чечип алышпайт да. Ого бетер курчутат абалды. Нааразылык эл арасында күчөй баштайт, эмне үчүн элиме кызмат кылып берем деген кишини келтирбей жатасыңар деген пикир коомго абдан терең таралып кетет.

- Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG