Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:41

«Милиция омурткамды сындырды...»


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

39 жаштагы Элдияр Асангариев 26-февралда тартип сакчылары аны токмоктоп, омурткасы сынып, Улуттук госпиталда дарыланып жатканын айтып чыкты. Бул окуя боюнча 4-мартта отуздай укук коргоочу менен активист бийликке кайрылды.

Ушул тапта ооруканада дарыланып жаткан 39 жаштагы Элдияр Асангариев аны мындай абалга тартип сакчылары жеткиргенин айтууда. Асангариевдин сөзү боюнча, быйыл 26-февралда апасынын соода күркөсүн демонтаж кылуу учурунда милиция кызматкерлери менен өз ара пикир келишпестик чыгып, ал ур-токмокко кабылган.

- Асанбайга кире бериш жерде жайгашкан үч күркөнүн бирин апам иштетчү, - деди ал. - Соттун чечими менен үч күркө тең демонтаж болушу керек эле. Ал күнү апама «кары киши кыйналбасын» деп, жардам бергени айдоочум менен барганбыз. Барганда эки күркө демонтаж болбой, биздикин эле «алгыла» деп калышыптыр. Сот аткаруучу кызматкерлер, милиция кызматкерлери менен сүйлөшсөм макул болушкан жок. Алар өзүбүз «айткан жериңерге алып барабыз» дешкен, бирок машинеге отурган милиция кызматкери башка жакка айдагандай болду. Айдоочум дароо барып токтотконго аракет кылса, аны кызматкерлер алып калышты. Ошол эле маалда мени да бирөө артымдан келип колумду кайрып, милиция бөлүмүнө алып жөнөштү. Машинеде үч кызматкер болчу, барганда он чакты кызматкер ур-токмокко алды. Мени жерге жаткырып, белиме тебе башташты.

Элдияр Асангариевди укук коргоо кызматкерлери милициянын Октябрь райондук №3 бөлүмүнө алып келген. Бул учурду анын апасы телефонго тартып алган. Интернетке жарыяланган тасмада Элдияр Асангариевди «Тез жардам» кызматынын дарыгерлери милиция бөлүмүнөн замбил менен алып чыгып баратканы көрүнөт.

- Мени уруп жатышканда апам сыртта ыйлап, «киргизгиле» деп кыйкырып жатканын уктум, - деди ал. - Ордумдан турсам такыр баса албай, отура албай калыптырмын. Апам сарсанаа болбосун деп, ага эмес, атама чалып «Тез жардам» чакыруусун өтүндүм. Мен эмнеге мага мындай мамиле болгонун дагы эле түшүнбөй жатам.

Бул окуя коомчулуктун көңүлүн буруп, 4-мартта 30га жакын белгилүү жарандык активисттер, укук коргоочулар токмоктолгону кеп болгон Асангариевдин жагдайын терең иликтеп, тийиштүү чара көрүүнү талап кылып бийлик бутактарына кайрылышты.

Жабырлануучунун адвокаты Бактыбек Асамудинов Асангариевдин кармалып, милиция бөлүмүнүн жеткирилишинде бүдөмүк жагдайлар көп экенин белгилеп, бул боюнча прокуратурага арыз жибергенин билдирди:

- Ошол жердеги башка кызматкерлер деле жагдайды көрүп, үн катышпаптыр. Ушунчалык мыкаачылыкка чейин барышабы? Эмне себептен кармап, ал жакка алып барышты өзү? Ушул тапта экспертиза дайындалды, жабырлануучу көрсөтмө берди. Кыйноо фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын өкүлү Нурлан Кайназаров окуя боюнча азыр иликтөө иштери жүрүп жатканын айтуу менен чектелди:

- Милиция кызматкерлеринин иш-аракетин Бишкек шаардык ички иликтөө кызматы териштирип жатат. Анын иликтөөсүнөн кийин гана бул боюнча так маалымат бере алабыз.

Акыйкатчы Токон Мамытов жарандык коомдун кайрылуусу боюнча иликтөө башталганын айтты. Ошол эле учурда ал кыйноого каршы күрөштө Акыйкатчы институту жалгыз жана алсыз экенин белгиледи:

Токон Мамытов.
Токон Мамытов.

- Бул жигиттин катын биз карап, азыр иштерди баштадык. Бирок кыйноо маселесине келгенде жалаң эле Акыйкатчы институту эмес, күч органдарынын башчылары да өз кызматкерлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ошол эле суракка алуу кандай эрежелерде өтүш керек экенин айтышы керек. Ар бир жетекчи кызматкерлерине муну айтууга тийиш.

Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борборунун жетекчиси Нурдин Сулайманов Кыргызстанда кыйноо фактылары боюнча арыздар көп түшөрүн, бирок алардын аз гана бөлүгү тергөөгө жетерин айтат. Ал бул маселеге мамлекетте ар дайым кайдыгер мамиле жасаларын кошумчалады:

- Жылдан жылга арыздар көбөйүп атат. Мисалы, быйылкы эки айда жалпы арыздардын саны 238 болсо, анын 123ү кыйноо фактысы боюнча түшкөн. Бирок прокуратурага жазылган арыздардын 10% гана тергөөгө өтөт. Алардын сотко жеткени мындан да аз. Ушундан улам жарандык коомдун бийликке кат аркылуу кайрылып жатканы - аргасыздыктын иши.

Кыйноого каршы коалиция соңку эки жылда Кыргызстанда 1140 адам кыйноого кабылганын билдирген. Даттангандардын ичинен 1076сы же 94,4% милиция кызматкерлеринен зомбулук көргөнүн белгилешкен.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG