Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:23

Сот өкүмүн жылдап күткөндөр


Аксыда киши өлтүрүү фактысы боюнча 2013-жылы убактылуу кармоочу жайга камалган эки адамдын кылмыш иши үчүнчү жолу кайра кароого жиберилди.

Кармалгандардын жакындары сот иштери негизсиз созулуп, балдардын ден соолугу начарлап баратканын айтып чыгышты. Ал эми жабырлануучулар кылмышка шектүүнүн башка шериктери кармалмайынча сот өкүмү чыкпайт деген тыянакка келишкен.

Убактылуу камактагы балдардын жакыны Базаркул Кулназаров алардын ден соолугуна кабатыр.

- Таш-Көмүр шаардык жана Аксы райондук соттору бул кылмыш ишти бир-бирине жөнөтүшүп эле ортодо убакытты созуп жатышат. Төрт жылга жакындап калды, эки бала убактылуу кармоочу жайда жөн эле отурушат. Акыйкаттуулук болбой жатат.

Кулназаров үч жылдан ашык созулган кылмыш ишке качан чекит коюлат деп күтүп жүргөнүн кошумчалады.

Ал эми Эрнест Кадыров сот иштеринин негизсиз созулуп жатканын айтып сындады.

- Сот иштери негизинен отурумга жабырлануучулардын келбей жаткандан улам артка калтырылууда. Мамлекеттик тергөө башкармалыгы сотко жабырлануучуларды толук катыштырып бере албай жатат. 2016-жылдын 11-декабрында Таш-Көмүр соту бул ишти 3-ирет кайрадан тергөөгө жөнөттү. Бул иш мурда тергелгенине карабай кайрадан эле башынан кайталанып убакыт создуктурулуп жатат. Балдарыбыз сыз жерде отуруп ден соолуктарынан айрылды. Биз аларды үй камагына чыгарып тергөө жүргүзө бергиле десек дагы ага макул болушкан жок. Биз балдарыбыздын ден соолугун ойлоп эмне кыларыбызда да билбей турабыз.

Адам өмүрүн алган окуя 2013-жылдын декабрь айында Аксынын Ак-Жол айылында катталган. Ошол учурда 27 жашка толгон Бектур Карачаевдин киши колдуу болуп каза болгону аныкталган. Милиция "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш ишин козгоп, кылмышка шектүүлөрдү кармаган. Бирок алардын көпчүлүгү тергөө учурунда бошотулганын айтат маркумдун апасы Алмагүл Ташкулова.

- Баламды өлтүргөн негизги күнөөкөрлөр азыр эркиндикте жүрөт. 27 жашында мыкаачылык менен өлтүрүлгөн баламдын өчүн алуу үчүн акыркы күнгө чейин күрөшөм. Бул иштин бетин ар тараптарга кат жазып отуруп өзүм ачтыргам. Башында катыштыгы бар делип 14 бала камакка алынган. Андан кийин 11 бала Башкы прокуратура тарабынан кое берилип, азыр эки гана бала камакта отурат. Ошондуктан эркиндикте жүргөндөрдүн баары жазасын алмайынча мен тынчыбайм.

Бул кылмыш ишти алгач Аксы райондук ички иштер бөлүмү тергеп, сотко жөнөткөн. Бирок башка күнөөлүүлөр кошулбай калганын айткан жабырлануучу тараптын өтүнүчү менен сот 2015-жылы ишти кайрадан тергөөгө берген.

ИИМдин тергөө тобу жүргүзгөн териштирүү мурункусунан айырмаланбай, кайра сотко келгендиктен Таш-Көмүр шаардык соту 2016-жылдын декабрь айында экинчи жолу кайрадан тергөөгө жөнөткөнүн Жалал-Абад облустук соттун басма сөз катчысы Маркель Болотов айтат:

- Сот алгачкы жолу тергөөгө жөнөткөндө орган кызматкерлери тарабынан талаптар аткарылбай калыптыр. Ошол себептүү экинчи жолу кайрадан тергөөгө берүүгө аргасыз болду. Ал эми процесстин создуктурулуп жатышы сот органдарына тиешелүү эмес. Анткени сотко тараптарды катыштыруу тергөө тобуна тиешелүү болгондуктан алар толуккандуу катыштыра албай жатышат. Сот тарабынан аларга көрсөтмө берилгендигине карабай жабырлануучу тарап толук катышпайт. Ошондуктан бул иште сотторду күнөөлөгөнгө болбойт. Азыркы учурда үч баланын үстүнөн гана кылмыш иши келген, алардын экөө убактылуу камакта жана бири үй камагында.

Мыйзамдарга ылайык, тергөө мезгилине чек коюлганы менен сот процессине мөөнөт белгиленген эмес. Ошол себептүү өкүмүн күтүп, жылдап убактылуу кармоочу жайда жаткан кылмышка шектүүлөр арбын.

Абактагы камеранын ичи.
Абактагы камеранын ичи.

Акыйкатчынын облустагы өкүлү Алима Аманова сот иштеринин узакка созулушу боюнча буларга токтолду:

- Сот иштеринин узакка созулушу өлкөдөгү негизги көйгөйгө айланды. Айрыкча далилденбеген кылмыш иштер ушундай узакка созулат. Анан кылмыш ишти эскиртиш үчүн прокуратура да бул иштерге аралашып турат. Уламдан улам сот иштерин жылдырат жана буздурат. Былтыр Акыйкатчы институту бул багытта Жогорку Кеңешке сунуш берген, бирок алардан колдо таба алган эмес. Эми бул маселени дагы көтөрүп чыгыш керек болуп жатат. Биз дагы жыл сайын ар бир убактылуу кармоочу жайда жылдап кармалгандар боюнча маалымат сурап кайрылабыз. Бирок силер айткан бул балдар тууралуу ички иштер органдары бизге айтышкан эмес экен. Көпчүлүк учурда булар да жаап жашырып турушат.

Убактылуу кармоочу жайда кармалган эки баланын жакындары үчүнчү ирет тергелип жаткан иш бүткөнгө чейин шектүүлөрдү үй камагына чыгарып турууну өтүнүүдө. Бирок сот азырынча алардын өтүнүчүн канааттандыра элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG